Check out the new design

Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi. * - Tərcumənin mündəricatı


Mənaların tərcüməsi Ayə: (148) Surə: ən-Nisa
۞ لَّا يُحِبُّ ٱللَّهُ ٱلۡجَهۡرَ بِٱلسُّوٓءِ مِنَ ٱلۡقَوۡلِ إِلَّا مَن ظُلِمَۚ وَكَانَ ٱللَّهُ سَمِيعًا عَلِيمًا
Аллах Таала жаман сөздөрдүн ашкере айтылуусун жактырбайт, ага ачуусу келет жана мындай сөздөрдү айткандардын акыбети жаман болорун убада кылган. Бирок кимдир бирөөдөн зыян көрүп, жапа чеккен адам ага карата жаман сөз айтса уруксат. Мисалы, залымдыгын айтып арызданса, же ага жаман дуба кылса, же анын айтканындай жооп кайтарса болот. А эгер зыян көргөн киши сабыр кылып унчукпай калса, бул андан да жакшы. Аллах Таала силердин ар бир сөзүңөрдү Угуучу, ниетиңерди Билүүчү, жаман сөз айтуудан жана аны максат кылуудан этиет болгула.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• يجوز للمظلوم أن يتحدث عن ظلمه وظالمه لمن يُرْجى منه أن يأخذ له حقه، وإن قال ما لا يسر الظالم.
Зыян тарткан адам ушунусу менен өз акысын кайтарып алууну үмүт кылса, анда заалым тууралуу, анын көрсөткөн зыяны тууралуу айтса уруксат

• حض المظلوم على العفو - حتى وإن قدر - كما يعفو الرب - سبحانه - مع قدرته على عقاب عباده.
Өч алууга же жаман сөздөрдү айтууга кудурети жетип турса да, андай кылбай кечирип жиберүү зыян көргөн киши үчүн жакшы, Аллах Таала да азаптоого кудурети жетип турса да кечирип жиберген сыяктуу

• لا يجوز التفريق بين الرسل بالإيمان ببعضهم دون بعض، بل يجب الإيمان بهم جميعًا.
ыйман келтирип, ишенүүдө элчилерди бири-биринен ажыратуу болбойт, алардын баарына бирдей ыйман келтирип, ишенүү милдет

 
Mənaların tərcüməsi Ayə: (148) Surə: ən-Nisa
Surələrin mündəricatı Səhifənin rəqəmi
 
Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi. - Tərcumənin mündəricatı

Tərcümə "Quran araşdırmaları Təfsir Mərkəzi" tərəfindən yayımlanmışdır.

Bağlamaq