(Аллахка ибадатты) Эң сонун кылган адамдарга эң сонун нерсе (бейиш) жана ашыкчасы (Аллахтын Жүзүн көрүү) бар. Алардын жүздөрүнө эч бир чаң, эч бир кордук (белгиси) жукпайт. Алар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.
Ал эми, жаман иштерди жасаган адамдар үчүн, өзүндөй жаман жаза (тозок) бар. Аларды кордук ороп алат жана Аллах тарабынан эч бир сактоочу болбойт. Алардын жүзү тим эле караңгы түндүн бир бөлүгүнө оролуп алган сыяктуу (болуп калат). Дал ошолор тозок ээлери, анда түбөлүк калышат.
Биз алардын бардыгын чогулткан (Кыямат) Күндө, мушриктерге: “Силер (Мага шерик кылган) көп “кудайыңар” менен ордуңардан жылбай тургула!” дейбиз. Кийин алардын арасын ажыратып койобуз. (Ошондо) алардын (Мага) шерик кылган “кудайлары” (мушриктерге карап): “Бизге сыйынган эмессиңер!
Силер менен биздин арабызда Аллах жетиштүү Күбө: биз силердин ибадат кылганыңарды билген эмеспиз” - дешет.[1]
[1] Ошентип, мушриктер Аллахка шерик кылып сыйынган периштелер, (Иса сыяктуу) пайгамбарлар жана олуялар аларга: “Биз силердин кудайыңар эмеспиз, силерге эч качан “Мага сыйынгыла”деп айткан эмеспиз. Буга Аллахтын Өзү күбө. Ал эми, биз өлгөндөн кийин, арбагыбызга сыйынган болсоңор биз бул, силер тигил дүйнөдө болуп аны биз билген эмеспиз” деп, мушриктердин иштерине эч тиешеси жок экенин айтышат.
Ошол жерде ар бир жан өзү жасап өткөн иштерин сыноодон өткөрөт. Жана чыныгы кожоюндары – Аллахка кайтарылышат. Ойлоп тапкан жалган “кудайлары” алардан жоголуп кетет.
(О, Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллах” – деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?”.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Njeñtudi wiɗto ngoo:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".