Check out the new design

Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. * - Tippudi firooji ɗii


Firo maanaaji Simoore: Simoore anfaali   Aaya:
وَإِن يُرِيدُوٓاْ أَن يَخۡدَعُوكَ فَإِنَّ حَسۡبَكَ ٱللَّهُۚ هُوَ ٱلَّذِيٓ أَيَّدَكَ بِنَصۡرِهِۦ وَبِٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Оо, пайгамбар, эгер алар согушту таштап, тынч жашоого макул болууда, согушка даярданып алуу үчүн, сени алдоону максат кылган болсо, алардын айла-амалынан жана алдамчылыгынан сени сактоого Аллах жетиштүү. Ал Аллах Өзүнүн жардамы менен сени кубаттандырды го, мухажир жана ансарлардан турган ыймандуулардын жардамы менен сени кубаттандырды го.
Faccirooji aarabeeji:
وَأَلَّفَ بَيۡنَ قُلُوبِهِمۡۚ لَوۡ أَنفَقۡتَ مَا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا مَّآ أَلَّفۡتَ بَيۡنَ قُلُوبِهِمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ أَلَّفَ بَيۡنَهُمۡۚ إِنَّهُۥ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Сага жардам берген ыймандуулардын жүрөктөрүн бириктирип койду, мурда алардын жүрөктөрү чачыранды болчу. Сен жер бети толо байлык жумшасаң да алардын жүрөктөрүн бириктире алмак эмессиң. Аллах Жалгыз Өзү алардын жүрөгүн бириктирип койду, анткени, Ал падышалыгында Ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, шариятында, башкаруусунда жана тагдыр кылууда Өкүмдөр.
Faccirooji aarabeeji:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ حَسۡبُكَ ٱللَّهُ وَمَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Оо, пайгамбар, душмандарыңдын жамандыгынан сактоого сага Аллах жетиштүү, ыймандууларга да жетиштүү. Аллахка ишенип, Ага сүйөнгүн.
Faccirooji aarabeeji:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ حَرِّضِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ عَلَى ٱلۡقِتَالِۚ إِن يَكُن مِّنكُمۡ عِشۡرُونَ صَٰبِرُونَ يَغۡلِبُواْ مِاْئَتَيۡنِۚ وَإِن يَكُن مِّنكُم مِّاْئَةٞ يَغۡلِبُوٓاْ أَلۡفٗا مِّنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَفۡقَهُونَ
Оо, пайгамбар, ыймандууларды согушка кызыктыр, алардын чечкиндүүлүгүн күчөтүп, кам-пикирин ойгото тургандай шыктандыр. Оо, ыймандуулар, эгер силерден каапырлардын чабуулуна сабыр кыла турган жыйырма жоокер болсо, каапырлардын эки жүзүнө тең келет. А эгер мындай сабырдуулардан жүзү болсо, каапырлардын миңине тең келет; себеби, Аллахтын досторуна жардам берчү жана душмандарын кыйратчу адатын каапырлар билишпейт. Алар согушуудагы максатты да билбейт, болгону дүйнө жашоосунда жогору болуу үчүн согушушат.
Faccirooji aarabeeji:
ٱلۡـَٰٔنَ خَفَّفَ ٱللَّهُ عَنكُمۡ وَعَلِمَ أَنَّ فِيكُمۡ ضَعۡفٗاۚ فَإِن يَكُن مِّنكُم مِّاْئَةٞ صَابِرَةٞ يَغۡلِبُواْ مِاْئَتَيۡنِۚ وَإِن يَكُن مِّنكُمۡ أَلۡفٞ يَغۡلِبُوٓاْ أَلۡفَيۡنِ بِإِذۡنِ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ مَعَ ٱلصَّٰبِرِينَ
Оо, ыймандуулар, Аллах силердин алсыздыгыңарды билип, силердин милдетиңерди жеңилдетти, силерге ырайым кылганы үчүн ушинтти. Эми силердин бирөөңөргө каапырлардан ону эмес, экөөсү эле туура келет. Каапырлар менен согушууда силерден жүз адам болсо, алардын эки жүзүнө үстөмдүк кылат. А эгер силерден согушта миң сабырдуу болсо, Аллахтын каалоосу менен эки миң каапырга үстөмдүк кылат. Жардам берүүдө жана колдоодо Аллах ыймандуулардын сабырдуулары менен бирге.
Faccirooji aarabeeji:
مَا كَانَ لِنَبِيٍّ أَن يَكُونَ لَهُۥٓ أَسۡرَىٰ حَتَّىٰ يُثۡخِنَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ تُرِيدُونَ عَرَضَ ٱلدُّنۡيَا وَٱللَّهُ يُرِيدُ ٱلۡأٓخِرَةَۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Пайгамбарда өлүмдү көбөйтүү үчүн (мусулмандар менен) согушкан каапырлардын туткундары болбоосу керек (б.а. колго түшкөн туткундар өлтүрүлүүсү керек болчу). Бул, алар кайрадан согушпоосу үчүн алардын жүрөгүнүн үшүн алмак. А силер болсо, эй, ыймандуулар, Бадр согушунда туткунга түшкөндөргө кун-акы алып бошотууну каалайсыңар. Аллах болсо динге жардам берүү жана аны ызаттуу кылуу менен жете турган акыретти каалайт. Аллах затында, сыпатында жана каар-кудуреттүүлүгүндө ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Шарият жана тагдыр кылууда Өкүмдар, Даанышман.
Faccirooji aarabeeji:
لَّوۡلَا كِتَٰبٞ مِّنَ ٱللَّهِ سَبَقَ لَمَسَّكُمۡ فِيمَآ أَخَذۡتُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ
Эгер Аллахтын каза-кадары (тагдырлар) жазылган китебинде силерге олжолор жана туткундардын кун-акысы адал деп жазылбаганда, силерге Аллахтан катуу жаза берилмек. Анткени, силер Аллахтан мунун ыктыярдуу экендиги тууралуу аян-кабар түшө электе эле олжолорду олжолоп, туткундардын ордуна кун-акы төлөтүп бошотуп жибердиңер.
Faccirooji aarabeeji:
فَكُلُواْ مِمَّا غَنِمۡتُمۡ حَلَٰلٗا طَيِّبٗاۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, ыймандуулар, эми каапырлардан алган олжоңорду жей бергиле, ал силерге адал. Аллахтын буйруктарын аткарууда жана тыюуларынан тыйылууда Аллахка такыба болгула. Чынында, Аллах ыймандуу пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу.
Faccirooji aarabeeji:
Ina jeyaa e nafoore aayeeje ɗee e ngol hello:
• في الآيات وَعْدٌ من الله لعباده المؤمنين بالكفاية والنصرة على الأعداء.
Аяттарда душмандарга каршы ыймандууларга Аллахтын жетиштүү жардамы бар экени убада кылынган

• الثبات أمام العدو فرض على المسلمين لا اختيار لهم فيه، ما لم يحدث ما يُرَخِّص لهم بخلافه.
Душманга бет келгенде бекем туруу мусулмандардын эркиндеги иш эмес, алардын парз-милдети, эгер чегинүүгө уруксат берилген башка себеп болбосо

• الله يحب لعباده معالي الأمور، ويكره منهم سَفْسَافَها، ولذلك حثهم على طلب ثواب الآخرة الباقي والدائم.
Аллах пенделерине барандуу, түбөлүктүү иштерди жакшы көрөт, пайдасыз, убактылуу иштерди жек көрөт. Ошон үчүн аларды түбөлүкт калуучу акырет соопторун талап кылууга үндөйт.

• مفاداة الأسرى أو المنّ عليهم بإطلاق سراحهم لا يكون إلا بعد توافر الغلبة والسلطان على الأعداء، وإظهار هيبة الدولة في وجه الآخرين.
Туткундарды кун-акы алып бошотуу, же жөн эле аларга ырайым кылып бошотуп жиберүү, душмандарга үстөмдүк кылып турган учурда жана Ислам мамлекетинин башкаларга таасири тийип турган учурда гана болот

 
Firo maanaaji Simoore: Simoore anfaali
Tippudi cimooje Tonngoode hello ngoo
 
Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. - Tippudi firooji ɗii

iwde e galle Firo jaŋdeeji Alkur'aana.

Uddude