Check out the new design

Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans * - Übersetzungen


Übersetzung der Bedeutungen Surah / Kapitel: Al-Baqarah   Vers:
وَإِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِـۧمُ رَبِّ أَرِنِي كَيۡفَ تُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰۖ قَالَ أَوَلَمۡ تُؤۡمِنۖ قَالَ بَلَىٰ وَلَٰكِن لِّيَطۡمَئِنَّ قَلۡبِيۖ قَالَ فَخُذۡ أَرۡبَعَةٗ مِّنَ ٱلطَّيۡرِ فَصُرۡهُنَّ إِلَيۡكَ ثُمَّ ٱجۡعَلۡ عَلَىٰ كُلِّ جَبَلٖ مِّنۡهُنَّ جُزۡءٗا ثُمَّ ٱدۡعُهُنَّ يَأۡتِينَكَ سَعۡيٗاۚ وَٱعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Ибрахим: «Оо, Раббим! Өлүктөр кантип тирилерин өз көзүм менен көрөйүнчү?» ¬– дегенде, Аллах ага: «Сен бул нерсеге ишенген эмес белең?» – деди. Ибрахим айтты: «Жок, ишенгем. Бирок жүрөгүмдүн тынчтануусун арттыруу үчүн». Ошондо Аллах ага буйрук кылып айтты: «Канаттуулардан төртөөнү ал, аларды өзүңө чогулт жана майдалап кескиле. Андан соң айланаңдагы тоолордун ар бирине алардын бир бөлүгүн кой, анан аларды чакырсаң, алар сага тирилген абалда шашылып келишет. Оо, Ибрахим! Билип кой, Аллах Өз мүлкүндө Кудуреттүү, буйругунда, шарияттында жана жаратуусунда Даанышман».
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
مَّثَلُ ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ كَمَثَلِ حَبَّةٍ أَنۢبَتَتۡ سَبۡعَ سَنَابِلَ فِي كُلِّ سُنۢبُلَةٖ مِّاْئَةُ حَبَّةٖۗ وَٱللَّهُ يُضَٰعِفُ لِمَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٌ
Мал-мүлкүн Аллах жолунда сарптаган ыймандууларга берилген сооптун мисалы, дыйкан жакшы жерге эккен дан сыяктуу. Андан жети машак өнүп чыгат, ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллах пенделеринен кимге кааласа соопторун эселетип көбөйтүп, алардын сыйлыгын эсепсиз берет. Аллахтын берешендиги жана айкөлдүгү кенен жана Ал эселеп берүүгө кимдер ылайык экенин билүүчү.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ ثُمَّ لَا يُتۡبِعُونَ مَآ أَنفَقُواْ مَنّٗا وَلَآ أَذٗى لَّهُمۡ أَجۡرُهُمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ وَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Мал-мүлктөрүн Аллахка моюн сунуу жана Анын ыраазычылыгы үчүн сарптап, андан соң берген нерсесинин артынан анын сообун кетире турган сөз же иш-аракет менен адамдарга милдет кылбагандарга Раббисинин алдында сооптор бар, келечекте алар үчүн эч кандай коркунуч болбойт жана аларга берилген улуу жакшылыктар себептүү өткөн нерселерге кайгырышпайт.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
۞ قَوۡلٞ مَّعۡرُوفٞ وَمَغۡفِرَةٌ خَيۡرٞ مِّن صَدَقَةٖ يَتۡبَعُهَآ أَذٗىۗ وَٱللَّهُ غَنِيٌّ حَلِيمٞ
Мусулмандын жүрөгүнө кубаныч тартуулай тургандай жылуу сөз айтуу жана сага жамандык кылганды кечирүү – садака алган адамга артынан милдет кылып зыян берген садакага караганда жакшыраак. Аллах пенделерине Беймуктаж, аларды жазалоого шашылбаган Токтоо.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تُبۡطِلُواْ صَدَقَٰتِكُم بِٱلۡمَنِّ وَٱلۡأَذَىٰ كَٱلَّذِي يُنفِقُ مَالَهُۥ رِئَآءَ ٱلنَّاسِ وَلَا يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۖ فَمَثَلُهُۥ كَمَثَلِ صَفۡوَانٍ عَلَيۡهِ تُرَابٞ فَأَصَابَهُۥ وَابِلٞ فَتَرَكَهُۥ صَلۡدٗاۖ لَّا يَقۡدِرُونَ عَلَىٰ شَيۡءٖ مِّمَّا كَسَبُواْۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Садака берилген адамга милдет кылуу жана зыян берүү менен садакаңардын сообун жок кылып албагыла. Мына ушундай кылган адам эл көрсүн жана мактасын деген ниет менен мал-мүлктөрүн сарптаган адам сыяктуу. Ал Аллахка, кыямат күнүнө жана андагы сыйлык жана жазага ишенбеген каапыр. Мунун мисалы үстү топурак баскан жылмакай ташка окшош. Ал ташка нөшөрлөп жамгыр жаап, анын топурактарын кетирип, аны эч нерсеси жок жылмакай кылып койду. Ошол сыяктуу эле эл көрсүн үчүн кылган адамдардын иш-аракеттеринин жана короткон мал-мүлктөрүнүн сооптору жок болот, Аллахтын алдында алардын эч нерсеси калбайт. Аллах каапырларды Өзү ыраазы болгон жана алардын иш-аракеттерине жана сарптаган мал-мүлктөрүнө пайда келтирген нерселерге багыттабайт.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• مراتب الإيمان بالله ومنازل اليقين به متفاوتة لا حد لها، وكلما ازداد العبد نظرًا في آيات الله الشرعية والكونية زاد إيمانًا ويقينًا.
Аллахка болгон ыймандын даражалары жана Ага болгон ишенимдин орундары ар түрдүү жана чеги жок. Пенде Аллахтын шарияттык жана ааламдык аят-белгилерине назар салуусу күчөгөн сайын анын ыйманы жана ишеними көбөйөт.

• بَعْثُ الله تعالى للخلق بعد موتهم دليل ظاهر على كمال قدرته وتمام عظمته سبحانه.
Аллах тааланын макулуктарды өлгөндөн кийин кайра тирилтүүсү – Анын толук кудуреттүүлүгүнө жана чексиз улуулугуна ачык далил болот.

• فضل الإنفاق في سبيل الله وعظم ثوابه، إذا صاحبته النية الصالحة، ولم يلحقه أذى ولا مِنّة محبطة للعمل.
Аллах жолунда мал-мүлк сарптоонун артыкчылыгы жана сооп-сыйлыгынын көптүгү. Анткени аны иш-аракетти жок кылган милдет кылуу жана зыян берүү коштобостон, жакшы ниет коштоду.

• من أحسن ما يقدمه المرء للناس حُسن الخلق من قول وفعل حَسَن، وعفو عن مسيء.
Адамдын башкаларга кылган эң чоң жакшылыктарынан – жакшы сөз айтуу, жакшы иш кылуу жана жамандык кылганды кечирүү сыяктуу кулк-мүнөздүүлүк.

 
Übersetzung der Bedeutungen Surah / Kapitel: Al-Baqarah
Suren/ Kapiteln Liste Nummer der Seite
 
Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans - Übersetzungen

Vom Tafsirzentrum für Quranwissenschaften herausgegeben.

Schließen