Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'bakara   Aya:
وَلَمَّا جَآءَهُمۡ كِتَٰبٞ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِ مُصَدِّقٞ لِّمَا مَعَهُمۡ وَكَانُواْ مِن قَبۡلُ يَسۡتَفۡتِحُونَ عَلَى ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَلَمَّا جَآءَهُم مَّا عَرَفُواْ كَفَرُواْ بِهِۦۚ فَلَعۡنَةُ ٱللَّهِ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ
Качан аларга Аллах тараптан жалпы туура негиздерде Тоорат менен Инжилге шайкеш келген ыйык Куран келгенде, алар ал түшкөнгө чейин: «Биз жакында мушриктерди жеңебиз, пайгамбар келген кезде бизге жеңиш келет, биз ага ыйман келтирип, аны ээрчийбиз» – деп айтышчу. Ал эми аларга Куран жана Мухаммад, алар билген сыпатта жана алар билген акыйкатта келгенде, ага каапырлык кылышты. Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарга Аллахтын каргышы болсун!
Tafsiran larabci:
بِئۡسَمَا ٱشۡتَرَوۡاْ بِهِۦٓ أَنفُسَهُمۡ أَن يَكۡفُرُواْ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بَغۡيًا أَن يُنَزِّلَ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ فَبَآءُو بِغَضَبٍ عَلَىٰ غَضَبٖۚ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирүүдө алар өз бактысын алмаштырып жиберген нерсе кандай жаман! Алар Мухаммадга Куран жана пайгамбарлык түшкөнү үчүн көрө албастык жана зулумдук кылып, Аллах түшүргөн нерсеге каапырлык кылышты жана пайгамбарларын жалганга чыгарышты. Алар Мухаммадга каапырлык кылышканы жана ага чейин Тооратты бурмалашканы себептүү Аллахтын эселеген каарына татыктуу болушту. Ал эми кыямат күнү Мухаммаддын пайгамбарчылыгына каапырлык кылгандарга кордоочу азап бар.
Tafsiran larabci:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ ءَامِنُواْ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُواْ نُؤۡمِنُ بِمَآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا وَيَكۡفُرُونَ بِمَا وَرَآءَهُۥ وَهُوَ ٱلۡحَقُّ مُصَدِّقٗا لِّمَا مَعَهُمۡۗ قُلۡ فَلِمَ تَقۡتُلُونَ أَنۢبِيَآءَ ٱللَّهِ مِن قَبۡلُ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Ал жөөттөргө: «Аллах Өз элчисине түшүргөн акыйкатка жана туура жолго ыйман келтиргиле» – деп айтылса, алар: «Биз өзүбүздүн пайгамбарларга түшкөн нерсеге ыйман келтиребиз» – деп, андан башка Мухаммадга түшкөн нерсеге каапырлык кылышат, болбосо бул Куран алардагы Аллахтан келген нерсеге шайкеш келет. Эгер алар өздөрүнө түшүрүлгөнгө чындап ишенишсе, анда Куранга да ыйман келтиришмек. Оо, пайгамбар! Аларга жооп катары айт: «Эгер силер Аллахтын пайгамбарлары алып келген акыйкатка чындап ыйман келтирген болсоңор, эмне үчүн аларды өлтүрдүңөр?».
Tafsiran larabci:
۞ وَلَقَدۡ جَآءَكُم مُّوسَىٰ بِٱلۡبَيِّنَٰتِ ثُمَّ ٱتَّخَذۡتُمُ ٱلۡعِجۡلَ مِنۢ بَعۡدِهِۦ وَأَنتُمۡ ظَٰلِمُونَ
Силерге пайгамбарыңар Муса өзүнүн чынчылдыгын көрсөткөн ачык-айкын аят-белгилер менен келди. Андан соң Муса Раббиси менен убадалашкан жерге кеткенден кийин торпокту кудай кылып сыйынып алдыңар жана Аллахка ширк кылып залым болдуңар. Ал эми Аллах жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу.
Tafsiran larabci:
وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَكُمۡ وَرَفَعۡنَا فَوۡقَكُمُ ٱلطُّورَ خُذُواْ مَآ ءَاتَيۡنَٰكُم بِقُوَّةٖ وَٱسۡمَعُواْۖ قَالُواْ سَمِعۡنَا وَعَصَيۡنَا وَأُشۡرِبُواْ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلۡعِجۡلَ بِكُفۡرِهِمۡۚ قُلۡ بِئۡسَمَا يَأۡمُرُكُم بِهِۦٓ إِيمَٰنُكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Биз силерден Мусаны ээрчүү жана ал Аллахтан алып келген нерсени кабыл алуу тууралуу бекем убада алганыбызды эстегиле. Биз силерди коркутуу үчүн үстүңөргө тоону көтөрүп койдук жана силерге: «Биз Тооратта келтирген нерселерди олуттуу жана тырышчаактык менен алгыла жана кабыл алуу жана моюн сунуу менен уккула, болбосо үстүңөргө тоону кулатабыз» – деп айтканда, силер: «Кулагыбыз менен уктук, бирок иш жүзүндө баш ийген жокпуз» – дедиңер жана каапырлыгыңар себептүү торпокко сыйынуу жүрөгүңөргө отурукташып калды. Оо, пайгамбар! Айткын: «Эгер ыймандуу болсоңор, силерди Аллахка каапырлык кылууга буйруп жаткан бул ыйманыңар кандай жаман! Анткени чыныгы ыйманда каапырлык болбойт». Оо, пайгамбар! Бул силердин ыйманыңар буйруп жаткан нерсе кандай жаман - деп айт. Анткени, чыныгы ыйман, ага эч бир каапырлык аралашпайт.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• اليهود أعظم الناس حسدًا؛ إذ حملهم حسدهم على الكفر بالله وردِّ ما أنزل، بسبب أن الرسول صلى الله عليه وسلم لم يكن منهم.
Жөөттөр эң көрө албас адамдар. Анткени алардын көрө албастыгы Аллахка каапырлык кылууга жана Ал түшүргөн нерсени четке кагууга түрттү. Себеби пайгамбар алардан эмес болчу.

• أن الإيمان الحق بالله تعالى يوجب التصديق بكل ما أَنزل من كتب، وبجميع ما أَرسل من رسل.
Аллах таалага болгон чыныгы ыйман, Ал түшүргөн бардык китептерге жана Ал жиберген бардык пайгамбарларга ишенүүнү талап кылат.

• من أعظم الظلم الإعراض عن الحق والهدى بعد معرفته وقيام الأدلة عليه.
Чындыкты жана туура жолду билип туруп, ага далил келтиргенден кийин андан баш тартуу – эң чоң зулумдуктардан.

• من عادة اليهود نقض العهود والمواثيق، وهذا ديدنهم إلى اليوم.
Келишимдерди жана убадаларды бузуу жөөттөрдүн адаты жана ушул күнгө чейин кылып келген көнүмүш адаты.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'bakara
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa