Check out the new design

Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi. * - Tərcumənin mündəricatı


Mənaların tərcüməsi Surə: ər-Rəd   Ayə:
وَيَسۡتَعۡجِلُونَكَ بِٱلسَّيِّئَةِ قَبۡلَ ٱلۡحَسَنَةِ وَقَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِهِمُ ٱلۡمَثُلَٰتُۗ وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغۡفِرَةٖ لِّلنَّاسِ عَلَىٰ ظُلۡمِهِمۡۖ وَإِنَّ رَبَّكَ لَشَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Оо, пайгамбар! Мушриктер сенден азапты шаштырышат. Аллах аларга тагдыр кылган жакшылыктарды толук алышканга чейин азаптын келиши кечигип кетти дешет. Алардан мурун аларга окшогон жалганчы коомдор да жазаланышкан. Эмнеге алардан сабак алышпайт? Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң адамдар зулумдук кылышса дагы аларга кечиримдүү. Алар Аллахка тообо кылуулары үчүн аларды жазалоого шашылбайт. Ошондой эле Ал каапырлыктан кайтпагандар тообо кылышпаса аларды катуу жазалайт.
Ərəbcə təfsirlər:
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَةٞ مِّن رَّبِّهِۦٓۗ إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرٞۖ وَلِكُلِّ قَوۡمٍ هَادٍ
Аллахка каапырлык кылгандар баш тарткандарынан жана көк беттиктеринен кайтышпай: «Муса менен Исага түшкөндөй аят-белгилер Мухаммадга да түшпөйт беле?!» – дешет. Оо, пайгамбар! Сен адамдарды Аллахтын азабынан коркуткан гана эскертүүчүсүң. Аллах сага кайсы аят-белгилерди берсе, ошолор гана болот. Ар бир коомдо аларды акыйкат жолго салган, ага карай жол көрсөткөн пайгамбар болот.
Ərəbcə təfsirlər:
ٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا تَحۡمِلُ كُلُّ أُنثَىٰ وَمَا تَغِيضُ ٱلۡأَرۡحَامُ وَمَا تَزۡدَادُۚ وَكُلُّ شَيۡءٍ عِندَهُۥ بِمِقۡدَارٍ
Аллах ар бир аялдын курсагындагы көтөргөнүн билет. Ал тууралуу баарысын билет жана жатында болуп жаткан азайып көбөйгөнүн, саламаттыгын жана илдеттүүлүгүн билет. Аллахтын алдында бардык нерсе белгиленген өлчөмдө болот, ал андан азайбайт да кемибейт.
Ərəbcə təfsirlər:
عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ ٱلۡكَبِيرُ ٱلۡمُتَعَالِ
Анткени Аллах жаратылгандар сезбеген бардык кайып нерселерди жана алардын сезимдери сезген ар бир нерсени Билүүчү. Ал Өзүнүн сыпаттарында, ысымдарында жана иш-аракеттеринде Улук. Ал Өз Заты жана сыпаттары менен бүткүл жаратылгандардан Жогору.
Ərəbcə təfsirlər:
سَوَآءٞ مِّنكُم مَّنۡ أَسَرَّ ٱلۡقَوۡلَ وَمَن جَهَرَ بِهِۦ وَمَنۡ هُوَ مُسۡتَخۡفِۭ بِٱلَّيۡلِ وَسَارِبُۢ بِٱلنَّهَارِ
Оо, адамдар! Ал жашыруун сырларды билет. Анын илиминде силердин араңарда сөзүн жашырган адам менен ачык айткан адам бирдей, ошондой эле караңгы түндө адамдардын көзүнө көрүнбөй жашынган адам менен күндүзгү жарыкта көз көрүнө иш кылып жаткан адам Анын илиминде бирдей.
Ərəbcə təfsirlər:
لَهُۥ مُعَقِّبَٰتٞ مِّنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَمِنۡ خَلۡفِهِۦ يَحۡفَظُونَهُۥ مِنۡ أَمۡرِ ٱللَّهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوۡمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُواْ مَا بِأَنفُسِهِمۡۗ وَإِذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِقَوۡمٖ سُوٓءٗا فَلَا مَرَدَّ لَهُۥۚ وَمَا لَهُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَالٍ
Аллах тааланын адамга кезектешип келген периштелери бар. Алардын кээ бирлери кечинде келет, кээ бири күндүзү келет. Алар Аллах тагдыр кылып жазган бирок болтурбай коюу керек болгон тагдырды токтотуу үчүн адамдарды Аллахтын буйругу менен сакташат. Ошондой эле адамдын сөздөрүн жана кылган иштерин жазышат. Чындыгында Аллах бир эл өздөрүн шүгүр кылуучу абалга өзгөртпөсө, анда ал элди жакшы абалдан башка абалга өзгөтпөйт. Аллах таала бир коомду кыйратууну кааласа, анда эч ким Аллахтын каалоосун кайтара албайт. Эй, адамдар! Силер үчүн силердин ишиңерди башкарган Аллахтан башка башкаруучу жок. Ошондуктан силерге туш болгон балеелерди кайтарыш үчүн Ага таянгыла.
Ərəbcə təfsirlər:
هُوَ ٱلَّذِي يُرِيكُمُ ٱلۡبَرۡقَ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَيُنشِئُ ٱلسَّحَابَ ٱلثِّقَالَ
Оо, адамдар! Ал силерге чагылганды көргөзөт. Ал чагылгандын соккусу менен силерге коркунуч жана жамгырга болгон үмүт жаратат. Ошондой эле Ал нөшөөрлөгөн жамгыр суусу менен оор болгон булуттарды жаратат.
Ərəbcə təfsirlər:
وَيُسَبِّحُ ٱلرَّعۡدُ بِحَمۡدِهِۦ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ مِنۡ خِيفَتِهِۦ وَيُرۡسِلُ ٱلصَّوَٰعِقَ فَيُصِيبُ بِهَا مَن يَشَآءُ وَهُمۡ يُجَٰدِلُونَ فِي ٱللَّهِ وَهُوَ شَدِيدُ ٱلۡمِحَالِ
Күндүн күркүрөгү Раббисин мактоо менен биргеликте Аны аруулайт. Ошондой эле периштелер Раббисинен коркуп, улуктап жана урматтап аруулашат. Аллах макулуктарынын каалаганына күйгүзүүчү чагылган түшүрүп, аларды кыйратат. Ал эми каапырлар болсо, Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышат. Аллахтын күч-кубаты катаал, Ал каалаганын аткарат.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• عظيم مغفرة الله وحلمه عن خطايا بني آدم، فهم يستكبرون ويَتَحَدَّوْنَ رسله وأنبياءه، ومع هذا يرزقهم ويعافيهم ويحلم عنهم.
Адам баласынын катачылыктарына Аллахтын кечирими менен токтоолугунун Улуктугу. Алар болсо Анын элчилерине жана пайгамбарларына бой көтөрүшүп, аларга чакырык ташташат. Мына ушундай кылышса да Аллах аларга ырыскы берет, саламатта кылат жана аларга токтоолук кылат.

• سعة علم الله تعالى بما في ظلمة الرحم، فهو يعلم أمر النطفة الواقعة في الرحم، وصَيْرُورتها إلى تخليق ذكر أو أنثى، وصحته واعتلاله، ورزقه وأجله، وشقي أو سعيد، فعلمه بها عام شامل.
Караңгы жатындын ичиндегини да билген Аллах тааланын илими кеңдиги. Ал жатындын ичине түшкөн уруктун абалын, эркек же кыз болуп жаралганга чейинки абалдарын, дени сак же майып болорун, ырыскысын жана ажалын, бактылуу же бактысыз болорун билет. Ал тууралуу Аллахтын илими баарын камтып алат.

• عظيم عناية الله ببني آدم، وإثبات وجود الملائكة التي تحرسه وتصونه وغيرهم مثل الحَفَظَة.
Аллахтын адам баласына болгон камкордугунун Улуктугу. Жана адамды сактаган жана күзөткөн ж.б. периштелердин бар экенин тастыктоо. Мисалы, “сактоочу” периштелери.

• أن الله تعالى يغير حال العبد إلى الأفضل متى ما رأى منه اتباعًا لأسباب الهداية، فهداية التوفيق منوطة باتباع هداية البيان.
Чындыгында Аллах таала пенденин качан туура жолго түшүү себептерин ээрчишин көрмөйүнчө анын абалын жакшы абалга өзгөртпөйт. Туура жол ийгилиги болсо баяндалган туура жолго ээрчүүгө байланыштуу.

 
Mənaların tərcüməsi Surə: ər-Rəd
Surələrin mündəricatı Səhifənin rəqəmi
 
Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi. - Tərcumənin mündəricatı

Tərcümə "Quran araşdırmaları Təfsir Mərkəzi" tərəfindən yayımlanmışdır.

Bağlamaq