Check out the new design

Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans * - Übersetzungen


Übersetzung der Bedeutungen Surah / Kapitel: Āl ʿImrān   Vers:
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡقَصَصُ ٱلۡحَقُّۚ وَمَا مِنۡ إِلَٰهٍ إِلَّا ٱللَّهُۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Биз Иса жөнүндө сага айткан бул нерсе – эч кандай жалганы жок жана шек-күмөнсүз чындык кабар. Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Чындыгында Аллах Өз мүлкүндө Кудуреттүү жана Өз башкаруусунда, буйругунда, жаратуусунда Даанышман.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِٱلۡمُفۡسِدِينَ
Эгер алар сен алып келген нерседен жүз бурушса жана сени ээрчишпесе, анда бул алардын бузукулугунан. Аллах жер бетиндеги бузукуларды жакшы билет жана жакында алардын жазасын берет.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
قُلۡ يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ تَعَالَوۡاْ إِلَىٰ كَلِمَةٖ سَوَآءِۭ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمۡ أَلَّا نَعۡبُدَ إِلَّا ٱللَّهَ وَلَا نُشۡرِكَ بِهِۦ شَيۡـٔٗا وَلَا يَتَّخِذَ بَعۡضُنَا بَعۡضًا أَرۡبَابٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِۚ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَقُولُواْ ٱشۡهَدُواْ بِأَنَّا مُسۡلِمُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эй, жөөттөрдөн жана христиандардан болгон китеп ээлери! Келгиле, баарыбыз бирдей болгон адилеттүү сөзгө биригели: «Жалгыз Аллахка ибадат кылабыз жана Андан башканын орду жана даражасы канчалык жогору болсо да, Аны менен катар эч кимге сыйынбайбыз. Ошондой эле Аллахты таштап, бири-бирибизди сыйынуу жана баш ийүү үчүн кудай тутпайбыз». Оо, ыймандуулар! Эгерде алар силер чакырып жаткан акыйкаттан жана адилеттүүлүктөн баш тартышса, анда аларга: «Күбө болгула, биз Аллахка өзүбүздү тапшырдык жана моюн сунуу менен Аны ээрчидик» – деп айткыла.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لِمَ تُحَآجُّونَ فِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَمَآ أُنزِلَتِ ٱلتَّوۡرَىٰةُ وَٱلۡإِنجِيلُ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِهِۦٓۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахимдин дини тууралуу талашып жатасыңар? Жөөттөр Ибрахимди жөөт болгон дешет, христиандар болсо аны христиан болгон дешет. Бирок силер иудаизм жана христиан дини анын өлүмүнөн көп убакыт өткөндөн кийин гана пайда болгонун билесиңер. Силер сөзүңөрдүн жалган жана оюңардын ката экенине акылыңар жетпейби?!
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
هَٰٓأَنتُمۡ هَٰٓؤُلَآءِ حَٰجَجۡتُمۡ فِيمَا لَكُم بِهِۦ عِلۡمٞ فَلِمَ تُحَآجُّونَ فِيمَا لَيۡسَ لَكُم بِهِۦ عِلۡمٞۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ
Эй, китеп ээлери! Мына, силер өзүңөр билген диний иштер жана силерге түшүрүлгөн нерселер тууралуу пайгамбар менен талашып-тартыштыңар. Эми болсо силердин китептериңерде айтылбаган жана пайгамбарларыңар алып келбеген Ибрахимдин иши жана анын дини тууралуу өзүңөр билбеген нерселер жөнүндө эмнеге талашып жатасыңар. Аллах иштердин акыйкатын жана ички табиятын билет, силер билбейсиңер.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
مَا كَانَ إِبۡرَٰهِيمُ يَهُودِيّٗا وَلَا نَصۡرَانِيّٗا وَلَٰكِن كَانَ حَنِيفٗا مُّسۡلِمٗا وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Ибрахим иудаизм дининде да, христиан дининде да болгон эмес, ал жалган диндерден алыстаган жана Аллахты жалгыздап, Ага моюн сунган адам болгон. Араб мушриктери биз анын дининдебиз деп ойлошкондой ал Аллахка ширк кылгандардан эмес эле.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
إِنَّ أَوۡلَى ٱلنَّاسِ بِإِبۡرَٰهِيمَ لَلَّذِينَ ٱتَّبَعُوهُ وَهَٰذَا ٱلنَّبِيُّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۗ وَٱللَّهُ وَلِيُّ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Ибрахимге кошулууга эң татыктуулар – алар анын заманында ал алып келген нерселерге ээрчигендер, ошондой эле адамдардын арасынан ага эң татыктуусу – бул Мухаммад пайгамбар жана бул үммөттөн ага ыйман келтиргендер. Аллах Ага ыйман келтиргендерге жардам берүүчү жана аларды коргоочу.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
وَدَّت طَّآئِفَةٞ مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ لَوۡ يُضِلُّونَكُمۡ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمۡ وَمَا يَشۡعُرُونَ
Оо, ыймандуулар! Китеп ээлеринен болгон жөөттөр менен христиандардын аалымдары силерди Аллах багыттаган туура жолдон адаштырууну каалашат, бирок өздөрүн гана адаштырат. Анткени алардын ыймандууларды адаштырууга болгон аракети өздөрүнүн адашуусун гана күчөтөт. Алар иш-аракеттеринин кесепети кандай болорун билишпейт.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لِمَ تَكۡفُرُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَأَنتُمۡ تَشۡهَدُونَ
Эй, китеп ээлеринен болгон жөөттөр жана христиандар! Эмне үчүн Аллахтын силерге түшүргөн аят-белгилерине жана анын ичинде Мухаммаддын пайгамбарлыгын көрсөткөн нерселерге ишенбейсиңер, анын акыйкат экени китептериңерде көрсөтүлгөнүнө өзүңөр күбө болдунар го?!
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• أن الرسالات الإلهية كلها اتفقت على كلمة عدل واحدة، وهي: توحيد الله تعالى والنهي عن الشرك.
Аллахтан келген кабарлардын баарысы бир калыс сөзгө биригет, тактап айтканда, Аллах тааланы жалгыздоо (таухид) жана ширктен тыюу.

• أهمية العلم بالتاريخ؛ لأنه قد يكون من الحجج القوية التي تُرَدُّ بها دعوى المبطلين.
Тарыхты билүүнүн маанилүүлүгү, анткени ал жалганга чыгаргандардын сөзүнө каршы күчтүү далил болушу ыктымал.

• أحق الناس بإبراهيم عليه السلام من كان على ملته وعقيدته، وأما مجرد دعوى الانتساب إليه مع مخالفته فلا تنفع.
Адамдардын Ибрахимге эң татыктуусу – анын дининде жана ишениминде болгондор, ал эми ага каршы болуп туруп, ага таандыкмын деп айтылган курулай сөздүн эч кандай пайдасы жок.

• دَلَّتِ الآيات على حرص كفرة أهل الكتاب على إضلال المؤمنين من هذه الأمة حسدًا من عند أنفسهم.
Китеп ээлеринен болгон каапырлар өздөрүндөгү болгон көрө албастыктан улам бул үммөттөн болгон ыймандууларды адаштырууга ынтызар экендигине аяттар далил болот.

 
Übersetzung der Bedeutungen Surah / Kapitel: Āl ʿImrān
Suren/ Kapiteln Liste Nummer der Seite
 
Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans - Übersetzungen

Vom Tafsirzentrum für Quranwissenschaften herausgegeben.

Schließen