Check out the new design

Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi. * - Tərcumənin mündəricatı


Mənaların tərcüməsi Surə: əl-Həşr   Ayə:
فَكَانَ عَٰقِبَتَهُمَآ أَنَّهُمَا فِي ٱلنَّارِ خَٰلِدَيۡنِ فِيهَاۚ وَذَٰلِكَ جَزَٰٓؤُاْ ٱلظَّٰلِمِينَ
Шайтандын жана ага баш ийген адамдын ишинин акыры кыямат күнү түбөлүк тозок болот. Ал экөөсүн күтүп турган мындай жаза – Аллахтын чектеринен чыгып өздөрүнө зулумдук кылгандардын жазасы.
Ərəbcə təfsirlər:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلۡتَنظُرۡ نَفۡسٞ مَّا قَدَّمَتۡ لِغَدٖۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула! Ар бир жан кыямат күнүнө кандай жакшылык иш даярдаганын карасын. Аллахтан корккула! Чындыгында Аллах силердин кылган ишиңерден Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге алардын жазасын же сыйлыгын берет.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ نَسُواْ ٱللَّهَ فَأَنسَىٰهُمۡ أَنفُسَهُمۡۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ
Анын буйруктарына баш ийбей, тыйгандарын таштабай Аллахты унуткан жана Аллах да аларга өздөрүн унуттурган адамдардай болбогула. Алар Аллахтын каарынан жана жазасынан куткара турган иштерди кылышпады. Аллахтын буйругун аткарбай, тыйгандарын таштабай Аллахты унуткан мына ошол адамдар – Аллахка баш ийбестик кылгандар.
Ərəbcə təfsirlər:
لَا يَسۡتَوِيٓ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۚ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِ هُمُ ٱلۡفَآئِزُونَ
Тозок ээлери менен бейиш ээлери бирдей эмес. Тескерисинче, алар дүйнөдө кылган иш-аракеттериндеги айырмачылыктар сыяктуу жаза-сыйлыктары да айырмаланат. Бейиш ээлери – алар көздөгөнүнө жетип, коркконунан кутулуу менен жеңишке жеткендер.
Ərəbcə təfsirlər:
لَوۡ أَنزَلۡنَا هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ عَلَىٰ جَبَلٖ لَّرَأَيۡتَهُۥ خَٰشِعٗا مُّتَصَدِّعٗا مِّنۡ خَشۡيَةِ ٱللَّهِۚ وَتِلۡكَ ٱلۡأَمۡثَٰلُ نَضۡرِبُهَا لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَتَفَكَّرُونَ
Оо, пайгамбар! Эгер Биз бул Куранды тоого түшүргөн болсок, анда сен ал тоонун бекемдигине карабастан, Аллахтан болгон катуу коркунучтан улам бой сунуп, бөлүнүп-жарылганын көрмөксүң. Анткени Куранда эскертүүчү насааттар жана катаал азаптар тууралуу убадалар бар. Биз бул мисалдарды адамдар акыл жүгүртүп, андагы аяттарда камтылган осуяттардан жана насааттардан сабак алсын үчүн келтиребиз.
Ərəbcə təfsirlər:
هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِي لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِۖ هُوَ ٱلرَّحۡمَٰنُ ٱلرَّحِيمُ
Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жашыруунду да, ачыкты да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Дүйнө менен акыреттин Ырайымдуусу жана алардын Мээримдүүсү. Анын ырайымы бүткүл ааламды өзүнө камтыйт. Ал – Падыша, бүткүл кемчиликтерден Аруу жана Ыйык, бардык айыптардан Таза, Өзүнүн элчилерин кереметтүү аяттар менен Тастыктоочу, пенделеринин иш-аракеттерин Көзөмөлдөөчү, эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өзүнүн күч-кудурети менен бардык нерсени багыткан Күчтүү, Текебер. Ал мушриктердин шерик кылган кудайларынан жана башка нерселеринен Аруу жана Ыйык.
Ərəbcə təfsirlər:
هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِي لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡمَلِكُ ٱلۡقُدُّوسُ ٱلسَّلَٰمُ ٱلۡمُؤۡمِنُ ٱلۡمُهَيۡمِنُ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡجَبَّارُ ٱلۡمُتَكَبِّرُۚ سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жашыруунду да, ачыкты да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Дүйнө менен акыреттин Ырайымдуусу жана алардын Мээримдүүсү. Анын ырайымы бүткүл ааламды өзүнө камтыйт. Ал – Падыша, бүткүл кемчиликтерден Аруу жана Ыйык, бардык айыптардан Таза, Өзүнүн элчилерин кереметтүү аяттар менен Тастыктоочу, пенделеринин иш-аракеттерин Көзөмөлдөөчү, эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өзүнүн күч-кудурети менен бардык нерсени багыткан Күчтүү, Текебер. Ал мушриктердин шерик кылган кудайларынан жана башка нерселеринен Аруу жана Ыйык.
Ərəbcə təfsirlər:
هُوَ ٱللَّهُ ٱلۡخَٰلِقُ ٱلۡبَارِئُ ٱلۡمُصَوِّرُۖ لَهُ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ يُسَبِّحُ لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Ал – Аллах, бүткүл нерселерди жараткан Жаратуучу, заттарды бар Кылуучу, макулуктарга Өзү каалагандай келбет Берүүчү. Ал улуу сыпаттарды камтыган эң көркөм ысымдарга ээ. Аны асмандар менен жердеги нерселер бүткүл айып-кемчиликтерден аруулашат. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• من علامات توفيق الله للمؤمن أنه يحاسب نفسه في الدنيا قبل حسابها يوم القيامة.
Аллахтын ыймандууга берген ийгилик белгилеринин бири – ал кыяматтагы суракка чейин бул дүйнөдө өзүн-өзү суракка алуусу.

• في تذكير العباد بشدة أثر القرآن على الجبل العظيم؛ تنبيه على أنهم أحق بهذا التأثر لما فيهم من الضعف.
Курандын улуу тоого болгон күчтүү таасирин пенделерге эскертүүдө, алар өздөрүндөгү болгон алсыздык себептүү андан да катуу таасир алууга татыктуу экенин эстерине салуу камтылган.

• أشارت الأسماء (الخالق، البارئ، المصور) إلى مراحل تكوين المخلوق من التقدير له، ثم إيجاده، ثم جعل له صورة خاصة به، وبذكر أحدها مفردًا فإنه يدل على البقية.
Аллахтын Жаратуучу, бар Кылуучу, келбет Берүүчү деген ысымдары макулуктун жаралуу этаптарына ишарат берет. Мисалы, анын тагдырын белгилөө, кийин аны бар кылуу, кийин ага өзүнө жараша келбет берүү. Бул ысымдар жекече айтылганда башкаларынын да маанилерин өзүнө камтыйт.

 
Mənaların tərcüməsi Surə: əl-Həşr
Surələrin mündəricatı Səhifənin rəqəmi
 
Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi. - Tərcumənin mündəricatı

Tərcümə "Quran araşdırmaları Təfsir Mərkəzi" tərəfindən yayımlanmışdır.

Bağlamaq