Check out the new design

Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qırğız dilinə tərcümə - Şəmsuddin Həkimov. * - Tərcumənin mündəricatı

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Mənaların tərcüməsi Surə: ən-Nisa   Ayə:
وَٱللَّهُ يُرِيدُ أَن يَتُوبَ عَلَيۡكُمۡ وَيُرِيدُ ٱلَّذِينَ يَتَّبِعُونَ ٱلشَّهَوَٰتِ أَن تَمِيلُواْ مَيۡلًا عَظِيمٗا
Аллах силердин (бакыт-таалайга жеткизе турган) тообоңорду кабыл алууну каалайт. Ал эми, кумар-ышкынын артынан түшкөн адамдар болсо, экинчи кайткыс болуп (ак жолдон) адашып кетишиңерди каалайт.
Ərəbcə təfsirlər:
يُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُخَفِّفَ عَنكُمۡۚ وَخُلِقَ ٱلۡإِنسَٰنُ ضَعِيفٗا
Аллах силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган.
Ərəbcə təfsirlər:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَأۡكُلُوٓاْ أَمۡوَٰلَكُم بَيۡنَكُم بِٱلۡبَٰطِلِ إِلَّآ أَن تَكُونَ تِجَٰرَةً عَن تَرَاضٖ مِّنكُمۡۚ وَلَا تَقۡتُلُوٓاْ أَنفُسَكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُمۡ رَحِيمٗا
О, ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү (баскынчылык, уурулук, кумар ойноо, сүткорлук, ж.б.у.с.) арам жолдор менен жебегиле. Өз ара ыраазычылыгыңар менен болгон (адал) соода менен жегиле. Бири-бириңерди (же ар ким өзүн-өзү) өлтүрбөгүлө. Албетте, Аллах силерге Мээримдүү.
Ərəbcə təfsirlər:
وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ عُدۡوَٰنٗا وَظُلۡمٗا فَسَوۡفَ نُصۡلِيهِ نَارٗاۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرًا
Ким ушуларды атайлап жана кыянаттык менен жасаса, аны Биз жакында тозокко таштайбыз. Бул нерсе Аллахка жеңил.
Ərəbcə təfsirlər:
إِن تَجۡتَنِبُواْ كَبَآئِرَ مَا تُنۡهَوۡنَ عَنۡهُ نُكَفِّرۡ عَنكُمۡ سَيِّـَٔاتِكُمۡ وَنُدۡخِلۡكُم مُّدۡخَلٗا كَرِيمٗا
Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар (жана парыз ибадаттарды үзбөй жасап жүрсөңөр) Биз силердин (бардык) күнөөңөрдү өчүрөбүз жана Улук Орунга-бейишке киргизебиз.[1]
[1] Чоң күнөөлөрдөн сактануу парыз ибадаттарды аткаруу менен гана болот. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам муну төмөндөгүчө түшүндүргөн: “Кимде ким чоң күнөөлөрдөн сактанып жүргөн болсо, анын беш убак намазы, окуган жума намаздары жана туткан орозолору ошол ибадаттардын аралыгында жасаган күнөөлөрүн өчүрүп турат”.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَا تَتَمَنَّوۡاْ مَا فَضَّلَ ٱللَّهُ بِهِۦ بَعۡضَكُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ لِّلرِّجَالِ نَصِيبٞ مِّمَّا ٱكۡتَسَبُواْۖ وَلِلنِّسَآءِ نَصِيبٞ مِّمَّا ٱكۡتَسَبۡنَۚ وَسۡـَٔلُواْ ٱللَّهَ مِن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا
Аллах бирөөңөрдү бирөөңөрдөн эмне менен абзел-жогору кылып койгон болсо, ошону силер (көралбастык менен) эңсебегиле! Эркектерге эмгек-кесиптеринен насип бар. (Ошондой эле,) аялдар үчүн да эмгек-кесиптеринен насип бар. (Бардык диний-дүйнөлүк ишиңерде) Аллахтын пазилетин сурагыла. Албетте, Аллах бардык нерселерди Билүүчү.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلِكُلّٖ جَعَلۡنَا مَوَٰلِيَ مِمَّا تَرَكَ ٱلۡوَٰلِدَانِ وَٱلۡأَقۡرَبُونَۚ وَٱلَّذِينَ عَقَدَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡ فَـَٔاتُوهُمۡ نَصِيبَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدًا
Ар бир адам үчүн ата-эне жана жакындары калтырган урук-туугандардан жана силер менен ант-келишим түзгөн адамдардан турган дос-жардамчыларды жаратып койдук. Эми аларга өз үлүштөрүн бергиле. Албетте, Аллах бардыгына Күбө.
Ərəbcə təfsirlər:
 
Mənaların tərcüməsi Surə: ən-Nisa
Surələrin mündəricatı Səhifənin rəqəmi
 
Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qırğız dilinə tərcümə - Şəmsuddin Həkimov. - Tərcumənin mündəricatı

Tərcümə edən: Şəmsuddin Həkimov Abdulxaliq. Tərcümənin inkişafı "Ruvvad" tərcümə mərkəzi tərəfindən edilmişdir.

Bağlamaq