Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (16) Sura: Suratu Al'ra'ad
قُلۡ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ قُلِ ٱللَّهُۚ قُلۡ أَفَٱتَّخَذۡتُم مِّن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ لَا يَمۡلِكُونَ لِأَنفُسِهِمۡ نَفۡعٗا وَلَا ضَرّٗاۚ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُ أَمۡ هَلۡ تَسۡتَوِي ٱلظُّلُمَٰتُ وَٱلنُّورُۗ أَمۡ جَعَلُواْ لِلَّهِ شُرَكَآءَ خَلَقُواْ كَخَلۡقِهِۦ فَتَشَٰبَهَ ٱلۡخَلۡقُ عَلَيۡهِمۡۚ قُلِ ٱللَّهُ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖ وَهُوَ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّٰرُ
О, пайгамбар! Аллах менен бирге башка нерселерге да сыйынып жаткан каапырларга: “Асмандардын жана жердин Жаратуучусу жана ал экөөнү Башкаруучу ким?” деп айткын. О, пайгамбар! Дагы аларга: “Ал экөөнү Жаратуучу жана Башкаруучу – Аллах. Муну силер да моюнга аласыңар” деп айт. О, пайгамбар! Аларга дагы минтип айткын: “Аллахтан башка алсыз олуяларды өзүңөргө дос кылып алдыңарбы? Алар өздөрүнө пайда алып келе албайт, зыяндан сактана албайт. Анан кантип башкаларга жардам бере алмак эле?” О, пайгамбар! Аларга айткын: “Көкүрөгү көр каапыр менен туура жолдогу көрөгөч мусулман бирдейби? Же караңгы каапырлык менен нурдуу ыйман бирдейби?” Же Аллах Таалага жаратууда шерик болуштубу? Же алар Аллахтын жаратканындай жаратыштыбы? Алар Аллахтын жаратканын алардын шериктери жаратты деп аралаштырып алышты. О, пайгамбар! Аларга айткын: “Жалгыз Аллах бардык нерсени Жаратуучу. Жаратууда Ага эч ким шерик эмес. Кудай болуу жалгыз Ага гана таандык. Ал жалгыз Өзү гана ибадат кылууга татыктуу жана бардык нерсеге үстөмдүк кылуучу.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• بيان ضلال المشركين في دعوتهم واستغاثتهم بغير الله تعالى، وتشبيه حالهم بحال من يريد الشرب فيبسط يده للماء بلا تناول له، وليس بشارب مع هذه الحالة؛ لكونه لم يتخذ وسيلة صحيحة لذلك.
Мушриктердин Аллах тааладан башка нерседен коргоо сурап жана башка нерсеге дуба кылып адашкандарын баяндоо. Алардын абалын суу ичем деп колун сууга сунуп бирок суу суза албаган адамдын абалына окшош. Ал адам бул абалда суу иче албайт. Анткени ал нерсеге туура себепти колдонгон жок.

• أن من وسائل الإيضاح في القرآن: ضرب الأمثال وهي تقرب المعقول من المحسوس، وتعطي صورة ذهنية تعين على فهم المراد.
Курандагы түшүндүрүү жолдордун бири – мисалдарды келтирүү. Ал акылга сыя турган нерсени көрүнүктүү нерсе менен мисал кылуу. Анткени ал зээнде бир элести пайда кылып, максат кылынган нерсени түшүнүүгө жардам берет.

• إثبات سجود جميع الكائنات لله تعالى طوعًا، أو كرهًا بما تمليه الفطرة من الخضوع له سبحانه.
Жаратылган нерселердин бардыгы Аллах таалага моюн сунган абалда же аруу Аллахка моюн сунуу алардын таза табиятында болгондуктан, алар мажбур түрүндө сажда кылышат.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (16) Sura: Suratu Al'ra'ad
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa