Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (45) Sura: Suratu Al'kahf
وَٱضۡرِبۡ لَهُم مَّثَلَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا كَمَآءٍ أَنزَلۡنَٰهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ فَٱخۡتَلَطَ بِهِۦ نَبَاتُ ٱلۡأَرۡضِ فَأَصۡبَحَ هَشِيمٗا تَذۡرُوهُ ٱلرِّيَٰحُۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ مُّقۡتَدِرًا
Оо, пайгамбар! Бул дүйнөгө азгырылган адамдарга дүйнөнүн тез өтүп кетүүсүн мисал келтиргин. Бул дүйнөнүн мисалы Биз асмандан жаадырган жамгырдын суусу сыяктуу. Ал жамгыр суусу менен жерден ар кандай өсүмдүктөр өнүп чыгып бышып жетилет. Андан кийин өсүмдүктөр сынып майдаланып шамал аларды ар жакка учуруп жок кылат. Жер кайрадан өз абалына келет. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аны эч нерсе алсыз кыла албайт. Ал каалаган нерсесин калтырат. Каалаган нерсесин жок кылат.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• على المؤمن ألا يستكين أمام عزة الغني الكافر، وعليه نصحه وإرشاده إلى الإيمان بالله، والإقرار بوحدانيته، وشكر نعمه وأفضاله عليه.
Мусулман адам каапырдын байлыгынын алдында өзүн кор тутпаш керек. Ага наасатын айтып Аллахка ыйман келтирүүгө, Анын жалгыздыгын моюнга алууга жана Анын жакшылыктарына шүгүр кылууга багыттоосу зарыл.

• ينبغي لكل من أعجبه شيء من ماله أو ولده أن يضيف النعمة إلى مُولِيها ومُسْدِيها بأن يقول: ﴿ما شاءَ اللهُ لا قُوَّةَ إلَّا بِاللهِ﴾.
Ким өзүнүн мал-мүлкүнөн же бала-чакасынан аны суктандырган нерсени көрсө, анда ал жакшылыкты берген Затка аны таандык кылып «Муну Аллах каалады, Ал гана чыныгы күч-кубат Ээси» деп айтуусу зарыл.

• إذا أراد الله بعبد خيرًا عجل له العقوبة في الدنيا.
Эгерде Аллах пендесине жакшылык кааласа, анда ага бул дүйнөдө эле жазасын эртелетип берет.

• جواز الدعاء بتلف مال من كان ماله سبب طغيانه وكفره وخسرانه.
Байлыгы аны чектен ашууга, каапырлык кылууга түрткөн адамдын мал-мүлкү жок болсун деп дуба кылуу уруксат.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (45) Sura: Suratu Al'kahf
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa