Check out the new design

Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans * - Übersetzungen


Übersetzung der Bedeutungen Surah / Kapitel: Al-Aʿrāf   Vers:
فَإِذَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡحَسَنَةُ قَالُواْ لَنَا هَٰذِهِۦۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةٞ يَطَّيَّرُواْ بِمُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓۗ أَلَآ إِنَّمَا طَٰٓئِرُهُمۡ عِندَ ٱللَّهِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Фараондун эли, кеңирчилик болуп, мөмө-жемиш көбөйүп, баалар арзандаса: "Биз ушуга татыктуубуз, биз үчүң ушундай кеңирчилик болуп жатат" - деп эсептешти. А эгер кургакчылык болуп, каатчылык башталса, ооруу-сыркоо көбөйсө ж.б. балээлер башына түшсө, муну Муса жана аны менен бирге жүргөн Исраил урпактарынын айынан деп ырым кылышты. Чынында, алардын башына келип жаткан иштин баары Кемчиликсиз Аллах Тааланын тагдыры, буга алардын да, Мусанын да тиешеси жок. Аларга каршы Мусанын дубасынын гана тиешеси бар. Бирок, муну алардын көбү билбейт жана мунун себебин Аллахтан башкага төңкөрүшөт.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
وَقَالُواْ مَهۡمَا تَأۡتِنَا بِهِۦ مِنۡ ءَايَةٖ لِّتَسۡحَرَنَا بِهَا فَمَا نَحۡنُ لَكَ بِمُؤۡمِنِينَ
Фараондун коому чындыкты кабылдоого тоң моюндук кылып: "Биз ибадат кылып жаткан нерселерден бизди кайтаруу үчүн жана өзүң алып келген дин чыныгы дин экенин далилдөөгө аракеттенип, кандай далил алып келбе, кандай мужиза көрсөтпө, биз баары бир сага ишенбейбиз жана тастыктабайбыз" - дешти.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلطُّوفَانَ وَٱلۡجَرَادَ وَٱلۡقُمَّلَ وَٱلضَّفَادِعَ وَٱلدَّمَ ءَايَٰتٖ مُّفَصَّلَٰتٖ فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمٗا مُّجۡرِمِينَ
Жалганга чыгарганы жана тоң моюндугу үчүн аларды жазалап, эгин талааларын, мөмө бактарын сууга чайпаттык, жыйган-терген түшүмдөрүнө чегиртке каптаттык, эгиндерин куурата турган жана адамдардын чачын аралап аза бере турган биттерди пайда кылдык, идиш-аяктарын аралап, тамак-аштарын бузуп,төшөк-орундарын аралап кеткен бакаларды жибердик, кудуктарындагы, дарыяларындагы сууларына кан аралаштырдык. Мына ушул ачык-айкын белгилерди биринин-артынан бирин удаа-удаа жибердик. Бирок, бул белгилер келген сайын ыйман келтирүүдөн жана Муса алып келген динди тастыктоодон текеберленип баш тарта беришти. Ошентип күнөөгө баткан коом болушту, жалгандан суурулуп чыга алышпады, чындыктын жолуна түшө алышпады.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
وَلَمَّا وَقَعَ عَلَيۡهِمُ ٱلرِّجۡزُ قَالُواْ يَٰمُوسَى ٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ بِمَا عَهِدَ عِندَكَۖ لَئِن كَشَفۡتَ عَنَّا ٱلرِّجۡزَ لَنُؤۡمِنَنَّ لَكَ وَلَنُرۡسِلَنَّ مَعَكَ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Жогорудагы балээлер башына түшкөндө Мусага кайрылып: "Эй, Муса, сага гана тиешелүү болгон пайгамбарлыгыңды жана тобо кылгандарды балээден арылта турган келишимиңди ортого салып Раббиңе дуба кыл, бизди балээден арылтсын. Эгер бизди ушул балээлерден сактап калсаң, сага ыйман келтиребиз жана Исраил урпактарын азаттыкка чыгарып сени менен кетиребиз" - дешет.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
فَلَمَّا كَشَفۡنَا عَنۡهُمُ ٱلرِّجۡزَ إِلَىٰٓ أَجَلٍ هُم بَٰلِغُوهُ إِذَا هُمۡ يَنكُثُونَ
Чөгүп жок болоордон мурда белгилүү бир мөөнөткө аларды балээден арылтсак, динди тастыктайбыз жана Исраил урпактарын азат кылып кетиребиз деген убадаларын бузуп, кайра эле каапырлыгын улантып Исраил урпактарына Муса менен бирге кетүүгө тоскоол болушту.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
فَٱنتَقَمۡنَا مِنۡهُمۡ فَأَغۡرَقۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّ بِأَنَّهُمۡ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَكَانُواْ عَنۡهَا غَٰفِلِينَ
Качаг алардын жок боло турган мөөнөтү келгенде алардан өч алып деңизге чөктүрүп жибердик. Бул алардын Аллахтын аят-белгилерин жалганга чыгарганы жана эч шек-күмөнү жок чындыктан баш тартканы себептүү болду.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
وَأَوۡرَثۡنَا ٱلۡقَوۡمَ ٱلَّذِينَ كَانُواْ يُسۡتَضۡعَفُونَ مَشَٰرِقَ ٱلۡأَرۡضِ وَمَغَٰرِبَهَا ٱلَّتِي بَٰرَكۡنَا فِيهَاۖ وَتَمَّتۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ ٱلۡحُسۡنَىٰ عَلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ بِمَا صَبَرُواْۖ وَدَمَّرۡنَا مَا كَانَ يَصۡنَعُ فِرۡعَوۡنُ وَقَوۡمُهُۥ وَمَا كَانُواْ يَعۡرِشُونَ
Фараон жана анын элинен кордук көргөн Исраил урпактарына жердин чыгыш жана батышын мурастап бердик. Б.а. Шам мамлекетин бердик, ал эгин, мөмөлөрү көп берекелүү жер болчу. Эй, элчи, ошентип Раббиң айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыкты. Ал: "Биз жерде (Мисирде) зыян көргөн адамдарга жакшылык кылып, аларды алдыңкылар жана мураскорлор кылууну кааладык" (Касас,5-аят) деп айткан эле. Аларга мындай жерди Фараон жана анын элинин азабына чыдап, сабыр кылганы үчүн берди. Ал эми Фараон жасаган эгиндерин, турак-жайларын, ак сарайларын баарын талкалап жок кылдык.
Arabische Interpretationen von dem heiligen Quran:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• الخير والشر والحسنات والسيئات كلها بقضاء الله وقدره، لا يخرج منها شيء عن ذلك.
Жакшылык жана жамандык, жакшы иштер жана күнөөлөр, баары Аллахтын тагдыры жана ишке ашыруусу менен болот, каза-кадардан сырткары эч нерсе болбойт.

• شأن الناس في وقت المحنة والمصائب اللجوء إلى الله بدافع نداء الإيمان الفطري.
Кыйынчылык, балээ келген учурда адамдар таза табиятындагы ыйманы менен Аллахка таянып калышат

• يحسن بالمؤمن تأمل آيات الله وسننه في الخلق، والتدبر في أسبابها ونتائجها.
Ыймандуулар Аллахтын аят-белгилерине жана жаратуудагы сүннөт жолуна пикир кылып, анын себептерине жана натыйжасына ой жүгүртүүсү керек.

• تتلاشى قوة الأفراد والدول أمام قوة الله العظمى، والإيمان بالله هو مصدر كل قوة.
Аллахтын улуу күч-кубатынын алдында жеке адамдын же өлкөнүн күч-кубаты түккө турбайт, Аллахка ыйман келтирүү бардык күч кыбаттын негизи

• يكافئ الله تعالى عباده المؤمنين الصابرين بأن يمكِّنهم في الأرض بعد استضعافهم.
Алллах Таала ыймандуу, сабырдуу пенделерин алар алсыз болуп азап тарткандан кийин жакшы жерге жайгаштырууну мойнуна алган

 
Übersetzung der Bedeutungen Surah / Kapitel: Al-Aʿrāf
Suren/ Kapiteln Liste Nummer der Seite
 
Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans - Übersetzungen

Vom Tafsirzentrum für Quranwissenschaften herausgegeben.

Schließen