Check out the new design

Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans * - Übersetzungen


Übersetzung der Bedeutungen Surah / Kapitel: Al-Māʾidah   Vers:
وَمِنَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّا نَصَٰرَىٰٓ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَهُمۡ فَنَسُواْ حَظّٗا مِّمَّا ذُكِّرُواْ بِهِۦ فَأَغۡرَيۡنَا بَيۡنَهُمُ ٱلۡعَدَاوَةَ وَٱلۡبَغۡضَآءَ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَسَوۡفَ يُنَبِّئُهُمُ ٱللَّهُ بِمَا كَانُواْ يَصۡنَعُونَ
Яхудилерден бекем ант-убада алган сыяктуу, өздөрүн Иса пайгамбарды ээрчигендербиз деп эсептегендерден (христиан) да ант убада алганбыз. Алар да мурдагы яхудилер сыяктуу китепбинде айтылган өкүмдөрдүн кээсин аткарбай коюшту. Алардын ортосуна тээ кыяматка чейин уланчу талаш-тартыш, жек көрүү салып койдук. Ошентип бири-бири менен согушуп, жоолашып, бири-бирин каапыр эсептеп калышты. Жакында Аллах Таала аларга жасаган иштери тууралуу кабар берет жана ошого жараша жазалайт.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ قَدۡ جَآءَكُمۡ رَسُولُنَا يُبَيِّنُ لَكُمۡ كَثِيرٗا مِّمَّا كُنتُمۡ تُخۡفُونَ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَيَعۡفُواْ عَن كَثِيرٖۚ قَدۡ جَآءَكُم مِّنَ ٱللَّهِ نُورٞ وَكِتَٰبٞ مُّبِينٞ
Эй, Тоороттун ээси яхудилер жана Инжилдин ээси христиандар, силерге түшкөн китебиңерде айтылып, бирок силер жашырып койгон көп нерсени ачык баяндап, кээ бир силерге айтуунун зарылдыгы болбогон нерселерди сыр кылып элчибиз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбар болуп келди. Аллах Тааладан Куран китеби келди, ал жарык чачуучу нур жана адамдар дүйнө, акырет иштеринде муктаж болчу нерсенин баарын баяндаган китеп.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
يَهۡدِي بِهِ ٱللَّهُ مَنِ ٱتَّبَعَ رِضۡوَٰنَهُۥ سُبُلَ ٱلسَّلَٰمِ وَيُخۡرِجُهُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ بِإِذۡنِهِۦ وَيَهۡدِيهِمۡ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Бул китеп менен Аллах Таала, Ага ишенип, жакшы иштерди кылып ыраазылыгын самаган адамдарды азабынан куткаруучу жолго багыттайт. Бул бейишке алып барчу жол, Өзүнүн уруксаты менен каапырлык жана күнөөкөрдүктүн туңгуюгунан ыймандын жана баш ийүүнүн жарык нуруна чыгарат, исламдын жолу болгон түз, бекем жолго салат
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
لَّقَدۡ كَفَرَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡمَسِيحُ ٱبۡنُ مَرۡيَمَۚ قُلۡ فَمَن يَمۡلِكُ مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔا إِنۡ أَرَادَ أَن يُهۡلِكَ ٱلۡمَسِيحَ ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَأُمَّهُۥ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗاۗ وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَاۚ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Христиандардын арасындагы "Мариямдын уулу Иса Кудай "дегендер каапыр болду. Эй, элчи, аларга айт: Мариямдын уулу Исаны жок кылуудан, анын энесин жок кылуудан, жер бетиндегинин баарын жок кылуудан Аллахты ким тыя алат, эгер Ал ушуну кааласа?! Эч ким Аны мындан тыя албаганы, демек Ал Андан башка ибадат кылууга ылайыктуу эч бир кудай болбогон Жалгыз Аллах экенине далил. Ал эми Мариямдын уулу Иса, анын энеси, жана ал экөөнөн башканын баары Аллах жараткан нерселер. Асман-жердеги жана алардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Аллахка таандык. Ал эмне кааласа жаратат, мына ошол жараткандарынын бири Мариямдын уулу Иса; ал Аллахтын пендеси жана элчиси, Аллах бардык нерсеге күчү жетүүчү Кудуреттүү.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• تَرْك العمل بمواثيق الله وعهوده قد يوجب وقوع العداوة وإشاعة البغضاء والتنافر والتقاتل بين المخالفين لأمر الله تعالى.
Аллах Тааланын ант-убадасын бузуу, Аллахтын буйруктарына каршы чыккандардын ортосуна душмандык, жек көрүү, согушуу жана бөлүнүп жарылууну пайда кылат.

• الرد على النصارى القائلين بأن الله تعالى تجسد في المسيح عليه السلام، وبيان كفرهم وضلال قولهم.
Кудай Исанын келбетинде келди деген христиандардын адашуусу жана каапыр болгону баяндалды.

• من أدلة بطلان ألوهية المسيح أن الله تعالى إن أراد أن يهلك المسيح وأمه عليهما السلام وجميع أهل الأرض فلن يستطيع أحد رده، وهذا يثبت تفرده سبحانه بالأمر وأنه لا إله غيره.
Исанын Кудай эмес экендигине, эгер Аллах Таала Исаны, анын энесин жана жер бетиндегинин баарын жок кылып жиберүүчү болсо, Ага эч ким жолтоо боло албастыгы далил. Бул башкаруу аруу болгон Аллахка гана таандык экендигин, андан башка ибадатка ылайык кудай жок экенин бекемдейт.

• من أدلة بطلان ألوهية المسيح أن الله تعالى يُذَكِّر بكونه تعالى ﴿ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ﴾ (المائدة: 17)، فهو يخلق من الأبوين، ويخلق من أم بلا أب كعيسى عليه السلام، ويخلق من الجماد كحية موسى عليه السلام، ويخلق من رجل بلا أنثى كحواء من آدم عليهما السلام.
Исанын кудай эместигине дагы бир далили: Аллах Тааланын: "Ал каалаганын жаратат" деген сөзү (Мааида, 17-аят), Ал жандууларды ата-энеден жаратат, же атасы жок эле энеден жаратат, Иса пайгамбарды жараткан сыяктуу, же кайсы бир заттан жаратат, Муса пайгамбардын жыланын таяктан жараткан сыяктуу, же аялы жок эле эркектен жаратат, Хава энени Адам атанын кабыргасынан жараткан сыяктуу.

 
Übersetzung der Bedeutungen Surah / Kapitel: Al-Māʾidah
Suren/ Kapiteln Liste Nummer der Seite
 
Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans - Übersetzungen

Vom Tafsirzentrum für Quranwissenschaften herausgegeben.

Schließen