Check out the new design

Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. * - Tippudi firooji ɗii


Firo maanaaji Simoore: Simoore Ibraahiima   Aaya:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۚ إِن يَشَأۡ يُذۡهِبۡكُمۡ وَيَأۡتِ بِخَلۡقٖ جَدِيدٖ
Оо, адам! Билесиңби? Албетте Аллах асмандар менен жерди акыйкат үчүн жаратты. Мына ошондуктан ал экөөсүн максатсыз жараткан жок. Эгер Аллах силерди жок кылып ордуңарга Өзүнө гана сыйынган, моюн сунган башка адамдарды алып келүүнү кааласа, анда силерди жок кылып Өзүнө гана сыйынган, моюн сунган башка адамдарды алып келип коёт. Анткени ал иш Аллахка өтө жеңил.
Faccirooji aarabeeji:
وَمَا ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ بِعَزِيزٖ
Силерди кыйратып силерден башка адамдарды алып келүү Ага оор эмес. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны алсырата турган эч нерсе жок.
Faccirooji aarabeeji:
وَبَرَزُواْ لِلَّهِ جَمِيعٗا فَقَالَ ٱلضُّعَفَٰٓؤُاْ لِلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا كُنَّا لَكُمۡ تَبَعٗا فَهَلۡ أَنتُم مُّغۡنُونَ عَنَّا مِنۡ عَذَابِ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٖۚ قَالُواْ لَوۡ هَدَىٰنَا ٱللَّهُ لَهَدَيۡنَٰكُمۡۖ سَوَآءٌ عَلَيۡنَآ أَجَزِعۡنَآ أَمۡ صَبَرۡنَا مَا لَنَا مِن مَّحِيصٖ
Убада берилген күнү адамдар кабырларынан Аллахтын алдына чыгышты. Ошондо ээрчиген алсыз адамдар аттуу-баштууларга айтышты: «Оо, эл башчылары! Чындыгында биз силердин буйруган буйруктарыңарды аткарып, тыйган нерселериңерден тыйылып силерди ээрчидик эле. Эми силер бизди Аллахтын азабынан куткара аласыңарбы?» Аттуу-баштуулар мындай деп жооп беришти: «Эгерде Аллах бизди туура жолго баштаса, анда биз дагы силерди туура жолго багыттайт элек. Ошондо баарыбыз Аллахтын азабынан кутулмакпыз. Бирок биз адаштык жана силерди да адаштырдык. Эми азап бизге да силерге да аны көтөрүүдө алсыздык кылабызбы же сабыр кылабызбы бирдей болот. Бизди ал азаптан эч ким куткарбайт».
Faccirooji aarabeeji:
وَقَالَ ٱلشَّيۡطَٰنُ لَمَّا قُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ إِنَّ ٱللَّهَ وَعَدَكُمۡ وَعۡدَ ٱلۡحَقِّ وَوَعَدتُّكُمۡ فَأَخۡلَفۡتُكُمۡۖ وَمَا كَانَ لِيَ عَلَيۡكُم مِّن سُلۡطَٰنٍ إِلَّآ أَن دَعَوۡتُكُمۡ فَٱسۡتَجَبۡتُمۡ لِيۖ فَلَا تَلُومُونِي وَلُومُوٓاْ أَنفُسَكُمۖ مَّآ أَنَا۠ بِمُصۡرِخِكُمۡ وَمَآ أَنتُم بِمُصۡرِخِيَّ إِنِّي كَفَرۡتُ بِمَآ أَشۡرَكۡتُمُونِ مِن قَبۡلُۗ إِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Бейиш ээлери бейишке жана тозок ээлери тозокко киришкенде шайтан мындай деди: «Чындыгында Аллах силерге акыйкат убада берди. Жана силерге берген убадасын аткарды. Ал эми мен жалган убада бердим. Жана силерге берген убадамды аткарган жокмун. Дүйнөдө мен силерди каапырлыкка жана адашууга мажбурлай турган эч кандай күчүм жок болчу. Болгону мен силерди каапырлыкка чакырып, күнөө иштерди кооз кылып көрсөттүм эле силер мени жарышып ээрчип кеттиңер. Андыктан силердин башыңарга түшкөн адашуу үчүн мени күнөөлөбөгүлө. Силер өзүңөрдү өзүңөр күнөөлөгүлө. Ал бирөөнү жемелөөдөн жакшыраак. Мен силерди азаптан куткарып жардам бере албайм. Силер дагы мени азаптан куткарып жардам бере албайсыңар. Силер мени Аллахка сыйынууда Ага шерик кылууңарды четке кактым. Чындыгында дүйнөдө Аллахка шерик келтирип, ага каапыр болгон залымдарды кыямат күнү күтүп турган жан ооруткан азап бар».
Faccirooji aarabeeji:
وَأُدۡخِلَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا بِإِذۡنِ رَبِّهِمۡۖ تَحِيَّتُهُمۡ فِيهَا سَلَٰمٌ
Ал эми залымдардын бара турган жеринин карама каршысында, ыйман келтиргендер жана жакшы иш-аракеттерди аткаргандарды кан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейишке киргизди. Алар ал жакта Раббисинин уруксаты жана кудурети менен гана түбөлүк жашашат. Алар бири-бири менен саламдашышат жана периштелер да алар менен саламдашат. Ошондой эле Раббиси аларга Өзүнүн саламы менен аларга салам берет.
Faccirooji aarabeeji:
أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا كَلِمَةٗ طَيِّبَةٗ كَشَجَرَةٖ طَيِّبَةٍ أَصۡلُهَا ثَابِتٞ وَفَرۡعُهَا فِي ٱلسَّمَآءِ
Оо, пайгамбар! Аллах «Аллахтан башка кудай жок» деген күбөлүк келмесине кандай мисал келтиргенин билесиңби? Ал ага мөмөлүү даракты мисал кылды. Ал дарак курма дарагы. Ал дарактын сөңгөгү жердин түбүнө терең кирип, жакшы тамырлары менен суу ичет. Ал эми анын бутактары асманга көтөрүлүп, шүдүрүмдөн ичет жана таза аба менен дем алат.
Faccirooji aarabeeji:
Ina jeyaa e nafoore aayeeje ɗee e ngol hello:
• بيان سوء عاقبة التابع والمتبوع إن اجتمعا على الباطل.
Эгерде ээрчиген жана ээрчилген адамдар туура эмес жолдо биригип калышса, анда алардын акыбети жаман болору баяндалды.

• بيان أن الشيطان أكبر عدو لبني آدم، وأنه كاذب مخذول ضعيف، لا يملك لنفسه ولا لأتباعه شيئًا يوم القيامة.
Адам баласынын эң чоң душманы шайтан жана ал жалганчы, кордук көргөн алсыз экендиги баяндоо. Ал кыямат күнү өзүнө да жана аны ээрчигендерге да жардам бере албайт.

• اعتراف إبليس أن وعد الله تعالى هو الحق، وأن وعد الشيطان إنما هو محض الكذب.
Шайтан Аллах тааланын убадасы акыйкат убада экенин мойнуна алды. Жана шайтандын убадасы анык жалган.

• تشبيه كلمة التوحيد بالشجرة الطيبة الثمر، العالية الأغصان، الثابتة الجذور.
Күбөлүк келмеси – мөмөсү мол, шактары бийик жана сөңгөгү бекем даракка окшоштурулду.

 
Firo maanaaji Simoore: Simoore Ibraahiima
Tippudi cimooje Tonngoode hello ngoo
 
Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. - Tippudi firooji ɗii

iwde e galle Firo jaŋdeeji Alkur'aana.

Uddude