Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (33) Sura: Suratu Al'ra'ad
أَفَمَنۡ هُوَ قَآئِمٌ عَلَىٰ كُلِّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡۗ وَجَعَلُواْ لِلَّهِ شُرَكَآءَ قُلۡ سَمُّوهُمۡۚ أَمۡ تُنَبِّـُٔونَهُۥ بِمَا لَا يَعۡلَمُ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَم بِظَٰهِرٖ مِّنَ ٱلۡقَوۡلِۗ بَلۡ زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ مَكۡرُهُمۡ وَصُدُّواْ عَنِ ٱلسَّبِيلِۗ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٖ
Бардык жаратылыштын ырыскыларын сактоону өз милдетине алган, бүткүл адамдардын иш-аракеттерин көзөмөлдөөчү жана кылган иштерине жараша жаза же сыйлык берген Зат сыйынылууга татыктуураакпы же таптакыр сыйынылууга татыбаган бул айкелдерби? Каапырлар буларды Аллахка зулумдук кылышып жана жалгандан шерик кылып жатышат. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: “Эгер айтып жаткан нерсеңерде чынчыл болсоңор, силер Аллахка кошуп сыйынып жаткан кудайчаларыңардын аттарын атап бергилечи. Же эмне Аллахка силер жер жүзүндө Ал билбеген шериктер жөнүндө кабар берип жатасыңарбы? Же эч далилсиз үстүртөн айтылган бош сөздү Ага кабарлап жатасыңарбы?”. Жок! Шайтан каапырлардын жаман айлакерликтерин аларга кооздоп көрсөттү жана ушунун натыйжасында алар Аллахка каапыр болушту. Жана аларды хидаяттан жана туура жолдон тосуп койду. Кимди Аллах туура жолдон адаштырса, аны туура жолго салуучу эч ким жок.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• أن الأصل في كل كتاب منزل أنه جاء للهداية، وليس لاستنزال الآيات، فذاك أمر لله تعالى يقدره متى شاء وكيف شاء.
Түшүрүлгөн ар бир китеп негизи туура жол үчүн келген. Аяттарынын түшүрүлүүсү талап кылынганы үчүн келген эмес. Бул да болсо Аллах таалага таандык буйругу. Аны качан жана кандай кааласа тагдыр кылат.

• تسلية الله تعالى للنبي صلى الله عليه وسلم، وإحاطته علمًا أن ما يسلكه معه المشركون من طرق التكذيب، واجهه أنبياء سابقون.
Аллахтын пайгамбардын көңүлүн көтөрүүсү. Жана мушриктер пайгамбарды жалганга чыгарган ыкмаларга мурдагы пайгамбарлар да кабылышканын Аллахтын ага толук билдирүүсү.

• يصل الشيطان في إضلال بعض العباد إلى أن يزين لهم ما يعملونه من المعاصي والإفساد.
Шайтан кээ бир адамдарды адаштырууда алардын кылып жаткан бузуку жана күнөө иштерин кооз кылып көрсөтүүгө чейин барат.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (33) Sura: Suratu Al'ra'ad
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa