Аны көргөн күнүңөрдө ар бир эмизүүчү өз баласын унутуп калат, ар бир кош бойлуу жаныбар боюндагысын түшүрүп салат. Сен (ал күндө) адамдарды нес-мас абалында көрөсүң. Чынында, алар мас эмес. Бирок, Аллахтын азабы катуу![1]
[1] Кыямат кайым, болуп көрбөгөндөй коркунучтуу окуялар менен башталат: Асман оролуп, жылдыздар өз огунан чыгып, төгүлүп-чачылып кетет. Тоолор ошончолук жерге бекем кагылганына, ошончолук салмагына, бекемдигине карабай абада тытылган жүн сыяктуу учуп жүрөт.., ж.б.у.с алааматтар сөзсүз кулак укпаган шоокум менен болору дайын. Ал күндө бардык энелер эмизип турган баласын унутуп коёт. Коркуунун күчтүүлүгүнөн! Адамдар акылы башынан учуп, мас сыяктуу болуп калышат!
«Оо, адамдар! Эгер кайра тирилүүдөн шектенүүдө болсоңор, (өзүңөрдүн абалкы жаратылганыңарды ойлогула): Биз силерди(н атаңар Адамды эң оболу) топурактан жараттык. Андан соң тамчы «суудан», андан соң коюу кандан, андан соң бүткөн-бүтпөгөн бир тиштем эттен (жараттык). Силерге (акырындык менен толуктука жете турган жаратылууңарды) баян кылып берүү үчүн. Жана (андан соң) Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгиленген (төрөлүүчү) мөөнөткө чейин жатындарга жайгаштырабыз. Кийин силерди ымыркай-бөбөк абалда (жатындардан жарык дүйнөгө) чыгарабыз. Кийин эрезеге жеткениңерге чейин (тарбиялайбыз). Силерден кимдир бирөөлөр (балалык чагында же жаштыгында эле) өлүп калат. Дагы башка бирөөлөр билгенден соң билбей турган болуп калышы үчүн эң төмөн өмүргө (карылык жашына) жеткирилет. Сен жерди какшыган (эч нерсе өстүрбөгөн өлүк) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрөөр замат бир сезгенип алып, көөп чыгат жана ар түрдүү сулуу-көркөм өсүмдүктөрдү өстүрө баштайт».
Адамдардын арасындагы бирөөлөр, Аллах жөнүндө («Ал тирилте албайт» деп) талаша берет. Же илими жок, же туура жолго баштоочусу (акылы) жок, же болбосо (колунда) Нурдуу Китеби жок!
Моюн толгогон (текеберленген, кежирленген) абалда (талашышат, адамдарды) Аллахтын жолунан адаштырып жиберүү үчүн. Ал адамга дүйнөдө шерменделик бар. Кыяматта болсо, ага күйдүрүүчү азапты таттырабыз!
Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллахка бир беткейлик менен (же адат үчүн же мансап үчүн, же мусулмандардан коркуп) ибадат кылат. Эгер ага (ибадаты себептүү) бир жакшылык жетсе, аны менен көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир (оор) сыноо жетсе (динден) жүз буруп кетет. (Мындай адамдар) дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу!
Аллах Өзүнө (ыклас менен) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган ыймандууларды албетте, түбүнөн дарыялар аккан бейиш бактарына киргизет. Чынында, Аллах каалаган нерсесин жасайт.
Кимде-ким Аллах ага (пайгамбарына) дүйнө-акыретте жардам бере албайт деп ойлосо, бир себеп менен асманга көтөрүлсүн дагы кийин, (Аллахтын жардамын) кесип таштасын (эгер колунан келсе).[1] Анан карасын: өзүнүн бул айла-амалдары анын көралбастыгын кетире алар бекен.
[1] Эгер ал мушрик пайгамбардын жеңиштеринен ичи өрттөнүп баратса, бул өрттү өчүрүп, жанын жай алдыруунун бир гана амалы бар. Ал да болсо, асманга аркан сыяктуу нерсе менен асылып чыгып пайгамбарга келе жаткан жардамдарды кесип салсын. Эгер колунан келбесе өз майына куурулуп жүрө берсин!
Чынында, Аллах Кыямат Күнү ыйман келтиргендер менен яхудилердин, сабиилердин,[1] христиандардын, отпарастардын жана мушриктердин арасында (кимиси акыйкатты кармаганын) ажырым кылат. Аллах ар бир нерсеге Күбө.
[1] «Сабиилер» - алар пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын доорунда эч бир жасалма динге ээрчибей, буттарга сыйынбай таза табияттары менен жашаган адамдар.
(Оо, Мухаммад!) Карачы, Аллахка жер-асмандагылардын бары: Күн, Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана көп адамдар сажда кылышууда. Дагы көпчүлүктөрүнө болсо азап аларга татыктуу (адилет жаза) болду. Аллах кимди кор кылып койсо, аны эч ким урматтуу кыла албайт. Аллах каалаган нерсесин жасайт.
Мына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен ыймандуулар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты.[1] Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат![2] (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык:)
[1] Ыймандуу адамдар Аллахтын Өзүнө ортомчусу жок ибадат кылса гана кабыл алат десе, мушриктер: «Жок, ортомчуларды койсо, алар бизди Аллахка жакындаштырат» дешти. Ал эми, яхудилер менен христиандар «Аллахтын баласы бар» дешти. Сабиилер менен отпарастар дагы Аллах жөнүндө өз пикирлерин айтышты. Бирок, Аллахтын Өзүнө гана, Ага шерик, бала кошпой сыйынгандар ыйманды табышты. Башкалары «Аллах бар» дегени менен Ага шерик кошкону себептүү каапыр болушту. [2] Каапырларга «катран» деген тикенектүү катуу дарактан кийим кийгизилип, үстүнөн от менен күйдүрүлгөн бойдон, үстүнөн «хамим» деп аталган кайнак суу куюлат.
Ар качан тозоктогу бул азап-кайгыдан чыгууну каалашса, (ошол союлдар менен баштарына чаап) дагы азапка кайтарылышат жана «күйдүрүүчү азапты таткыла!» – (деп айтылат).
Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал жасаган адамдарды Аллах (таала) түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Алар ал жерде алтын билериктер жана берметтер менен жасанышат жана ал жердеги кийимдери жибектен болот.
(Мунун себеби) алар (дүйнө жашоосунда) сөздүн эң таттуусуна («Лаа-илааха-иллал-лах» келмесине) жана мактоого арзыгандын (Аллахтын) жолуна багытталган эле.
Каапыр болгондорго, Аллахтын жолунан жана Аль-Харам мечитинен (ыймандууларды) тоскондорго – Биз ал мечитти бардык адамдарга: жергиликтүүсүнө да, четтен келгенине да тең кылып койгон элек – жана ким анын ичинде акыйкаттан бурулуп, зулумдук (күнөө) кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз.[1]
[1] Мушриктер өздөрүнүн же ата-бабаларынын менчиги болбогон, бардык элдер үчүн барабар болгон Аль-Харам мечитине эгедер болуп, ыйман келтиргендерди ага киргизбей коюуну каалады. Чынында бул ыйык мечит Ибрахим алейхис-саламдан калган. Ал эми Ибрахим аны жалгыз Аллахтын Өзүнө сыйынуу үчүн курган. Эми алар (мушриктер) ошол Ибрахимдин динин чыныгы улантуучусу жана урпагы Мухаммад пайгамбарды өзүнүн бабасынан калган, бардык элдерге бирдей болгон Ыйык мечитке киргизбейм деп турат. Бул бузукулук эмей эмне? Чынында бул каапырларга жан ооруткан азап адилет жаза болмок.
Эстегин, Биз (бир кезде) Ибрахимге (Ыйык) Үйдүн ордун даярдап-белгилеп берип, (баласы Исмаил экөө аны тургузуп бүткөндө, мындай деген элек): «Мага (ибадатта) эч нерсени шерик кылбайсың. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар (намазда) туруучулар, ийилип рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза кылгының.
(Жана) Өздөрүнө (ажыдан тийе турган диний-дүйнөлүк) пайдаларга күбө болушсун. Анан белгилүү күндөрдө (Аллах) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (курмандыкка чалуунун) үстүндө Аллахтын ысымын эскеришсин. Анан андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла.
Андан кийин алар (ажылар) кирлерин кетиришсин.[1] Жана (ажы, умра, курмандыктан турган) назирлерин (өздөрүнө милдет кылып алган ажы ибадаттарын) толук аткарып, Эски Үйдү (Каабаны) таваф[2] кылышсын.
[1] Б.а. ихрамдан чыгып, чачын алдырып, жашыруун орундарды тазалап, жуунуп алышсын. [2] Таваф – тооп, айлануу.
Ушулар (силерге баяндап берген шарият өкүмдөрүнүн кээ бирөөлөрү) Ким Аллахтын шарият-өкүмүн урматтаса (аткарса) – бул иши Раббисинин алдында өзүнө жакшы. Жана силерге (Куранда) окуп (санап) бериле тургандардан башка бардык төрт буттуу айбандар адал кылынды. Эми айкел-буттардан турган ыпластыктан жана жалган сөздөн алыс болгула!
Аллахка шерик келтирбей, ханиф (жеке Аллахка сыйына турган) абалда (ибадат кылгыла). Ким Аллахка шерик келтирген болсо, ал асмандан кулап түшкөн[1] жана аны (жырткыч) куш тытып же болбосо шамал алыстарга учуруп кеткен сыяктуу.
[1] Ыйман бийик нерсе. Асмандай бийик. Аллахка шерик кылуу адамды ыймандан чыгарат. Демек, ал ыйман асманынан кулап түшөт. Анан жансыз өлүк (тарп) сыяктуу болуп калганда анын этин (акыл-эсин) шайтан-кузгундар тытып жеп, калган-кутканын дейди шамалдар алыстарга учуруп кеткендей болуп, ың-жыңы жок, дарексиз, конуму жок болуп калат.
Ушундай. Ал эми, ким Аллахтын белгилерин[1] (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) аздектесе – бул жүрөктөрдүн такыбаалуулугунан.
[1] Аллахтын белгилери – бул бардык парыз амалдар. Ажы ибадаттары дагы чоң белгилерден. Ажы ибадатынын чоң белгилеринин бири Аллахка атап союш үчүн Меккеге алып барылган курмандыктар. Ал курмандыктар «хадия» - белектер деп аталат.
Силер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар.[1] Кийин аларды (союу) адал болгон жай – Эски Үйдүн (Каабанын)[2] айланасы.
[1] Белгилүү мөөнөт ажылык ибадаты башталган күндөр. Ошого чейин белек (курмандык) айбандарды минип, сүтүн ичип же болбосо жүнүн кыркып алып пайдаланса болот. [2] Ал Ибрахим пайгамбардан бери бар болгондуктан «Эски Үй» деп аталат. Ажы мезгилиндеги курмандыктарды (белектерди) Мина өрөөнүндө жана башка Каабага жакын жерлерде сойсо боло берет.
Биз (мурдагы) бардык үммөттөргө, (Аллах) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (мууздоонун) үстүндө Аллахтын ысымын айтуулары үчүн курмандык чалууга буюрганбыз. Демек, кудайыңар бир гана илах (Аллах). Эми, (Анын Өзүнө гана) моюн сунгула. (Оо, Мухаммад), сен (Аллахка) берилгендерге (бейишти) сүйүнчүлө!
Алар ( Аллахка берилген мусулмандар) качан Аллахтын ысымы эскерилгенде (урмат жана коркуунун күчтүүлүгүнөн) жүрөктөрү титирейт. (Алар) Өздөрүнө жеткен нерселерге сабыр кылуучулар, намазды толук окуучулар жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден жакшы жолдорго сарпташкан адамдар.
(Ажы мезгилинде союла турган төө, уй сыяктуу) чоң денелүү чарба айбандарын да силер үчүн Аллахтын белгилеринен кылдык. Анда силер үчүн жакшылык бар. Анан ал жандыкка тик турган абалында эле (бутуна тушоо салып коюп) Аллахтын ысымын айта бергиле.[1] Эми, качан жамбашы менен кулаганда (жиликтеп) андан өзүңөр да жегиле, сураган-сурабаган кедейлерге да жедиргиле. Биз силерге аны (чоң келбеттүү жаныбарды) мына ушинтип моюн сундуруп бердик. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!
[1] Аларды жаткыруу мүмкүнчүлүгү болбогондон улам, бутун тушап коюп, тик турган абалында эле «Бисмиллахи Аллаху акбар» деп мууздаса боло берет.
Аллахка анын (курмандыгыңардын) эти да, каны да жетпейт. Бирок, силерден болгон такыбалык жетет. Силерди хидаятка баштаганы үчүн Аллахты улуктап («Бисмилаахи Аллаху Акбар» деп) такбир айтууңар үчүн Ал силерге ошол чоң жандыктарды моюн сундуруп берди. Жакшылык кылуучуларга (бейиштен) куш кабар бер.
(Каапырлар тарабынан) чабуулга туш болгон (ыймандуу) адамдарга, зулумдук көргөндөрү себептүү (душмандарына каршы согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллах аларга жардам берүүгө кудуреттүү![1]
[1] Бул мусулмандарды эң алгачкы ирет согушка буюрган аят. Алар Мединага көчүп (хижрат кылып) өзүнчө ислам мамлекетин курап, күч кубатка ээ болгонго чейин Мекке мушриктеринен көп зулумдук көрүштү. Мединага көчүп келгенден кийин деле кордуктар токтободу. Сабыры түгөнгөн сахабалар пайгамбарыбызга келип; «Согушпайлыбы, биз деле?!» деп кайра-кайра суроо-талап коюшса да, ал: «Аллахтан буйрук келмейинче согуш жок» деп жооп берчү. Акыр акыбетте зарыктырган, өч алууну сагынткан уруксат ушинтип келген.
Алар (мусулмандар) өз мекендеринен акыйкатсыздык менен, бир гана «Раббим – Аллах» деген сөздөрү үчүн гана (куулуп) чыгарылган эле. Эгер Аллахтын кээ бир (залим) адамдарды башка бирөөлөрү(нүн күчү) менен тыйып туруусу болбогондо, ибадатканалар, чиркөөлөр, синагогалар жана анда Аллахтын ысымы көп эскериле турган мечиттер талкаланып кетмек.[1] Өзүнө (динине) жардам бергендерге Аллах да жардам (жеңиш) берет. Албетте, Аллах Кубаттуу, Кудуреттүү!
[1] Мусулмандарга залымдарды тыйып коюу үчүн согушка уруксат берилгенде, ислам согушкерлери жыгылган адилеттик желегин көтөрүп, эзилген адамдардын, кордолгон дин ишенимдердин эркиндиги үчүн күрөшкө аттанышып, абийир, ыйман, дин менен иши жок, баскан элинин абийирин кетирип, зордоп, дининен чыгарып, ибадатканаларын бузуп таштаган өкүмзорлорду күч менен тыйып койду.
Алар жерде бекем орноштуруп койгонубузда намаздарын толук окуган, зекет берген, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарган адамдар. Иштердин акыбети Аллахтын Колунда.
(Оо, Мухаммад) эгер (каапырлар) сени «жалганчы» деген болсо, (ызааланба). Алардан мурда Нух коому, Аад менен Самуд (элдери да пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен.
Мадиян (шаарынын) ээлери дагы (пайгамбарларына «жалганчы» деп доомат кылышкан) Мусаны деле жалганчыга чыгарышкан. Анан Мен каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим. (Эми «бизге ажал келбейт экен» деп бейкапар болушканда) Аларды (азап менен) кармадым. Эми, Менин азаптоом кандай болгон(ун бир көрсөң эле!)
Биз нечендеген шаарларды кыйратып салдык! Алар залым болчу. Эми (азыр) алардын чатырлары кулаган. (Дагы нечендеген) таштанды кудуктар, бийик-бийик (бирок ээси жок) сарайлар бар!
(Каапырлар) жер жүзүн кыдырып көрүшпөйбү?! Ошондо аларга сергек жүрөктөр же болбосо, угар кулактар болмок эле! Чынында, көздөр сокур эмес, көкүрөктөгү жүрөктөр сокур болду.
(Оо, Мухаммад, мушриктер «Эгер чын пайгамбар болсоң, Раббиң бизге азап түшүрбөйбү, тезирээк» деп) сенден азапты шаштырып сурашат. Аллах убадасын бузбайт. (Сөзсүз азап келет.) Жана, Сенин Раббиңдин алдындагы бир күн силер эсептеген жылдардын миң жылы сыяктуу.
Дагы нечендеген шаарларды(н элдерин) алар залым болсо да, мөөнөтүн узартып койдум. Кийин (көп жашап, көп күнөө кылып, көбүрөөк азапка ылайык болгондо) гана кыйраттым. Кайтып келүү – Өзүмө!
Биздин аяттарыбызды(н айланасында ар түрдүү сөз козутуп) алардын күч-таасирин азайтууга (бири-биринен озуп) алектенип жаткандар, дал ошолор тозок ээлери!
Сенден мурда бир элчи же пайгамбар жиберген болсок, ал качан гана (китептен бир аят) окучу болсо, анын кыраатына шайтан (китепте жок сөздөрдү) кошкон(го аракеттенген). Анан Аллах шайтан кошкон нерселерди өчүрүп, Өз аяттарын бекемдеген. Аллах Билүүчү, Даанышман.
Шайтан кошкон нерселер(ди Аллах) жүрөгүндө илдет-ооруусу бар (мунафык) адамдар менен жүрөгү катып калган (мушрик) адамдарды сыноо үчүн жасайт. Албетте, залым (каапыр) адамдар (акыйкаттан алыс болгон) түгөнгүс талаш-тартышта калышат.
Илимдүү адамдар, анын (Курандын) Раббиңден келген (өзгөргүс) Акыйкат экенин билиши жана жүрөктөрү ага муюп, ыйман келтириши үчүн (Аллах ушул сыноону жасады) Аллах ыйман келтирген адамдарды туура жолго баштоочу.
Ал Күнү (бардык) мүлк Аллахтын колунда. Ал алардын арасында өкүм кылат. Анан, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар жыргалчылык бейиштеринде болушат.
Аллахтын жолунда (үй-мүлкүн, аялдарын, бала-чакасын, мекенин таштап) хижрат кылган, кийин (Аллах жолундагы согуштарда) өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга Аллах эң сонун ырыскыларды берет.[1] Албетте, Аллах эң мыкты ырыскы берүүчү.
[1] Бул аяттагы ырыскыны негизинен, Барзах (мүрзө) жашоосундагы ырыскы деп түшүнүлгөнү оң. Бирок, Акыреттик ырыскы (бейиш) деп түшүнсө да болот.
(О, Мухаммад! Сага баян кылып берген бейишке кире турган мухажирлердин абалы) ушундай. Жана да, кимде-ким (бирөөгө) өзүнө зыян жеткирилгендей зыян жеткирсе, кийин ага (ошол бирөө тарабынан) зулумдук кылынчу болсо, Аллах ага жардам берет. Чынында Аллах өтө Кечиримдүү, Айкөл.
Көрбөйсүңбү, (оо, Мухаммад), Аллах силер үчүн жердеги нерселерди жана деңизде Өз буйругу менен жүрө турган кемени моюн сундуруп койду. Ал асманды (андагы жылдыздарды) жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Өзүнүн уруксаты болгондо гана (алар жерге кулап түшүшү мүмкүн). Аллах адамдарга өтө Ырайымдуу, Боорукер.
Биз (өткөндөгү) ар бир үммөткө дин ибадаттарын парыз кылганбыз. Алар аны аткарышкан. (Оо, Мухаммад, мушриктерге айткын) өкүмдө сен менен талашышпасын![1] Жана Раббиңе дуба кыл. Сен эч шексиз, туура жол үстүндөсүң.
[1] Аллах өлүмтүктүн (тарптын) этин арам кылганда, мушриктер мусулмандарга: «Өзүңөр өлтүргөнүңөр (олжо, уу) адал болуп, Аллах өлтүргөн арам болуп калат бекен?» деп талашышкан.
(Оо, Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.[1] Бул Аллахка жеңил.
[1] Аллах эң оболу калемди жаратып, «жаз» деп буюрду. «Эмнени жазайын?» деди калем. «Тээ Кыяматка чейинки боло турган бардык нерселерди алдын ала жаз» - дегенде, калем бүт бардыгын Лавхул-Махфуз деген чоң китепке жазган.
(Мушриктер) Аллахтан башка, Аллах (анын кудай экенине) далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү да эч нерсе билбеген нерселерге ибадат кылышат. Залимдерге (Аллах тарабынан) жардамчы жок![1]
[1] Алар сыйынган нерселердин кудай экени жөнүндө Аллахтын Китебинде далил жок. Же өздөрү алардын кантип кудай болуп калганын билишпейт. Ата-бабаларын наадандык менен туурап эле сыйынып келе жатышат. Аллахтын китеби «Алар кудай эмес» десе да болбой сыйынышат. Же китепке баш ийбейт же акылга көнбөйт. Бул залымдык болбой эмне?!
Эгер аларга Биздин анык, далилдүү аяттарыбыз окулчу болсо, каапырлардын жүздөрүнөн четке кагууну байкайсың. Өздөрүнө Биздин аяттарыбызды окуп берген адамды мычкып (муунтуп) таштагыдай болушат. Сен аларга айт: «Мен силерге мындан да жаманыраак нерсени айтайынбы? Ал – тозок! Аллах аны каапыр болгондорго убада кылган. Ал не деген жаман орун!
Эй, (мушрик) адамдар! (Мындай) салыштыруу келтирилди, угуп койгула: Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайлар» бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер ага (аны жаратууга) чогулушса да. Жана эгер чымын алардан бир нерсени тартып (жеп) алса, аны андан куткара алышпайт. (Ошентип, кайтарып алууга камынган) кудайлар да алсыз, тартып алган чымын да алсыз. (Чымындан да алсыз кудайларга кантип сыйынасыңар?!)
Аллах алардын келечектерин жана өтмүштөрүн(дө болгон бардык окуяны) билет. Иштердин баары Аллахка кайтат.[1]
[1] Аллах элчи-пайгамбарларды жибергенде бирөө аны ээрчисе, дагы бирөө четке кагат. Бирөө жардам берсе, бирөө душман чыгат. Акыр акыбетте бардыгы Аллахтын Өзүнө кайтып барышат жана өздөрүнө ылайык тиешелерин алышат.
Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. (Себеби) Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерди оор, кыйынчылыктуу кылган жок.[1] (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини. Ал (Аллах) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Куранда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн.[2] Эми, намазды толук окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар - Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла! Ал не деген жакшы Кожоюн жана кандай жакшы Жардамчы!
[1] Мусуламан адам эч качан, эч бир маселесине жооп таба албагандай тар, сыгылган абалда калбайт. Ислам өтө жеңил, өтө кенен жана толук, кемелдүү Дин. [2] Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам Аллахтын алдындагы сурак мезгилинде: «Мен акыйкатты ушул (мусулман) үммөтүмө жеткирген болчумун, адал-арамды үйрөткөн болчумун» деп күбөлүк берет. Пайгамбар үйрөткөн динди дүйнөнүн башка элдерине жеткирүү мусулмандардын милдети. Алар дагы «Биз деле жеткиргенбиз» деп күбө болгудай болушса экен!
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Suchergebnisse:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".