Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (96) Sura: Suratu Al'nahl
مَا عِندَكُمۡ يَنفَدُ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ بَاقٖۗ وَلَنَجۡزِيَنَّ ٱلَّذِينَ صَبَرُوٓاْ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Эй, адамдар! Силердин алдыңардагы мал-мүлктөр, ырахат-жыргалчылыктар канчалык көп болсо дагы акыры түгөнөт. Ал эми Аллахтын алдындагы сыйлыктар түбөлүктүү. Силер убактылуу нерсени түбөлүктүүдөн кантип артык көрүп жатасыңар? Убадаларын бузбай ага бекем болуп сабыр кылгандардын соопторун кылган ибадаттарынан да жакшыраак кылып беребиз. Жакшылыктын сыйлыгын он эседен жети жүз эсеге чейин же андан да эселеп көбөйтүп беребиз.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• العمل الصالح المقرون بالإيمان يجعل الحياة طيبة.
Ыйман менен биргеликте кылынган жакшы иш-аракеттер жашоону жакшы жакка өзгөртөт.

• الطريق إلى السلامة من شر الشيطان هو الالتجاء إلى الله، والاستعاذة به من شره.
Шайтандын жамандыктарынан коопсуз болуунун жолу – Аллахтан коргонуу издөө жана анын жамандыгынан коргоосун суроо.

• على المؤمنين أن يجعلوا القرآن إمامهم، فيتربوا بعلومه، ويتخلقوا بأخلاقه، ويستضيئوا بنوره، فبذلك تستقيم أمورهم الدينية والدنيوية.
Ыймандуулар үчүн Куранды жол башчы кылуулары милдет. Алар андагы илимдер менен тарбияланып, адеп-ахлактарга жетип, нуру менен нурдануулары зарыл. Мына ушулар менен алардын эки дүйнөдөгү иштери жөнгө салынат.

• نسخ الأحكام واقع في القرآن زمن الوحي لحكمة، وهي مراعاة المصالح والحوادث، وتبدل الأحوال البشرية.
Куран түшкөн заманда кандайдыр бир максатта анын кээ бир өкүмдөрү өчүрүлгөнү анык. Бул нерсе коомчулуктагы кызыкчылыктарды, окуяларды эске алуу жана андагы абалдардын өзгөрүүсүнөн улам болгон.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (96) Sura: Suratu Al'nahl
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa