Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (72) Sura: Suratu Al'nahl
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُم بَنِينَ وَحَفَدَةٗ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِۚ أَفَبِٱلۡبَٰطِلِ يُؤۡمِنُونَ وَبِنِعۡمَتِ ٱللَّهِ هُمۡ يَكۡفُرُونَ
Оо, адамдар! Аллах силерге ынак болсун деп өзүңөрдөн жубайларды жаратты жана жубайларыңардан балдарды, неберелерди жаратты. Силерге эт, дан азыктары, мөмө-жемиштер сыяктуу адал тамак-аштарды ырыскы кылды. Эми алар жалган кудайларга жана айкелдерге ыйман келтирип жатышабы?! Санаса санак жетпеген Аллахтын көптөгөн жакшылыктарын жокко чыгарып, жалгыз Ага ыйман келтирип шүгүр кылышпай жатабы?!
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• جعل تعالى لعباده من ثمرات النخيل والأعناب منافع للعباد، ومصالح من أنواع الرزق الحسن الذي يأكله العباد طريًّا ونضيجًا وحاضرًا ومُدَّخَرًا وطعامًا وشرابًا.
Аллах таала пенделери үчүн курманын жана жүзүмдүн мөмөлөрүндө көптөгөн пайдаларды кылып койду. Адамдар аларды жаңы бышканда же эзилип бышканда же бышкан учурунда же сакталган абалда же тамак-ашта же суусундукта ар кандай түрдөгү ырыскы кылып пайдаланышат.

• في خلق النحلة الصغيرة وما يخرج من بطونها من عسل لذيذ مختلف الألوان بحسب اختلاف أرضها ومراعيها، دليل على كمال عناية الله تعالى، وتمام لطفه بعباده، وأنه الذي لا ينبغي أن يوحَّد غيره ويُدْعى سواه.
Кичинекей бал аарынын жаратылуусу жана жайыттар менен жерлердин ар түрдүүлүгүнө жараша анын ичинен чыккан ар кандай түстөгү таттуу бал – Аллахтын пенделерине болгон камкордугуна жана мээримдүүлүгүнө далил. Андыктан, жалгыз гана Аны сүйүү жана Ага гана дуба кылуу зарыл.

• من منن الله العظيمة على عباده أن جعل لهم أزواجًا ليسكنوا إليها، وجعل لهم من أزواجهم أولادًا تقرُّ بهم أعينهم، ويخدمونهم ويقضون حوائجهم، وينتفعون بهم من وجوه كثيرة.
Аллахтын пенделерине кылган улуу жакшылыктарынан – аларга эс алуулары үчүн жубайларды жаратуусу жана жубайларынан аларды кубанычка салган балдарды жаратуусу. Алар муктаждыктарына жардам беришет жана көп жактан пайда келтиришет.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (72) Sura: Suratu Al'nahl
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa