Check out the new design

Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qırğız dilinə tərcümə - Şəmsuddin Həkimov. * - Tərcumənin mündəricatı

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Mənaların tərcüməsi Surə: İbrahim   Ayə:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۚ إِن يَشَأۡ يُذۡهِبۡكُمۡ وَيَأۡتِ بِخَلۡقٖ جَدِيدٖ
(Оо, инсан!) Сен, чынында Аллах асмандар жана жерди акыйкат менен жаратканын билбедиңби?! Эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы калкты алып келет.
Ərəbcə təfsirlər:
وَمَا ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ بِعَزِيزٖ
Бул Аллахка оор эмес.
Ərəbcə təfsirlər:
وَبَرَزُواْ لِلَّهِ جَمِيعٗا فَقَالَ ٱلضُّعَفَٰٓؤُاْ لِلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا كُنَّا لَكُمۡ تَبَعٗا فَهَلۡ أَنتُم مُّغۡنُونَ عَنَّا مِنۡ عَذَابِ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٖۚ قَالُواْ لَوۡ هَدَىٰنَا ٱللَّهُ لَهَدَيۡنَٰكُمۡۖ سَوَآءٌ عَلَيۡنَآ أَجَزِعۡنَآ أَمۡ صَبَرۡنَا مَا لَنَا مِن مَّحِيصٖ
(Кыяматта Сур кернейи тартылганда) бардык адамдар (мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгып) Аллахтын алдында тизилип калышат. Ошондо, (бул дүйнөдө) алсыз (моюн сунуучу) болгондору, текебер (каапыр) башчыларына: «Чынында, биз силерге ээрчиген элек, бүгүн Аллахтын азабынан бизди бир аз болсо да куткара аласыңарбы?» - дешкенде, алар айтышат: «Эгер бизди Аллах туура жолго баштаганда, биз да силерди туура жолго баштайт элек. Эми, (болор иш болду) биз чыдамсыздык кылабызбы же сабырдуу болобузбу, (баары бир) бизге эч бир кутулуу жок!»
Ərəbcə təfsirlər:
وَقَالَ ٱلشَّيۡطَٰنُ لَمَّا قُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ إِنَّ ٱللَّهَ وَعَدَكُمۡ وَعۡدَ ٱلۡحَقِّ وَوَعَدتُّكُمۡ فَأَخۡلَفۡتُكُمۡۖ وَمَا كَانَ لِيَ عَلَيۡكُم مِّن سُلۡطَٰنٍ إِلَّآ أَن دَعَوۡتُكُمۡ فَٱسۡتَجَبۡتُمۡ لِيۖ فَلَا تَلُومُونِي وَلُومُوٓاْ أَنفُسَكُمۖ مَّآ أَنَا۠ بِمُصۡرِخِكُمۡ وَمَآ أَنتُم بِمُصۡرِخِيَّ إِنِّي كَفَرۡتُ بِمَآ أَشۡرَكۡتُمُونِ مِن قَبۡلُۗ إِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Иш чечилип, (тозокулар - тозокко, бейишилер - бейишке ажырап) калганда шайтан айтат: «Аллах силерге чын убада берген болчу.[1] Мен дагы силерге убада берип... аткарбай койдум.[2] Силерге (көргөзгүдөй) менин эч бир далилим жок эле. Болгону, мен чакырдым, силер чуркап келдиңер. Эми, мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. (Бүгүн башка түшкөн азаптан) мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Бирок, мурун (дүйнө жашоосунда) мени (Аллахка) шерик кылганыңарды мен да мойнума албаймын (мен кудай эмесмин, Кудайдын шериги да эмесмин). Чынында, (бул жерде мен жана силерге окшогон) залымдарга кыйноочу азап бар».
[1] Аллах “Менин жолума жүрбөгөндөрдү тозокко түшүрөм” деп убада берген.
[2] Шайтан күнөө иштерди кооз көргөзүп: “Жасай бергиле, эч нерсе болбойт”- деп убада берет.
Ərəbcə təfsirlər:
وَأُدۡخِلَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا بِإِذۡنِ رَبِّهِمۡۖ تَحِيَّتُهُمۡ فِيهَا سَلَٰمٌ
Ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизилет. (Алар) анда Раббисинин уруксаты менен түбөлүк калышат. Алардын бейиштеги учурашуулары «салам» (деген сөз) болот.
Ərəbcə təfsirlər:
أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا كَلِمَةٗ طَيِّبَةٗ كَشَجَرَةٖ طَيِّبَةٍ أَصۡلُهَا ثَابِتٞ وَفَرۡعُهَا فِي ٱلسَّمَآءِ
(О, инсан), Аллах таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры (жер койнунда) бекем, бутактары болсо, асманда.[1]
[1] Ыйман дарагынын тамыры “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мухаммад Анын элчиси” деген ыйман келмеси. Дарактын тамыры жерге бекем сайылып тургандай, адамдын жүрөгүнө бекем орношкон ыйманы жакшы ибадат, адеп-ахлак, ж.б.у.с мөмөлөрдү берет.
Ərəbcə təfsirlər:
 
Mənaların tərcüməsi Surə: İbrahim
Surələrin mündəricatı Səhifənin rəqəmi
 
Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qırğız dilinə tərcümə - Şəmsuddin Həkimov. - Tərcumənin mündəricatı

Tərcümə edən: Şəmsuddin Həkimov Abdulxaliq. Tərcümənin inkişafı "Ruvvad" tərcümə mərkəzi tərəfindən edilmişdir.

Bağlamaq