Check out the new design

Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi. * - Tərcumənin mündəricatı


Mənaların tərcüməsi Surə: Ali-İmran   Ayə:
هُنَالِكَ دَعَا زَكَرِيَّا رَبَّهُۥۖ قَالَ رَبِّ هَبۡ لِي مِن لَّدُنكَ ذُرِّيَّةٗ طَيِّبَةًۖ إِنَّكَ سَمِيعُ ٱلدُّعَآءِ
Мына ошондо Закария пайгамбар Имрандын кызы Мариямдын алдынан Аллахтын ырыскы берүүдөгү адаттан тыш жолдорунда Ал тараптан келген ырыскыны көргөндө, өзүнүн жашы улгайып, кемпири төрөй турган курактан өтүп калганына карабастан, Аллахтан бала үмүт кылып, мындай деди: «Оо, Раббим! Мага жакшы бала бер. Чындыгында Сен дуба кылгандардын дубасын угасың жана ага жооп бересиң».
Ərəbcə təfsirlər:
فَنَادَتۡهُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَهُوَ قَآئِمٞ يُصَلِّي فِي ٱلۡمِحۡرَابِ أَنَّ ٱللَّهَ يُبَشِّرُكَ بِيَحۡيَىٰ مُصَدِّقَۢا بِكَلِمَةٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَسَيِّدٗا وَحَصُورٗا وَنَبِيّٗا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Ал сыйынуучу жайда намазда турган кезде периштелер чакырык салды жана ага кайрылып мындай дешти: «Аллах сени Яхья деген уулду болот деп сүйүнчүлөп жатат. Анын өзгөчөлүктөрүнүн бири – ал Аллахтан болгон сөздү (Мариямдын уулу Исаны) тастыктайт, анткени ал Аллахтан болгон сөз менен өзгөчө жаратылышта жаратылган. Бул бала илимде жана ибадатта элине башчы болот, өз напсисин тыят, кумарлардан, анын ичинде аялдарга жакындоодон карманат, өзүн Раббисине ибадат кылууга арнайт жана ошондой эле салихтерден болгон пайгамбар болот».
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَقَدۡ بَلَغَنِيَ ٱلۡكِبَرُ وَٱمۡرَأَتِي عَاقِرٞۖ قَالَ كَذَٰلِكَ ٱللَّهُ يَفۡعَلُ مَا يَشَآءُ
Периштелер Закарияга Яхья тууралуу сүйүнчүлөгөндө ал айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүм картайып, кемпирим төрөбөс болсо, анан мен кантип балалуу болмок элем?». Аллах анын сөзүнө жооп кылып мындай деди: «Сен карылык жашка келип, аялың төрөттөн калган кезде Яхьянын төрөлүүсү ¬– Аллах адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратуусуна мисал. Анткени Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Өз даанышмандыгы жана илими менен каалаганын кылат».
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ رَبِّ ٱجۡعَل لِّيٓ ءَايَةٗۖ قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَٰثَةَ أَيَّامٍ إِلَّا رَمۡزٗاۗ وَٱذۡكُر رَّبَّكَ كَثِيرٗا وَسَبِّحۡ بِٱلۡعَشِيِّ وَٱلۡإِبۡكَٰرِ
Закария: «Оо, Раббим! Аялым менден боюнда болгон кезде белги бер» – деди. Аллах айтты: «Сен сураган белгиң – эч кандай кемчиликке кабылбастан адамдар менен үч күн, үч түн ишарат менен гана сүйлөшүп каласың. Андыктан эртең менен жана кечинде Аллахты көп зикир кыл жана аруула».
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِذۡ قَالَتِ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَٰمَرۡيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰكِ وَطَهَّرَكِ وَٱصۡطَفَىٰكِ عَلَىٰ نِسَآءِ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде периштелер Мариямга айтты: «Аллах сени мактоого татыктуу сыпаттарга ээ болгонуң үчүн тандады, сени кемчиликтерден тазалады жана заманыңдагы ааламдагы аялдардан тандап алды.
Ərəbcə təfsirlər:
يَٰمَرۡيَمُ ٱقۡنُتِي لِرَبِّكِ وَٱسۡجُدِي وَٱرۡكَعِي مَعَ ٱلرَّٰكِعِينَ
Оо, Мариям! Намазда узакка тур, Раббиңе сажда кыл жана Анын такыба пенделеринен рүкү кылгандар менен бирге Ага рүкү кыл».
Ərəbcə təfsirlər:
ذَٰلِكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلۡغَيۡبِ نُوحِيهِ إِلَيۡكَۚ وَمَا كُنتَ لَدَيۡهِمۡ إِذۡ يُلۡقُونَ أَقۡلَٰمَهُمۡ أَيُّهُمۡ يَكۡفُلُ مَرۡيَمَ وَمَا كُنتَ لَدَيۡهِمۡ إِذۡ يَخۡتَصِمُونَ
Оо, пайгамбар! Закария менен Мариям тууралуу айтылган бул кабар – Биз сага вахий кылуучу кайып кабарларынан. Сен ал аалымдар менен такыба адамдар Мариямды тарбиялоого ким татыктуу деп талашып-тартышып жатканда жанында эмес болчуң, алар акыры чүчү кулакка токтолуп, калемдерин ташташты, ошондо Закариянын калеми утуп чыкты.
Ərəbcə təfsirlər:
إِذۡ قَالَتِ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَٰمَرۡيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ يُبَشِّرُكِ بِكَلِمَةٖ مِّنۡهُ ٱسۡمُهُ ٱلۡمَسِيحُ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ وَجِيهٗا فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ وَمِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ
Оо, пайгамбар! Эстечи, периштелер айтышты: «Оо, Мариям! Аллах сага атасыз жаралуучу уулду сүйүнчүлөп жатат. Чындыгында ал Аллахтын «бол» деген сөзү менен гана ишке ашып, Аллахтын уруксаты менен ошол замат бала болот. Бул баланын аты Аль-Масих Иса ибн Мариям. Анын бул дүйнөдө да, акыретте да орду бийик жана ал Аллах таалага жакындардан болот».
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• عناية الله تعالى بأوليائه، فإنه سبحانه يجنبهم السوء، ويستجيب دعاءهم.
Аллах тааланын сүйүктүү пенделерине болгон камкордугу. Ал аларды жамандыктан алыстатат жана дубаларына жооп берет.

• فَضْل مريم عليها السلام حيث اختارها الله على نساء العالمين، وطهَّرها من النقائص، وجعلها مباركة.
Мариямдын артыкчылыгы, анткени Аллах аны ааламдагы аялдардан тандап алды, айып-кемчиликтерден тазалады жана берекелүү кылды.

• كلما عظمت نعمة الله على العبد عَظُم ما يجب عليه من شكره عليها بالقنوت والركوع والسجود وسائر العبادات.
Аллахтын пендеге берген жакшылыгы канчалык көбөйгөн сайын, ага шүгүр кылуу милдети да ошончолук чоң болот, мисалы, намазда дуба кылуу (кунут), рүкү-сажда кылуу ж.б. бардык ибадаттар.

• مشروعية القُرْعة عند الاختلاف فيما لا بَيِّنة عليه ولا قرينة تشير إليه.
Аныктыкты көрсөткөн далил болбогон талаш-тартышда чүчү кулак кармоо шариятта бар.

 
Mənaların tərcüməsi Surə: Ali-İmran
Surələrin mündəricatı Səhifənin rəqəmi
 
Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi. - Tərcumənin mündəricatı

Tərcümə "Quran araşdırmaları Təfsir Mərkəzi" tərəfindən yayımlanmışdır.

Bağlamaq