Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation * - Translations’ Index

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Translation of the meanings Surah: Al-Mujādalah   Ayah:

Мужадила

قَدۡ سَمِعَ ٱللَّهُ قَوۡلَ ٱلَّتِي تُجَٰدِلُكَ فِي زَوۡجِهَا وَتَشۡتَكِيٓ إِلَى ٱللَّهِ وَٱللَّهُ يَسۡمَعُ تَحَاوُرَكُمَآۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٌ
(Оо, Мухаммад!) Өзүнүн күйөөсү жөнүндө сени менен сөз талашып, Аллахка арызданган аялдын сөзүн Аллах укту. Аллах экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү угат. Аллах – Угуучу, Көрүүчү![1]
[1] Исламга чейинки доордогу арабдар арасында «зихар» деген салт бар болчу. «Зихар» деген сөздүн түз мааниси «жон», «бел» дегенди түшүндүрөт. Маселен, бир эркек аялы менен жатканда ага «сенин жонуң (же белиң же мойнуң, же денең, же саның ж.б.у.с.) менин апамдын жонуна окшойт экен» десе, же аялы менен араздаша кеткенде ага «сен мага апамдын белиндей болуп кал!» десе – бүттү. Ошол бир гана сөз менен талак түшүп аялы апасы сыяктуу болуп калган жана мындай абалда аялы менен ажырашууга туура келген. Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламга картайып калган сахаба аялдардын бири Хавла бинти Саълаба келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Күйөөмө мен гүлгүн курагымда керек болуп, эми керегим тийбей калыптыр! Ал мени зихар кылды. Бирок, мен ажырашууну каалабаймын. Ортодо перзенттерибиз бар!» деп арызданат. Бирок, пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салам Аллах тааладан жаңы өкүм келбегени себептүү, салт боюнча «сен анда эриңе талак болуптурсуң» дейт. Каңырыгы түтөгөн аял зихар салтына баш ийгиси келбей, пайгамбарыбыз менен сөз талашып, акырында «Оо, Аллахым! Мен Өзүңө арызданамын!» - деп жалбарат жана кетпей, отуруп алат. Ошол маалда пайгамбарыбыз унчукпай калат. Ошол маалда ага Аллах тааладан зихар өкүмүн жокко чыгарган аяттар түшкөн.
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱلَّذِينَ يُظَٰهِرُونَ مِنكُم مِّن نِّسَآئِهِم مَّا هُنَّ أُمَّهَٰتِهِمۡۖ إِنۡ أُمَّهَٰتُهُمۡ إِلَّا ٱلَّٰٓـِٔي وَلَدۡنَهُمۡۚ وَإِنَّهُمۡ لَيَقُولُونَ مُنكَرٗا مِّنَ ٱلۡقَوۡلِ وَزُورٗاۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٞ
(Оо, ыймандуулар!) силердин араңардан ким аялын «зихар» кылса, аялдары апалары болуп калбайт. Алардын апалары – аларды тууган аялдар. Алар («сен мага апамын белиндей болуп кал» деп) жарабаган жана жалган сөздү айтышат! Аллах Күнөөлөрдөн өтүүчү жана Кечиримдүү.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱلَّذِينَ يُظَٰهِرُونَ مِن نِّسَآئِهِمۡ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا قَالُواْ فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مِّن قَبۡلِ أَن يَتَمَآسَّاۚ ذَٰلِكُمۡ تُوعَظُونَ بِهِۦۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Аялдарын зихар кылып алып, кийин ал сөзүнөн кайткандар (күнөөсүн жууш үчүн) аялына кошулбай туруп бир кулду азат кылат. Ушул – силерге насаат. Аллах бардык ишиңерден Кабардар.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ شَهۡرَيۡنِ مُتَتَابِعَيۡنِ مِن قَبۡلِ أَن يَتَمَآسَّاۖ فَمَن لَّمۡ يَسۡتَطِعۡ فَإِطۡعَامُ سِتِّينَ مِسۡكِينٗاۚ ذَٰلِكَ لِتُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۚ وَتِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِۗ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Ким (кул азат кылууга жеткидей акча) таппай калса, аялына жакындык кылбай туруп эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Ал эми, ким (орозо кармоого) алы жетпесе, алтымыш кембагалды тойдурат. Бул Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн. Дагы булар – Аллахтын чектегени. Каапырларга (чек бузгандарга) жан ооруткан азап бар.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحَآدُّونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ كُبِتُواْ كَمَا كُبِتَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ وَقَدۡ أَنزَلۡنَآ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖۚ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Аллахка жана Анын пайгамбарына душманчылык кылгандар өздөрүнөн мурдагы (каапыр) адамдар кор болгону сыяктуу кор болушат. Биз (Аллахтын чектөөсү чындык экенине) анык далилдерди түшүрдүк. Каапырларга (Кыяматта) кордук азабы бар!
Arabic explanations of the Qur’an:
يَوۡمَ يَبۡعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعٗا فَيُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓاْۚ أَحۡصَىٰهُ ٱللَّهُ وَنَسُوهُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ
Ал күнү алардын бардыгын Аллах кайра тирилтип, (дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын билгизет. Ал иштерди Аллах(тын периштелери) эсептеп койгон, (бирок,) өздөрү унутушкан. Аллах - бардык нерсеге Күбө![1]
[1] Аллах тааланын күбөлүгү - Анын ар бир нерсени билип, көрүп, угуп, байкап жана көзөмөлдөп туруусу. Ал караңгы түн ичиндеги кара таштын үстүндөгү кара кумурсканы да көрөт жана кыймылындагы шыбырын угат.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ مَا يَكُونُ مِن نَّجۡوَىٰ ثَلَٰثَةٍ إِلَّا هُوَ رَابِعُهُمۡ وَلَا خَمۡسَةٍ إِلَّا هُوَ سَادِسُهُمۡ وَلَآ أَدۡنَىٰ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡثَرَ إِلَّا هُوَ مَعَهُمۡ أَيۡنَ مَا كَانُواْۖ ثُمَّ يُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُواْ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٌ
(Оо, Мухаммад!) билбейсиңби, Аллах асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди(н кабарын) билет. Эгер үч адам (жашыруун) шыбырашып сүйлөшсө, алардын төртүнчүсү – Ал. Эгерде бешөө болсо, алтынчысы – Ал. Жана мындан азыраак же көбүрөөк болсо да жана кандай жашыруун жерде болсо да Ал алар менен бирге![1] Андан кийин, Кыяматта аларга жасаган иштеринин кабарын билгизет. Чынында, Аллах ар нерсени Билүүчү!
[1] Аллахтын бирге болуусу - Заты менен эмес, бардык нерселерди камтыган илими менен.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نُهُواْ عَنِ ٱلنَّجۡوَىٰ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا نُهُواْ عَنۡهُ وَيَتَنَٰجَوۡنَ بِٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِ وَمَعۡصِيَتِ ٱلرَّسُولِۖ وَإِذَا جَآءُوكَ حَيَّوۡكَ بِمَا لَمۡ يُحَيِّكَ بِهِ ٱللَّهُ وَيَقُولُونَ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ لَوۡلَا يُعَذِّبُنَا ٱللَّهُ بِمَا نَقُولُۚ حَسۡبُهُمۡ جَهَنَّمُ يَصۡلَوۡنَهَاۖ فَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Жашыруун ушак айткандан[1] кайтарылган адамдарды көрбөйсүңбү, кийин (дагы эле) тыюу салынган ишке кайтып жатышат жана күнөө, душманчылык, пайгамбарга каршы чыгуу жөнүндө шыбырашып жатышат. Эгер жаныңа келишсе, сага Аллах салам бергенден башкача салам беришет[2] жана өз ара сүйлөшүшкөндө: «(эгер Мухаммаддын пайгамбар экени чын болуп калса) бул сөзүбүз үчүн Аллах азапка салбагай эле!» дешет. Аларга өздөрү таштала турган тозок жетиштүү! Кандай жаман акыбет!
[1] Ушул аяттан баштап Аллах таала Мединадагы мунафык-эки жүздүү адамдар менен яхудилердин баянына өтөт. Алар качан көчөдөн бир мусулманды көрсө, дароо үчөө-төртөө болуп, бөлүнүшүп, оолак жерлерде мусулмандарды ушактап, душмандык эрежелерин түзүшчү. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам аларды бул жоругунан кайтарса деле болбой, өз билгенин жасаша берген.
[2] Аллах таала пайгамбарыбызга «Ассаламу алайка» (сага Аллахтан тынчтык-саламаттык болсун!) деп салам берген жана ушуну үйрөткөн. Ал эми, яхудилер болсо, пайгамбарыбызга жолукса угулаар-угулбас шыбырап «Ас-сааму алайка» (сага өлүм болсун) - дешкен.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا تَنَٰجَيۡتُمۡ فَلَا تَتَنَٰجَوۡاْ بِٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِ وَمَعۡصِيَتِ ٱلرَّسُولِ وَتَنَٰجَوۡاْ بِٱلۡبِرِّ وَٱلتَّقۡوَىٰۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِيٓ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ
Оо, ыймандуу адамдар! Эгер силер шыбырашып сүйлөшчү болсоңор, анда күнөө, душманчылык жана пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршы чыгуу жөнүндө шыбырашпагыла! Жакшы иштерди жана такыбалыкты шыбырашкыла. Аллахтан корккула, Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар!
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّمَا ٱلنَّجۡوَىٰ مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ لِيَحۡزُنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَلَيۡسَ بِضَآرِّهِمۡ شَيۡـًٔا إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Албетте, (каразгөй) шыбыр сөздөр ыймандуу адамдарды капага салуу үчүн шайтан тарабынан болот. Бирок, Аллахтын уруксаты болмоюнча (мындай шыбыр сөздөр) аларга зыян жеткирбейт. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!
Arabic explanations of the Qur’an:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَكُمۡ تَفَسَّحُواْ فِي ٱلۡمَجَٰلِسِ فَٱفۡسَحُواْ يَفۡسَحِ ٱللَّهُ لَكُمۡۖ وَإِذَا قِيلَ ٱنشُزُواْ فَٱنشُزُواْ يَرۡفَعِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ دَرَجَٰتٖۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Оо, ыймадуулар! Эгер бир межилис-отурушта силерге «(өз ара кыналып отуруу менен) орун бергиле» деп айтылчу болсо, дароо орун бергиле. (Ошондо) Аллах силерге да (бейишинен) орун берет. Жана эгер (такыбалуу, илимдүү адамдар келгенде) «жайды бошоткула» деп айтылса, дароо бошоткула. (Себеби,) Аллах силердин араңардагы (таза-калыс) ыймандуулар менен илимдүүлөрдүн даражасын көтөрүп койгон. Аллах бардык ишиңерден Кабардар.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نَٰجَيۡتُمُ ٱلرَّسُولَ فَقَدِّمُواْ بَيۡنَ يَدَيۡ نَجۡوَىٰكُمۡ صَدَقَةٗۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ لَّكُمۡ وَأَطۡهَرُۚ فَإِن لَّمۡ تَجِدُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ
Оо, ыймандуулар! Эгер пайгамбар менен жекече сүйлөшүүнү кааласаңар, сүйлөшүүңөрдөн мурда (кедейлерге) садака бергиле.[1] Бул силер үчүн жакшы жана тазараак (жорук) Эгерде (садакага) эч нерсе таппасаңар, Аллах Кечиримдүү, Боорукер.
[1] Пайгамбарыбыз менен жекече сүйлөшүүнү каалагандар көбөйүп, адамдар кезек күтүп, мунун натыйжасында пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам эс алууга да убакыт таппай калганда Аллах таала ушул өкүмдү парыз кылды.
Arabic explanations of the Qur’an:
ءَأَشۡفَقۡتُمۡ أَن تُقَدِّمُواْ بَيۡنَ يَدَيۡ نَجۡوَىٰكُمۡ صَدَقَٰتٖۚ فَإِذۡ لَمۡ تَفۡعَلُواْ وَتَابَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمۡ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۚ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Эмне, силер жекече сырдашуунун алдынан садака берсеңер (кембагал болуп калуудан) коркосуңарбы? Бербесеңер бербегиле, Аллах тообоңорду кабыл алды. Бирок, намазыңарды (кем кылбай) окуп, зекетти (өз убагында, толук) бергиле![1] Аллахка, Анын пайгамбарына моюн сунгула! Аллах - ишиңерден Кабардар!
[1] Намаз менен зекет башка ибадаттарга эне сыяктуу. Ушул экөөсүн толук аткаргандар башкаларын да аткара алат. Экөөнү аткарбагандар башка ибадаттарды да жарытпайт. Ал эми, эч кандай себепсиз намаз окубай жүргөн адамдардын башка ибадаттары кабыл болбойт.
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ تَوَلَّوۡاْ قَوۡمًا غَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِم مَّا هُم مِّنكُمۡ وَلَا مِنۡهُمۡ وَيَحۡلِفُونَ عَلَى ٱلۡكَذِبِ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ
(Оо, Мухаммад!) аларга (мунафыктарга) карабайсыңбы, Аллах каарына алган коом (яхудилер) менен дос болуп жүрүшөт. Алар силерден эмес, алардан да эмес.[1] Жалгандан («мен – мусулманмын!» деп) ант ичишет. Бирок, (мусулман эмес экенин) билип эле турушат.
[1] Мусулман дейин десең, ичи каапыр. Яхуди дейин десең, мусулмандар менен жанаша намаз окуп, орозо кармап жүрүшөт...
Arabic explanations of the Qur’an:
أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُمۡ عَذَابٗا شَدِيدًاۖ إِنَّهُمۡ سَآءَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Аллах (Акыретте) аларга катуу азапты даярдап койгон! Алардын иштери (жалгандан ант ичүү жана эки жүздүүлүк) кандай жаман!
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱتَّخَذُوٓاْ أَيۡمَٰنَهُمۡ جُنَّةٗ فَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Анттарын (өздөрүнө) калканыч кылышат. Анан (башкаларды) Аллахтын Жолунан тосушат. Аларга (Кыяматта) кордоочу азап бар!
Arabic explanations of the Qur’an:
لَّن تُغۡنِيَ عَنۡهُمۡ أَمۡوَٰلُهُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔاۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
(Жыйнаган) мал-дүйнөсү менен перзенттери аны Аллах тарабынан (азап болуп келген) эч нерседен тосо албайт! Алар – тозок ээлери! Алар анда түбөлүк калышат!
Arabic explanations of the Qur’an:
يَوۡمَ يَبۡعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعٗا فَيَحۡلِفُونَ لَهُۥ كَمَا يَحۡلِفُونَ لَكُمۡ وَيَحۡسَبُونَ أَنَّهُمۡ عَلَىٰ شَيۡءٍۚ أَلَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡكَٰذِبُونَ
Аллах алардын бардыгын кайра тирилткен күнү, силерге ант ичкен сыяктуу Ага да ант иче башташат жана бул аларга пайда берет деп ойлошот. Уккула! Алар – чектен чыккан жалганчылар!
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱسۡتَحۡوَذَ عَلَيۡهِمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ فَأَنسَىٰهُمۡ ذِكۡرَ ٱللَّهِۚ أُوْلَٰٓئِكَ حِزۡبُ ٱلشَّيۡطَٰنِۚ أَلَآ إِنَّ حِزۡبَ ٱلشَّيۡطَٰنِ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Аларды шайтан бийлеп алып, Аллахты эстөөнү унуттурган. Алар – шайтандын жамааты! Уккула, шайтандын жамааты (эки дүйнөдө тең) зыян тартуучулар!
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحَآدُّونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ٱلۡأَذَلِّينَ
Аллахка жана пайгамбарына душмандык жасагандар кор болгондордун сабында!
Arabic explanations of the Qur’an:
كَتَبَ ٱللَّهُ لَأَغۡلِبَنَّ أَنَا۠ وَرُسُلِيٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٞ
Аллах (Өзүнүн тагдыр китебинде) «Мен жана Менин пайгамбарларым – жеңүүчүлөрбүз» деп жазып койгон. Аллах баарынан Күчтүү, баарынан Кудуреттүү.
Arabic explanations of the Qur’an:
لَّا تَجِدُ قَوۡمٗا يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ يُوَآدُّونَ مَنۡ حَآدَّ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَوۡ كَانُوٓاْ ءَابَآءَهُمۡ أَوۡ أَبۡنَآءَهُمۡ أَوۡ إِخۡوَٰنَهُمۡ أَوۡ عَشِيرَتَهُمۡۚ أُوْلَٰٓئِكَ كَتَبَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلۡإِيمَٰنَ وَأَيَّدَهُم بِرُوحٖ مِّنۡهُۖ وَيُدۡخِلُهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ رَضِيَ ٱللَّهُ عَنۡهُمۡ وَرَضُواْ عَنۡهُۚ أُوْلَٰٓئِكَ حِزۡبُ ٱللَّهِۚ أَلَآ إِنَّ حِزۡبَ ٱللَّهِ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен Аллахка жана Акырет күнүнө бекем ыйман келтирген адамдарды (эч качан) Аллахтын жана Анын пайгамбарынын душмандарын дос тутканын көрбөйсүң, эгер ал(душманд)ар алардын аталары, перзенттери, ага-инилери жана тууган-туушкандары болсо да! Дал ушулар Аллах алардын жүрөгүнө ыйманды жазып койгон жана Өзүнүн Руху менен кубаттаган адамдар! Аларды (Кыяматта) түбүнөн дарыялар агып турган, анда түбөлүк калчу бейиштерге киргизет. Аллах алардан ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту! Мына ушулар – Аллахтын жамааты! Уккула: Аллахтын жамааты гана жеңишке жетет!
Arabic explanations of the Qur’an:
 
Translation of the meanings Surah: Al-Mujādalah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation - Translations’ Index

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

close