Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (71) Sura: Suratu Al'nahl
وَٱللَّهُ فَضَّلَ بَعۡضَكُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ فِي ٱلرِّزۡقِۚ فَمَا ٱلَّذِينَ فُضِّلُواْ بِرَآدِّي رِزۡقِهِمۡ عَلَىٰ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَهُمۡ فِيهِ سَوَآءٌۚ أَفَبِنِعۡمَةِ ٱللَّهِ يَجۡحَدُونَ
Аллах таала силерге берген ырыскыда бириңерди башкаңардан артык кылып, силердин араңарда бай жана кедейлерди, башчы жана баш ийүүчүлөрдү кылды. Ал эми Аллах көп ырыскы берип артык кылгандары мал-мүлктө кулдары менен тең ата болуп алар менен шериктеш болобуз деп Аллахтын аларга берген нерселерин жокко чыгарышпайт. Эгерде алар өздөрүнө кулдары тең ата болуп шерик болуусун каалашпаса, анда неге Аллахка кулдарын Ага шерик кылууну каалап жатышат? Бул эмне деген зулумдук! Мындан да өткөн Аллахтын жакшылыктарын жокко чыгаруу барбы?!
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• جعل تعالى لعباده من ثمرات النخيل والأعناب منافع للعباد، ومصالح من أنواع الرزق الحسن الذي يأكله العباد طريًّا ونضيجًا وحاضرًا ومُدَّخَرًا وطعامًا وشرابًا.
Аллах таала пенделери үчүн курманын жана жүзүмдүн мөмөлөрүндө көптөгөн пайдаларды кылып койду. Адамдар аларды жаңы бышканда же эзилип бышканда же бышкан учурунда же сакталган абалда же тамак-ашта же суусундукта ар кандай түрдөгү ырыскы кылып пайдаланышат.

• في خلق النحلة الصغيرة وما يخرج من بطونها من عسل لذيذ مختلف الألوان بحسب اختلاف أرضها ومراعيها، دليل على كمال عناية الله تعالى، وتمام لطفه بعباده، وأنه الذي لا ينبغي أن يوحَّد غيره ويُدْعى سواه.
Кичинекей бал аарынын жаратылуусу жана жайыттар менен жерлердин ар түрдүүлүгүнө жараша анын ичинен чыккан ар кандай түстөгү таттуу бал – Аллахтын пенделерине болгон камкордугуна жана мээримдүүлүгүнө далил. Андыктан, жалгыз гана Аны сүйүү жана Ага гана дуба кылуу зарыл.

• من منن الله العظيمة على عباده أن جعل لهم أزواجًا ليسكنوا إليها، وجعل لهم من أزواجهم أولادًا تقرُّ بهم أعينهم، ويخدمونهم ويقضون حوائجهم، وينتفعون بهم من وجوه كثيرة.
Аллахтын пенделерине кылган улуу жакшылыктарынан – аларга эс алуулары үчүн жубайларды жаратуусу жана жубайларынан аларды кубанычка салган балдарды жаратуусу. Алар муктаждыктарына жардам беришет жана көп жактан пайда келтиришет.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (71) Sura: Suratu Al'nahl
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa