Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Ƙirgiziyanci - Shamsuddi Hakimuf * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Fassarar Ma'anoni Sura: Al'ma'ida   Aya:
لُعِنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۢ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ عَلَىٰ لِسَانِ دَاوُۥدَ وَعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَواْ وَّكَانُواْ يَعۡتَدُونَ
Исраил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Исанын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандары себептүү болду.
Tafsiran larabci:
كَانُواْ لَا يَتَنَاهَوۡنَ عَن مُّنكَرٖ فَعَلُوهُۚ لَبِئۡسَ مَا كَانُواْ يَفۡعَلُونَ
(Дагы) алар жасап жаткан күнөө иштерден бири-бирин кайтарышкан эмес. Бул иштери кандай жаман![1]
[1] Арам иштен кайтарбай коюунун төмөндөгүчө кесепеттери тиет: 1. Адамдын динге болгон кайраты өчөт. 2. Арамкор, бузукуларды андан бетер оолуктурат. Жакшылык тарапкерлерин алсыздандырат. 3. Илим (Шарият) азайып, наадандык көбөйөт. 4. Жаман жоругуна эч ким “кой” дебеген соң, билип-билбей жасап жаткандар “бул адаттагы эле иш турбайбы” деп, адал санап калышат. 5. Адеп кайталана берген жаман иш, адатка айланган соң, жакшылык сүрөтүндө көрүнүп калат. Мына ошондуктан, Аллах таала аяттын акырында: “Бул иштери кандай жаман!” - деп эскертип жатат.
Tafsiran larabci:
تَرَىٰ كَثِيرٗا مِّنۡهُمۡ يَتَوَلَّوۡنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۚ لَبِئۡسَ مَا قَدَّمَتۡ لَهُمۡ أَنفُسُهُمۡ أَن سَخِطَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡ وَفِي ٱلۡعَذَابِ هُمۡ خَٰلِدُونَ
Алардын көпчүлүгү каапырларды дос кылып алганын көрөсүң. Өз баштарына өздөрү келтирип алган - Аллахтын аларга болгон жек көрүүсү кандай жаман! Алар азапта түбөлүк калышат!
Tafsiran larabci:
وَلَوۡ كَانُواْ يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلنَّبِيِّ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مَا ٱتَّخَذُوهُمۡ أَوۡلِيَآءَ وَلَٰكِنَّ كَثِيرٗا مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ
Эгер алар Аллахка, пайгамбарга жана пайгамбарга (Аллахтан) түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришкенде, каапырларды дос кылып алмак эмес. Бирок, алардын көпчүлүгү (каапырды дос туткан) бузукулар.
Tafsiran larabci:
۞ لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ ٱلنَّاسِ عَدَٰوَةٗ لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱلۡيَهُودَ وَٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْۖ وَلَتَجِدَنَّ أَقۡرَبَهُم مَّوَدَّةٗ لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّا نَصَٰرَىٰۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّ مِنۡهُمۡ قِسِّيسِينَ وَرُهۡبَانٗا وَأَنَّهُمۡ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ
(О, Мухаммад!) Сен, момундарга адамдардан эң катуу душман болгону - яхудилер жана мушриктер экенин көрөсүң. Ал эми, “Биз - христиандарбыз” дегендери, момундарга жакыныраак дос экенин көрөсүң. Мунун себеби алардын арасында (яхудилер сыяктуу орой эмес) дин аалымдары жана кечилдери бар, Алар текеберленишпейт.
Tafsiran larabci:
وَإِذَا سَمِعُواْ مَآ أُنزِلَ إِلَى ٱلرَّسُولِ تَرَىٰٓ أَعۡيُنَهُمۡ تَفِيضُ مِنَ ٱلدَّمۡعِ مِمَّا عَرَفُواْ مِنَ ٱلۡحَقِّۖ يَقُولُونَ رَبَّنَآ ءَامَنَّا فَٱكۡتُبۡنَا مَعَ ٱلشَّٰهِدِينَ
Алар пайгамбарга түшүрүлгөн нерсени (Куранды) уккан кезде, өздөрүнө тааныш болгон акыйкат(ты укканы) себептүү, көздөрү жашка толгонун көрөсүң. (Анан алар): “О, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик! Бизди (Аллахтын жалгыздыгына эң туура) күбөлүк берүүчүлөрдүн (мусулмандардын) катарына жазып кой! - дешет.
Tafsiran larabci:
 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'ma'ida
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Ƙirgiziyanci - Shamsuddi Hakimuf - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Shamsuddin Hakimov Abdulkhaliƙ ne ya fassarasu, sannan an sabuntasu ƙarƙashin kulawar Cibiyar fassara ta Ruwad.

Rufewa