Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (36) Sura: Suratu Al'nahl
وَلَقَدۡ بَعَثۡنَا فِي كُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱجۡتَنِبُواْ ٱلطَّٰغُوتَۖ فَمِنۡهُم مَّنۡ هَدَى ٱللَّهُ وَمِنۡهُم مَّنۡ حَقَّتۡ عَلَيۡهِ ٱلضَّلَٰلَةُۚ فَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُكَذِّبِينَ
Биз мурунку ар бир коомго пайгамбар жибергенбиз. Ал өз коомун жалгыз Аллахка сыйынууга жана Андан башка айкелдер менен шайтандарга сыйынууну таштоону буйруган. Алардын арасында Аллах ийгилик берип Ага ыйман келтиргендери жана пайгамбары алып келгенди ээрчигендери бар. Жана алардын арасында Аллахка каапырлык кылгандары жана пайгамбарынан баш тарткандары бар. Аллах аларга ийгилик бербеди. Андыктан аларга адашуу милдет болду. Эми жалганчылардын башына азап жана кыйроо түшкөндөн кийин алардын акыбети кандай болгонун өз көзүңөр менен көрүш үчүн жер бетин кыдыргыла!
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• العاقل من يعتبر ويتعظ بما حل بالضالين المكذبين كيف آل أمرهم إلى الدمار والخراب والعذاب والهلاك.
Акылдуу адам адашкандардын, жалганга чыгаргандардын акыбети кандай кыйроого, азапка жана жок болууга алып келгенин көрүп сабак алат.

• الحكمة من البعث والمعاد إظهار الله الحقَّ فيما يختلف فيه الناس من أمر البعث وكل شيء.
Кайра тирилүүнүн жана акыретке кайтуунун түпкү максаты – адамдардын кайра тирилүү жана башка нерселер тууралуу талашып тартышуусундагы акыйкатты ачыкка чыгаруу.

• فضيلة الصّبر والتّوكل: أما الصّبر: فلما فيه من قهر النّفس، وأما التّوكل: فلأن فيه الثقة بالله تعالى والتعلق به.
Сабырдуулук жана тобокелчиликтин артыкчылыгы көп. Сабырдуулук напсини тыйдырат. Тобокелчилик Аллахка болгон ишеним жана байланышты (бекемдейт).

• جزاء المهاجرين الذين تركوا ديارهم وأموالهم وصبروا على الأذى وتوكّلوا على ربّهم، هو الموطن الأفضل، والمنزلة الحسنة، والعيشة الرّضية، والرّزق الطّيّب الوفير، والنّصر على الأعداء، والسّيادة على البلاد والعباد.
Өз мекенин, мал-мүлкүн таштап, кыйноолорго сабыр кылып жана Раббисине тобокел кылып Аллах жолунда көчкөндөрдүн сыйлыгы – эң жакшы турак-жай, эң бийик даража, бакубат жашоо, кенен адал ырыскы, душмандарды жеңүү, өлкөлөрдү жана адамдарды башкаруу.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (36) Sura: Suratu Al'nahl
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa