Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (2) Sura: Suratu Al'ra'ad
ٱللَّهُ ٱلَّذِي رَفَعَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيۡرِ عَمَدٖ تَرَوۡنَهَاۖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِي لِأَجَلٖ مُّسَمّٗىۚ يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَ يُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّكُم بِلِقَآءِ رَبِّكُمۡ تُوقِنُونَ
Аллах силер көрүп турган бийик асмандарды тирөөчсүз жаратты. Андан соң эч бир нерсеге окшобогон жана кандай болгондугу белгисиз абалда Өзүнө ылайык келгендей Аршка көтөрүлүп бийиктеди. Жана Күн менен Айды адамдардын пайдалары үчүн баш ийдирди. Аллахтын илиминде Күн дагы Ай дагы белгиленген мөөнөткө чейин жүрөт. Аллах асмандар менен жердеги иштерди Өзү каалагандай башкарат. Кыямат күнү Раббиңер менен жолугууга толук ишенип, ага жакшылык иштер менен даярдангыла деген үмүттө Ал Өзүнүн кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерди ачыктап көрсөтөт.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• إثبات قدرة الله سبحانه وتعالى والتعجب من خلقه للسماوات على غير أعمدة تحملها، وهذا مع عظيم خلقتها واتساعها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана Анын асмандарды жаратуусуна болгон таң калуусун баса белгилөө. Ал асмандар эбегейсиз чоңдугуна жана кеңдигине карабастан эч кандай тирөөчтөрү жок кармалып турат.

• إثبات قدرة الله وكمال ربوبيته ببرهان الخلق، إذ ينبت النبات الضخم، ويخرجه من البذرة الصغيرة، ثم يسقيه من ماء واحد، ومع هذا تختلف أحجام وألوان ثمراته وطعمها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана кемчиликсиз жаратуучулук сыпатын тастыктоо. Буга Анын жараткандары далил болот, мисалы чоң дарак кичинекей данектен өсүп-өнүп чыгат, кийин бир жерден сугарылат, бирок ага карабастан мөмө-жемиштеринин көлөмдөрү, түстөрү жана даамдары ар кандай болот.

• أن إخراج الله تعالى للأشجار الضخمة من البذور الصغيرة، بعد أن كانت معدومة، فيه رد على المشركين في إنكارهم للبعث؛ فإن إعادة جمع أجزاء الرفات المتفرقة والمتحللة في الأرض، وبعثها من جديد، بعد أن كانت موجودة، هو بمنزلة أسهل من إخراج المعدوم من البذرة.
Аллах тааланын жок эле даракты кичинекей данектен чоң кылып өстүрүп чыгаруусунда кайра тирилүүнү четке каккан мушриктерге каршы жооп камтылган. Чындыгында мурда бар болуп кийин жер астында чирип жок болуп кеткен дененин бөлүктөрүн кайра жыйноо жана анын мурдагыдай кылып жаңыдан кайра тирилтүү – бул мурда жок болгон даракты данектен чыгаргандан да жеңилирээк.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (2) Sura: Suratu Al'ra'ad
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa