Текебер жолбашчылары болсо, алсыздарга: «Өзүңөргө (анык далилдер) келгенден кийин силерди туура жолдон биз тостук беле? Жок! Өзүңөр күнөөлүү болгонсуңар!» – дешет.
(Анда) ээрчиген алсыздар текебер жол башчыларына (мындай) дешет: «Жок!» Күнү-түнү (силер кылган) айлакерлик бизди азгырды. Ал кезде силер бизди Аллахка каапыр болууга жана Ага теңдеш-шериктерди кошууга буюргансыңар!» (Ошентип бардыгы), азапты (өз көздөрү менен) көргөндө ичинен бушайман тартып турушту. Биз каапыр болгон адамдардын моюндарына кишендерди салып койдук. Алар(га зулум кылбадык), өздөрү жасаган (жаман) иштеринин гана жазасын алышты.
Биз кайсы бир шаарга эскертүүчү (пайгамбар) жиберсек, анын дөөлөтүнө чиренгендер: «Биз силер алып келген динге каапырбыз» дешкен.[1]
[1] Чындыкка каршы чыгуу бир гана Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын жердеш, замандаш мушриктеринин иши эмес, тээ илгерки пайгамбарлардын доорунан бери, өз напсинин кулуна айланган, оюн-зоокторго берилген, алкымы бузук, ысырапчыл байлардын, бийлердин адаты.
Жана алар: «Биздин мал-дүйнөбүз, бала-бакырабыз көп. Биз азапка салынбайбыз» дешти.[1]
[1] Алар ушул дүйнөдө жөлөк-таяк болгон дүйнө-мүлкүбүз, тууган-уруктарыбыз ошол дүйнөдө да ишке жарайт. Бул дүйнөдөгү жазадан пара берип, тааныштарды ортого салып кутулуп кеткен сыяктуу наркы дүйнө тозогунан да бир нерсе «узатып» кутулуп кетебиз деп ойлошот. Дагы алар Аллах бизди сүйгөн үчүн ушунча мал-мүлк, бала-чака берди деп ойлошот. Бирок, Аллах бул дүйнөдө мүлктү Өзү каалаган каапырларга да беришин, бирөөнү кедейлик менен сынаса, бирөөнө байлык берип сынашын билишпейт.
Силердин мал-дүйнөңөр да, бала-бакыраңар да силерди Бизге жакындаштыра албайт! Ал эми, кимде-ким ыйман келтирип, жакшы амал кылган болсо, алардын амалдарына эселенген сыйлыктар берилет. Жана алар бейиштеги бийик даражалуу орундарда тынчтык-бейпилдикте болушат.
Айткын: «Менин Раббим Өзү каалаган адамдарга ырыскыны кенен берет. Жана (Өзү каалаган башка) бирөөсүнө аны тар кылат. (Силер ырыскыңар мол-кенен болсо да, тар болсо да садака кылууга аракеттенгиле. Анткени:) Эмнени (Аллах үчүн) сарптасаңар, Аллах (бир нече барабар көбөйтүп) өзүңөргө кайтарат. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Suchergebnisse:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".