Check out the new design

Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. * - Tippudi firooji ɗii


Firo maanaaji Aaya: (198) Simoore: Simoore nagge
لَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٌ أَن تَبۡتَغُواْ فَضۡلٗا مِّن رَّبِّكُمۡۚ فَإِذَآ أَفَضۡتُم مِّنۡ عَرَفَٰتٖ فَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ عِندَ ٱلۡمَشۡعَرِ ٱلۡحَرَامِۖ وَٱذۡكُرُوهُ كَمَا هَدَىٰكُمۡ وَإِن كُنتُم مِّن قَبۡلِهِۦ لَمِنَ ٱلضَّآلِّينَ
Ажылык маалында соода жана башка нерселер менен адал ырыскы издөө күнөө эмес. Тогузунчу күнү Арафатта турганыңардан кийин Зулхижжанын онунчу түнү Муздалифаны көздөй жөнөгөнүңөрдө, ал жердеги Аль-Машар аль-Харамда Аллахты аруулоо, келме айтуу, дуба кылуу менен зикир кылгыла. Аллах силерди диний белгилерине жана Анын үйүнө ажылык кылуу жөрөлгөлөрүнө багытташ үчүн Аны зикир кылгыла. Анткени силер буга чейин Анын шариятынан бейкапар элеңер.
Faccirooji aarabeeji:
Ina jeyaa e nafoore aayeeje ɗee e ngol hello:
• يجب على المؤمن التزود في سفر الدنيا وسفر الآخرة، ولذلك ذكر الله أن خير الزاد هو التقوى.
Ыймандуу адам дүйнө жана акырет сапары үчүн азык камдоого тийиш. Ошол себептен Аллах азыктын эң жакшысы – такыбалык деп айтты.

• مشروعية الإكثار من ذكر الله تعالى عند إتمام نسك الحج.
Ажы ибадаттары толук бүткөндө Аллахты көп зикир кылуу шариятта келген.

• اختلاف مقاصد الناس؛ فمنهم من جعل همّه الدنيا، فلا يسأل ربه غيرها، ومنهم من يسأله خير الدنيا والآخرة، وهذا هو الموفَّق.
Адамдардын максаттары ар түрдүү болгондуктан, алардын кээ бирлери дүйнөнү гана көздөп, Раббисинен андан башканы сурашпайт. Ал эми кээ бирлери Андан дүйнө жана акырет жакшылыктарын сурашат. Мына ушунусу ийгиликке жетет.

 
Firo maanaaji Aaya: (198) Simoore: Simoore nagge
Tippudi cimooje Tonngoode hello ngoo
 
Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. - Tippudi firooji ɗii

iwde e galle Firo jaŋdeeji Alkur'aana.

Uddude