Check out the new design

Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. * - Tippudi firooji ɗii


Firo maanaaji Aaya: (10) Simoore: Simoore Ibraahiima
۞ قَالَتۡ رُسُلُهُمۡ أَفِي ٱللَّهِ شَكّٞ فَاطِرِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ يَدۡعُوكُمۡ لِيَغۡفِرَ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمۡ وَيُؤَخِّرَكُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗىۚ قَالُوٓاْ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا تُرِيدُونَ أَن تَصُدُّونَا عَمَّا كَانَ يَعۡبُدُ ءَابَآؤُنَا فَأۡتُونَا بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ
Аларга пайгамбарлары жооп кайтарып мындай деп айтышты: “Аллахты жалгыздоодо жана жалгыз Өзүнө сыйынууда шек барбы? Ал асмандар менен жердин жаратуучусу, ал экөөсүн мурун болбогондой көрүнүштө жаратты. Ал силердин өткөн күнөөңөрдү кечириш үчүн силерди Өзүнө ыйман келтирүүгө чакырып жатат. Силерди дүйнө жашоосундагы белгиленген ажалыңар келгиче кечиктирет”. Ошондо элдери пайгамбарларына мындай дейт: “Силер бизге окшогон адам эмессиңерби? Силерде бизден өзгөчө боло турган нерсе жок го. Силер мурун ата-бабаларыбыз сыйынган нерседен бизди алыстатууну каалап жатасыңарбы? Анда силер бизге Аллахтан келген пайгамбарларбыз деген сөзүңөргө чынчыл болсоңор ачык далил алып келгилечи?”
Faccirooji aarabeeji:
Ina jeyaa e nafoore aayeeje ɗee e ngol hello:
• من وسائل الدعوة تذكير المدعوين بنعم الله تعالى عليهم، خاصة إن كان ذلك مرتبطًا بنعمة كبيرة، مثل نصر على عدوه أو نجاة منه.
Даават кылуу жолдорунун бири даават кылынып жаткандарга Аллахтын аларга кылган жакшылыктарын эскертүү. Айрыкча ал чоң жакшылыктарга байланыштуу болсо. Мисалы, Аллах сага душманыңдын үстүнөн жеңиш бериши же сени душманыңдан куткарышы.

• من فضل الله تعالى أنه وعد عباده مقابلة شكرهم بمزيد الإنعام، وفي المقابل فإن وعيده شديد لمن يكفر به.
Аллахтын бизге берген жакшылыктарынын бири Ал Өзүнө шүгүр кылган пенделерине жакшылыгын ашырып берет. Ал эми ким Аллахка каапырлык кылса, анда ага Анын жазасы өтө катаал.

• كفر العباد لا يضر اللهَ البتة، كما أن إيمانهم لا يضيف له شيئًا، فهو غني حميد بذاته.
Пенделердин каапырлык кылганы Аллахка эч зыян бербейт. Ошондой эле пенделердин ыйман келтирүүсү Аллахтын мүлкүнө эч бир нерсени кошпойт. Анткени Ал эч нерсеге муктаж эмес мактоого татыктуу Зат.

 
Firo maanaaji Aaya: (10) Simoore: Simoore Ibraahiima
Tippudi cimooje Tonngoode hello ngoo
 
Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. - Tippudi firooji ɗii

iwde e galle Firo jaŋdeeji Alkur'aana.

Uddude