Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Suratu Al'anbiyaa   Aya:

Анбия

daga cikin abunda Surar ta kunsa:
إثبات الرسالة وبيان وحدة غاية الأنبياء وعناية الله بهم.
Диндин бекемдиги, пайгамбарлардын максатынын бирдиги, Аларга Аллах Тааланын жардам берери тууралуу (айтылган).

ٱقۡتَرَبَ لِلنَّاسِ حِسَابُهُمۡ وَهُمۡ فِي غَفۡلَةٖ مُّعۡرِضُونَ
Адамдар кылган иштери үчүн Кыямат күнү бере турган сурактары жакындап калды. Бирок алар дүйнө менен алек болушканы үчүн акыреттен жүз буруп бейкапар жүрүшөт.
Tafsiran larabci:
مَا يَأۡتِيهِم مِّن ذِكۡرٖ مِّن رَّبِّهِم مُّحۡدَثٍ إِلَّا ٱسۡتَمَعُوهُ وَهُمۡ يَلۡعَبُونَ
Раббиси тараптан аларга Курандан кандай гана сөз келбесин, алар андагы нерселерге көңүл бурушпай, пайда да алышпай оюнкарактык менен гана угушту.
Tafsiran larabci:
لَاهِيَةٗ قُلُوبُهُمۡۗ وَأَسَرُّواْ ٱلنَّجۡوَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ هَلۡ هَٰذَآ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡۖ أَفَتَأۡتُونَ ٱلسِّحۡرَ وَأَنتُمۡ تُبۡصِرُونَ
Аны жүрөктөрү капилет болгон абалда угушту. Каапырлык кылган залимдер өз ара сырдашып: «Мына бу өзүн пайгамбармын деп жаткан адам силерден эч айырмасы жок силерге окшогон эле адам го?! Анын алып келгени сыйкыр. Эми силер анын өзүңөргө окшогон эле адам экенин жана анын алып келгени сыйкыр экенин билип туруп аны ээрчийсиңерби?!» – деп сүйлөшкөн сөздөрүн жашырышты.
Tafsiran larabci:
قَالَ رَبِّي يَعۡلَمُ ٱلۡقَوۡلَ فِي ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Пайгамбар айтты: «Раббим силер жашырган сөздү билет. Ал асмандар менен жердеги айтылган сөздөрдүн баарысын билет. Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын кылган иш-аракеттерин Билүүчү. Ал аларга кылган иштери үчүн сыйлыгын же жазасын берет».
Tafsiran larabci:
بَلۡ قَالُوٓاْ أَضۡغَٰثُ أَحۡلَٰمِۭ بَلِ ٱفۡتَرَىٰهُ بَلۡ هُوَ شَاعِرٞ فَلۡيَأۡتِنَا بِـَٔايَةٖ كَمَآ أُرۡسِلَ ٱلۡأَوَّلُونَ
Тескерисинче, алар Мухаммад алып келген нерсеге шектенип аны бирде: «Чечмелениши жок башаламан түштөр» – десе, бирде: «Жок! Эч кандай негизи жок өзү эле ойлоп тапкан нерсе» – дешти. Ал эми кээде: «Ал акын. Эгер ал айтып жаткан сөзүндө чынчыл болсо, анда абалкы пайгамбарлар алып келгендей керемет алып келсинчи. Алар Мусанын аса таягы, Салихтин төөсү өңдүү кереметтерди алып келишкен» – дешти.
Tafsiran larabci:
مَآ ءَامَنَتۡ قَبۡلَهُم مِّن قَرۡيَةٍ أَهۡلَكۡنَٰهَآۖ أَفَهُمۡ يُؤۡمِنُونَ
Бул сурап жаткандардан алдын өткөн бир дагы шаардын элдери ушундай аят-белгилерди алып келүүнү сурашканда аларга сураганындай алып келингенде да ыйман келтирген эмес. Алар тескерисинче аны жалганга чыгарышкан, ошондо Биз аларды кыйраттык. Эми ушулар ыйман келтиришмек беле?!
Tafsiran larabci:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا قَبۡلَكَ إِلَّا رِجَالٗا نُّوحِيٓ إِلَيۡهِمۡۖ فَسۡـَٔلُوٓاْ أَهۡلَ ٱلذِّكۡرِ إِن كُنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сага чейин адамзаттан эркектерди гана пайгамбар кылып жиберип, аларга вахий түшүргөнбүз. Биз аларга периштелерди жиберген эмеспиз. Эгерде муну билбесеңер, анда силерден мурунку Китеп ээлеринен сурагыла.
Tafsiran larabci:
وَمَا جَعَلۡنَٰهُمۡ جَسَدٗا لَّا يَأۡكُلُونَ ٱلطَّعَامَ وَمَا كَانُواْ خَٰلِدِينَ
Биз аларга жиберген пайгамбарларды тамак-аш жебеген денелүү адамдардан кылган жокпуз. Алар дагы башкалар сыяктуу тамак жешет. Жана алар бул дүйнөдө өлбөй түбөлүк калышпайт.
Tafsiran larabci:
ثُمَّ صَدَقۡنَٰهُمُ ٱلۡوَعۡدَ فَأَنجَيۡنَٰهُمۡ وَمَن نَّشَآءُ وَأَهۡلَكۡنَا ٱلۡمُسۡرِفِينَ
Кийин Биз пайгамбарларга берген убадабызды аткарып, аларды жана ыймандуулардан Өзүбүз каалагандарды кыйроодон куткардык. Жана Аллахка каапырлык кылып чектен чыккандарды жана күнөө кылгандарды кыйратып жок кылдык.
Tafsiran larabci:
لَقَدۡ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ كِتَٰبٗا فِيهِ ذِكۡرُكُمۡۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Биз силерге Куранды түшүрдүк. Анын ичинде силердин кадырыңар, сыймыгыңар бар, эгер ага ишенген болсоңор жана андагы айтылгандарды аткарган болсоңор. Ага акыл жүгүртпөйсүңөрбү, ага ыйман келтирүүгө шашылып, андагы келгендерди аткарбайсыңарбы?!
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• قُرْب القيامة مما يستوجب الاستعداد لها.
Кыяматтын жакындоосу билингенден кийин – ага даярдык көрүүнү талап кылат.

• انشغال القلوب باللهو يصرفها عن الحق.
Жүрөктөрдүн оюн-тамаша, курулай нерселер менен алек болушу – аны акыйкаттан тайдырат.

• إحاطة علم الله بما يصدر من عباده من قول أو فعل.
Пенделердин ар бир айткан сөзү, ар бир кылган иши Аллахтын илиминен, бардык нерсени билүүсүнөн чыгып кетпейт.

• اختلاف المشركين في الموقف من النبي صلى الله عليه وسلم يدل على تخبطهم واضطرابهم.
Пайгамбардын абалы тууралуу мушриктердин талашып тартышуусу – алардын дүрбөлөңгө түшүп, эмне кыларын билбей, тунгуюкка кептелгендигинен кабар берет.

• أن الله مع رسله والمؤمنين بالتأييد والعون على الأعداء.
Душмандарга каршы колдоо көрсөтүп, жардам берүүдө Аллах Өзүнүн пайгамбарлары жана ыймандуулар менен бирге болот.

• القرآن شرف وعز لمن آمن به وعمل به.
Куран – ага ишенген жана аны аткарган адам үчүн кадыр-барк жана сыймык.

وَكَمۡ قَصَمۡنَا مِن قَرۡيَةٖ كَانَتۡ ظَالِمَةٗ وَأَنشَأۡنَا بَعۡدَهَا قَوۡمًا ءَاخَرِينَ
Каапырлык кылып зулумдук кылышканы үчүн Биз нечендеген шаарларды жок кылдык жана алардан кийин башка коомдорду жараттык.
Tafsiran larabci:
فَلَمَّآ أَحَسُّواْ بَأۡسَنَآ إِذَا هُم مِّنۡهَا يَرۡكُضُونَ
Кыйроого учураган адамдар түп-орду менен жок кылуучу азабыбызды көрөр замат шаардан далбастап качып жөнөштү.
Tafsiran larabci:
لَا تَرۡكُضُواْ وَٱرۡجِعُوٓاْ إِلَىٰ مَآ أُتۡرِفۡتُمۡ فِيهِ وَمَسَٰكِنِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تُسۡـَٔلُونَ
«Качпагыла! Ырахаттанып көңүл ачкан абалыңарга жана үйүңөргө кайткыла! Балким бирөө жарым силердин дүнүйөңөрдөн бир нерсе сурайт чыгар» – деп какшыктап чакырышат.
Tafsiran larabci:
قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ
Күнөөлөрүн моюнга алган ал залимдар айтышты: «Эми өлдүк! Эми кыйрадык! Чындыгында биз Аллахка каапырлык кылган залимдерден болуппуз».
Tafsiran larabci:
فَمَا زَالَت تِّلۡكَ دَعۡوَىٰهُمۡ حَتَّىٰ جَعَلۡنَٰهُمۡ حَصِيدًا خَٰمِدِينَ
Биз аларды орулган чөп сыяктуу кыймылсыз өлүктөргө айлантканга чейин алар кылган күнөөлөрүн моюнга алышып, кыйрадык деп кыйкырык салган чакырыктарын кайталай беришти.
Tafsiran larabci:
وَمَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَآءَ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا لَٰعِبِينَ
Биз Асман менен Жерди жана ал экөөнүн оросундагы нерселерди жөн эле оюн үчүн жараткан жокпуз. Биз ал экөөсүн Өзүбүздүн кудуретибизди көрсөтүш үчүн жараттык.
Tafsiran larabci:
لَوۡ أَرَدۡنَآ أَن نَّتَّخِذَ لَهۡوٗا لَّٱتَّخَذۡنَٰهُ مِن لَّدُنَّآ إِن كُنَّا فَٰعِلِينَ
Эгерде Биз бирөөнү аял кылууну же бала кылууну каалаганыбызда, анда Өзүбүздүн алдыбыздан эле кылып алмакпыз. Бирок Биз мындан аруу болгонубуз үчүн аны кылган жокпуз.
Tafsiran larabci:
بَلۡ نَقۡذِفُ بِٱلۡحَقِّ عَلَى ٱلۡبَٰطِلِ فَيَدۡمَغُهُۥ فَإِذَا هُوَ زَاهِقٞۚ وَلَكُمُ ٱلۡوَيۡلُ مِمَّا تَصِفُونَ
Тескерисинче, Биз пайгамбарыбызга вахий кылган акыйкатты каапырлардын жалганынын үстүнө таштайбыз, ал аны жок кылат. Ошентип алардын жалганы жок болот. Эй, Аллахтын аялы жана баласы бар деп айткандар! Аллахка ылайык келбеген сыпаттарды Ага таңуулаганыңар үчүн силерге кыйроо болсун!
Tafsiran larabci:
وَلَهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَمَنۡ عِندَهُۥ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ عَنۡ عِبَادَتِهِۦ وَلَا يَسۡتَحۡسِرُونَ
Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Аллахка гана таандык. Анын алдындагы периштелер Ага сыйынуудан текеберленишпейт жана чарчашпайт.
Tafsiran larabci:
يُسَبِّحُونَ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ لَا يَفۡتُرُونَ
Алар Аллахты ар дайым аруулашат жана андан тажашпайт.
Tafsiran larabci:
أَمِ ٱتَّخَذُوٓاْ ءَالِهَةٗ مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ هُمۡ يُنشِرُونَ
Бирок мушриктер Аллахтан башкаларды кудай кылып алышты. Алар өлүктөрдү да тирилте алышпайт. Анан алар ушуну да кыла албагандарга кантип сыйынып жатышат?!
Tafsiran larabci:
لَوۡ كَانَ فِيهِمَآ ءَالِهَةٌ إِلَّا ٱللَّهُ لَفَسَدَتَاۚ فَسُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ رَبِّ ٱلۡعَرۡشِ عَمَّا يَصِفُونَ
Эгерде асмандар менен жерде башка кудайлар болгондо, анда "кудайлар" бийлик талашып, асмандар менен жер кыйрап калмак. Бирок, жагдай мындай эмес. Арштын Раббиси болгон Аллах мушриктердин Анын шериги бар деген (жалган) сыпаттоосунан таза, аруу.
Tafsiran larabci:
لَا يُسۡـَٔلُ عَمَّا يَفۡعَلُ وَهُمۡ يُسۡـَٔلُونَ
Аллах Өзү жалгыз бийлик кылат жана Өзү чечет. Ал тагдыр кылган жана чечим чыгарган нерселерде эч ким Андан сурабайт. Тескерисинче, ал пенделеринен иш-аракеттери үчүн сурак алат жана аларга сыйлыгын же жазасын берет.
Tafsiran larabci:
أَمِ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةٗۖ قُلۡ هَاتُواْ بُرۡهَٰنَكُمۡۖ هَٰذَا ذِكۡرُ مَن مَّعِيَ وَذِكۡرُ مَن قَبۡلِيۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ ٱلۡحَقَّۖ فَهُم مُّعۡرِضُونَ
Бирок алар Аллахтан башкаларды кудай кылып алышты. Оо, пайгамбар! Мушриктерге айт: «Алар сыйынууга татыктуу экендигине далилиңерди алып келгилечи! Мына мага түшкөн китеп жана пайгамбарларга түшкөн китептер. Силер мындан эч кандай далил таппайсыңар». Тескерисинче, мушриктердин көпчүлүгү наадандыкка жана сокур ээрчүүгө таянат. Алар акыйкатты кабыл алуудан жүз бурушкан.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• الظلم سبب في الهلاك على مستوى الأفراد والجماعات.
Зулумдук кылуу – жеке жана коомдук деңгээлде болобу, кыйроого себеп болот.

• ما خلق الله شيئًا عبثًا؛ لأنه سبحانه مُنَزَّه عن العبث.
Аллах эч бир нерсени жөн эле оюн үчүн жараткан эмес. Анткени Ал жөн эле жаратуудан аруу.

• غلبة الحق، ودحر الباطل سُنَّة إلهية.
Акыйкаттын жеңиши, жалгандын кыйроосу – Аллахтын белгилеген жолу.

• إبطال عقيدة الشرك بدليل التَّمَانُع.
Көп кудай болсо, анда алар бири-бирине тоскоолдук кылышмак дегенди далил кылуу менен көп кудайлуулук ишенимин жокко чыгаруу.

وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ مِن رَّسُولٍ إِلَّا نُوحِيٓ إِلَيۡهِ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعۡبُدُونِ
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга: «Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Жалгыз Мага сыйынгыла жана эч нерсени шерик кылбагыла!» – деп вахий кылганбыз.
Tafsiran larabci:
وَقَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَلَدٗاۗ سُبۡحَٰنَهُۥۚ بَلۡ عِبَادٞ مُّكۡرَمُونَ
Мушриктер: «Аллах периштелерди Өзүнө кыз кылып алды» – дешти. Аллах алардын айткан жалгандарынан аруу жана ыйык. Тескерисинче, периштелер Аллахка жакын жана Анын урматтуу кулдары.
Tafsiran larabci:
لَا يَسۡبِقُونَهُۥ بِٱلۡقَوۡلِ وَهُم بِأَمۡرِهِۦ يَعۡمَلُونَ
Алар Раббисинен мурун сүйлөшпөйт, аларга буйрук берилмейин унчугушпайт, Анын буйруктарын аткарышат жана Анын буйруктарына каршы чыгышпайт.
Tafsiran larabci:
يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡ وَلَا يَشۡفَعُونَ إِلَّا لِمَنِ ٱرۡتَضَىٰ وَهُم مِّنۡ خَشۡيَتِهِۦ مُشۡفِقُونَ
Ал алардын өткөн жана келечек иштерин билет. Өзү ыраазы болуп уруксат бергендерге гана шапаат сурай алышат. Алар Аллахтан коркуп сактанышат жана Анын буйрук-тыюуларына каршы чыгышпайт.
Tafsiran larabci:
۞ وَمَن يَقُلۡ مِنۡهُمۡ إِنِّيٓ إِلَٰهٞ مِّن دُونِهِۦ فَذَٰلِكَ نَجۡزِيهِ جَهَنَّمَۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلظَّٰلِمِينَ
Мисал катары айтсак, эгерде периштелерден кимиси: «Мен Аллахтан башка кудаймын» – деп айткан болсо, Биз аны ушул сөзү үчүн кыямат күнү жаза катары түбөлүк тозок менен азаптайбыз.Жана ушундай жаза менен каапырлык жана ширк кылган залимдерди да жазалайбыз.
Tafsiran larabci:
أَوَلَمۡ يَرَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ كَانَتَا رَتۡقٗا فَفَتَقۡنَٰهُمَاۖ وَجَعَلۡنَا مِنَ ٱلۡمَآءِ كُلَّ شَيۡءٍ حَيٍّۚ أَفَلَا يُؤۡمِنُونَ
Аллахка каапырлык кылышкандар билишпейби, мурда Асмандар менен Жер бири-бирине жабышып турат эле, ортосунда жамгыр жаай тургандай да боштук жок болчу. Кийин Биз ал экөөсүн бөлүп, Асмандан жерге түшкөн суудан бардык жандыктарды жана өсүмдүктөрдү жараттык. Алар мындан сабак алышпайбы жана жалгыз Аллахка ыйман келтиришпейби?!
Tafsiran larabci:
وَجَعَلۡنَا فِي ٱلۡأَرۡضِ رَوَٰسِيَ أَن تَمِيدَ بِهِمۡ وَجَعَلۡنَا فِيهَا فِجَاجٗا سُبُلٗا لَّعَلَّهُمۡ يَهۡتَدُونَ
Жер өз бетиндегилерди силкибеш үчүн Биз анын үстүнө бекем тоолорду жараттык. Жана анын үстүндө кенен жолдорду кылдык. Балким алар сапарга чыгышканда ошолор аркылуу көздөгөн жерлерине жол таап барышат.
Tafsiran larabci:
وَجَعَلۡنَا ٱلسَّمَآءَ سَقۡفٗا مَّحۡفُوظٗاۖ وَهُمۡ عَنۡ ءَايَٰتِهَا مُعۡرِضُونَ
Биз асманды урап калбагыдай кылып, шып сыяктуу устунсуз жараттык. Ошондой эле сөздөрдү угуп уурдабай тургандай коргоп койдук. Ал эми мушриктер асмандагы Күн жана Ай сыяктуу аят-белгилерди көрүп сабак алышпастан жүз үйрүштү.
Tafsiran larabci:
وَهُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ فِي فَلَكٖ يَسۡبَحُونَ
Аллах жалгыз Өзү түндү эс алуу үчүн, күндүздү тиричилик кылыш үчүн жаратты. Ал эми Күндү күндүздүн белгиси кылды, Айды түндүн белгиси кылды. Күн дагы, Ай дагы өзүнө тийиштүү орбитада жылып жүрөт. Алар андан бурулуп да, ооп да кетишпейт.
Tafsiran larabci:
وَمَا جَعَلۡنَا لِبَشَرٖ مِّن قَبۡلِكَ ٱلۡخُلۡدَۖ أَفَإِيْن مِّتَّ فَهُمُ ٱلۡخَٰلِدُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун эч бир адамды бул жашоодо түбөлүк жашай турган кылбадык. Бул жашоодо ажалың жетип сен өлүп, ал эми алар сенден кийин да түбөлүк тирүү калышат бекен?! Андай болбойт!
Tafsiran larabci:
كُلُّ نَفۡسٖ ذَآئِقَةُ ٱلۡمَوۡتِۗ وَنَبۡلُوكُم بِٱلشَّرِّ وَٱلۡخَيۡرِ فِتۡنَةٗۖ وَإِلَيۡنَا تُرۡجَعُونَ
Ар бир жан, ал ыймандуу болобу же каапыр болобу, бул дүйнөдө өлүмдү татат. Оо, адамдар! Биз силерди бул дүйнө жашоосунда диний милдеттер, жакшылыктар, кыйынчылыктар менен сынайбыз, өлгөнүңөрдөн кийин Бизге гана кайтасыңар. Ошондо Биз силерди кылган иштериңерге жараша сыйлык же жазаңарды беребиз.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• تنزيه الله عن الولد.
Аллах балалуу болуудан аруу.

• منزلة الملائكة عند الله أنهم عباد خلقهم لطاعته، لا يوصفون بالذكورة ولا الأنوثة، بل عباد مكرمون.
Периштелердин Аллахтын алдындагы орду – алар Ага моюн сунуу үчүн жаратылган, алардын эркек-ургаачылары жок. Алар ардактуу кулдар.

• خُلِقت السماوات والأرض وفق سُنَّة التدرج، فقد خُلِقتا مُلْتزِقتين، ثم فُصِل بينهما.
Асмандар менен Жер баскыч тартипте жаратылган. Башында экөөсү бири-бирине жабышкан абалда жаратылган, кийин эки бөлүк болуп ажыратылган.

• الابتلاء كما يكون بالشر يكون بالخير.
Сыноо жамандык менен болгон сыяктуу жакшылык менен да болот.

وَإِذَا رَءَاكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِن يَتَّخِذُونَكَ إِلَّا هُزُوًا أَهَٰذَا ٱلَّذِي يَذۡكُرُ ءَالِهَتَكُمۡ وَهُم بِذِكۡرِ ٱلرَّحۡمَٰنِ هُمۡ كَٰفِرُونَ
Оо, пайгамбар! Мушриктер сени көрүшкөндө какшыктап шылдыңдашып, жактоочуларына сени жаман көргөзүп: «Силер сыйынган кудайларыңарды сөгүп жаткан адам ушулбу?» – деп айтышат. Алар сени шылдыңдоо менен Аллах аларга түшүргөн Куранды жокко чыгарууда жана аларга берген жакшылыктарга шүгүрсүз кесир болууда. Алар бардык жамандыктарды өзүдөрүнө жыйнагандыгы үчүн айыптоого татыктуу!
Tafsiran larabci:
خُلِقَ ٱلۡإِنسَٰنُ مِنۡ عَجَلٖۚ سَأُوْرِيكُمۡ ءَايَٰتِي فَلَا تَسۡتَعۡجِلُونِ
Адам табиятынан шашкалак. Ал убагы келе электе эле эртерээк болсо экен деп шаштырат. Мушриктердин да азапты шаштыруусу да ушуга кирет. Эй, Менин азабымды шаштыргандар! Силер шаштырган нерсени жакында көргөзөм. Силер аны эртелет деп шаштырбагыла!
Tafsiran larabci:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Кайра тирилүүнү жокко чыгарган каапырлар шаштырышып: «Эй, мусулмандар! Эгер силер анык болот деп айтып жаткан нерсеңерде чынчыл болсоңор, жанагы бизге убада кылып жаткан кайра тирилүү качан болот?» – деп айтышат.
Tafsiran larabci:
لَوۡ يَعۡلَمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ حِينَ لَا يَكُفُّونَ عَن وُجُوهِهِمُ ٱلنَّارَ وَلَا عَن ظُهُورِهِمۡ وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ
Кайра тирилүүнү четке каккан каапырлар жүздөрүнөн жана жондорунан тозок отун тосо албай калганда, аларды азаптан коргой турган колдоочу жок экенин анык билишкенде, азапты анчалык шаштырышмак эмес.
Tafsiran larabci:
بَلۡ تَأۡتِيهِم بَغۡتَةٗ فَتَبۡهَتُهُمۡ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ رَدَّهَا وَلَا هُمۡ يُنظَرُونَ
Алар азаптала турган бул тозок оту аларга убакыты анык айтылып келбейт. Тескерисинче, капысынан келет. Ошондо алар аны артка кайтара алышпайт жана алар тооба кылып, ырайымга жетип алышсын деп артка кечиктирилип да коюлбайт.
Tafsiran larabci:
وَلَقَدِ ٱسۡتُهۡزِئَ بِرُسُلٖ مِّن قَبۡلِكَ فَحَاقَ بِٱلَّذِينَ سَخِرُواْ مِنۡهُم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Оо, пайгамбар! Элиңдин сени шылдыңдаганы жаңылык эмес. Сенден мурунку пайгамбарлар да шылдыңга кабылышкан. Ошондо аларды шылдыңдаган каапырларды азап курчады. Анткени пайгамбарлары аларды бул дүйнөдө азап менен коркутуп-эскертишкенде аны шылдыңга алышкан эле.
Tafsiran larabci:
قُلۡ مَن يَكۡلَؤُكُم بِٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ مِنَ ٱلرَّحۡمَٰنِۚ بَلۡ هُمۡ عَن ذِكۡرِ رَبِّهِم مُّعۡرِضُونَ
Оо, пайгамбар! Мына ошол азапты шаштырып жаткандарга: «Ырайымдуу Аллах тарабынан күндүзү же түнүбү силерге азап түшүрүп, жок кылууну кааласа, андан силерди ким куткара алат?» – деп айткын. Тескерисинче, алар Раббисинин айткан насааттарын же далилдерин эске алуудан жүз бурушту жана наадандыктан улам аларга ой жүгүртүшпөдү.
Tafsiran larabci:
أَمۡ لَهُمۡ ءَالِهَةٞ تَمۡنَعُهُم مِّن دُونِنَاۚ لَا يَسۡتَطِيعُونَ نَصۡرَ أَنفُسِهِمۡ وَلَا هُم مِّنَّا يُصۡحَبُونَ
Же аларды Биздин азабыбыздан коргой турган кудайлары барбы? Алар өздөрүнө да жардам бере алышпайт, пайда да, зыян да келтире алышпайт. Өзүнө жардам бере албаган кантип башкаларга жардам берсин?! Ошондой эле алар Биздин азабыбыздан да коргой алышпайт.
Tafsiran larabci:
بَلۡ مَتَّعۡنَا هَٰٓؤُلَآءِ وَءَابَآءَهُمۡ حَتَّىٰ طَالَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡعُمُرُۗ أَفَلَا يَرَوۡنَ أَنَّا نَأۡتِي ٱلۡأَرۡضَ نَنقُصُهَا مِنۡ أَطۡرَافِهَآۚ أَفَهُمُ ٱلۡغَٰلِبُونَ
Биз ал каапырларга жана алардын ата-бабаларына аларды акырындык менен жазалаш үчүн Өз жакшылыктарыбызды кенен кылып бердик. Ошентип алардын заманы созулуп, азгырылып кетишти жана каапырлыктан кайтыштады. Биздин (сыноо үчүн берген) жакшылыктарыбызга азгырылгандар, азабыбызды шаштыргандар Биз элдерди баш ийдирип, үстөмдүк кылып алардын жерин ар тараптан кыскартып жатканыбызды көрбөй жатабы?! Башкаларга түшкөн азап алардын да башына түшө электе мындан сабак алышпайбы?! Алар жеңишке жеткендер эмес, алар жеңилгендер.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• بيان كفر من يستهزئ بالرسول، سواء بالقول أو الفعل أو الإشارة.
Сөз же иш же белги менен болобу, пайгамбарды шылдыңдагандардын каапырлыгын баяндоо.

• من طبع الإنسان الاستعجال، والأناة خلق فاضل.
Шашкалактык – адамдын табиятындагы бар сыпат. Ал эми токтоолук – асыл сыпат.

• لا يحفظ من عذاب الله إلا الله.
Аллахтын азабынан Аллах Өзү гана сактайт.

• مآل الباطل الزوال، ومآل الحق البقاء.
Жалган акыры барып жок болот, ал эми акыйкат түбөлүктүү.

قُلۡ إِنَّمَآ أُنذِرُكُم بِٱلۡوَحۡيِۚ وَلَا يَسۡمَعُ ٱلصُّمُّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا مَا يُنذَرُونَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Эй, адамдар! Мага Раббим түшүргөн вахий менен силерди Аллахтын азабынан коркутам. Бирок акыйкатка дүлөй болгон адамдарды Аллахтын азабынан коркутуп акыйкатка чакырса да алар аны кабыл алуу менен угушпайт».
Tafsiran larabci:
وَلَئِن مَّسَّتۡهُمۡ نَفۡحَةٞ مِّنۡ عَذَابِ رَبِّكَ لَيَقُولُنَّ يَٰوَيۡلَنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Эгерде азапты шаштырып жаткандарга Раббиңдин бир аз эле азабы жеткен болсо, алар ошол кезде: «Курудук ай! Эми өлдүк! Чындыгында биз Аллахка ширк кылып жана Мухаммад (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келгенди жалганга чыгарып залимдерден болдук» — дешмек.
Tafsiran larabci:
وَنَضَعُ ٱلۡمَوَٰزِينَ ٱلۡقِسۡطَ لِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَلَا تُظۡلَمُ نَفۡسٞ شَيۡـٔٗاۖ وَإِن كَانَ مِثۡقَالَ حَبَّةٖ مِّنۡ خَرۡدَلٍ أَتَيۡنَا بِهَاۗ وَكَفَىٰ بِنَا حَٰسِبِينَ
Биз кыямат күнү адамдардын иш-аракеттерин өлчөгөнгө адилеттүү таразаларды орнотобуз. Ал күндө эч бир адамга сооптору кемитилип же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт. Эгер тартылган нерсе сары кычынын данынчалык кичине болсо дагы аны алып келебиз. Биз пенделерибиздин иш-аракеттерин эсептөөгө жетиштүүбүз.
Tafsiran larabci:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ ٱلۡفُرۡقَانَ وَضِيَآءٗ وَذِكۡرٗا لِّلۡمُتَّقِينَ
Биз Муса менен Харунга Тооратты бердик. Ал акыйкат менен жалганды, адал менен арамды ажыратуучу, ага ыйман келтиргендерге туура жол жана Раббисинен корккондорго эскертме.
Tafsiran larabci:
ٱلَّذِينَ يَخۡشَوۡنَ رَبَّهُم بِٱلۡغَيۡبِ وَهُم مِّنَ ٱلسَّاعَةِ مُشۡفِقُونَ
Алар Раббисинин жазасынан корккондор, Аны көрүшпөсө дагы ыйман келтиргендер жана кыямат кайымдан корккондор.
Tafsiran larabci:
وَهَٰذَا ذِكۡرٞ مُّبَارَكٌ أَنزَلۡنَٰهُۚ أَفَأَنتُمۡ لَهُۥ مُنكِرُونَ
Мухаммадга (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) түшкөн бул Куран үлгү-насаат алам дегендер үчүн эскертме жана көп-пайдалуу, берекелүү китеп. Силер буга карабастан четке кагасыңарбы?! Андагы келгендерди моюнга албай жана иш жүзүндө аткарбай коёсуңарбы?!
Tafsiran larabci:
۞ وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَآ إِبۡرَٰهِيمَ رُشۡدَهُۥ مِن قَبۡلُ وَكُنَّا بِهِۦ عَٰلِمِينَ
Биз Ибрахимге кичинесинде коомуна каршы далилдерди бергенбиз жана Биз аны билгенбиз. Ошондой эле ал коомуна каршы колдонгон далилдердин Биз татыктуу деп эсептегендерди гана бердик.
Tafsiran larabci:
إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَا هَٰذِهِ ٱلتَّمَاثِيلُ ٱلَّتِيٓ أَنتُمۡ لَهَا عَٰكِفُونَ
Бир кезде ал атасы Азарга жана коомуна айтты: «Силер өз колуңар менен жасап алып сыйынып жаткан бул айкелдер эмне?».
Tafsiran larabci:
قَالُواْ وَجَدۡنَآ ءَابَآءَنَا لَهَا عَٰبِدِينَ
Ага коому айтты: «Ата-бабаларыбыз аларга сыйынышкан. Биз дагы аларга ээрчип сыйынып жатабыз».
Tafsiran larabci:
قَالَ لَقَدۡ كُنتُمۡ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُمۡ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Ибрахим аларга айтты: «Эй, сокур ээрчүүчүлөр! Силер да, ата-бабаларыңар да акыйкат жолдон анык адашуудасыңар".
Tafsiran larabci:
قَالُوٓاْ أَجِئۡتَنَا بِٱلۡحَقِّ أَمۡ أَنتَ مِنَ ٱللَّٰعِبِينَ
Коому ага айтты: «Сен бул сөзүңдү чындап айтып жатасыңбы же тамашалаппы?».
Tafsiran larabci:
قَالَ بَل رَّبُّكُمۡ رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ ٱلَّذِي فَطَرَهُنَّ وَأَنَا۠ عَلَىٰ ذَٰلِكُم مِّنَ ٱلشَّٰهِدِينَ
Ибрахим айтты: «Тамашасы жок чындап айтып жатам. Силердин Раббиңер — Ал Асмандар менен Жерди мурун болбогондой көрүнүштө жараткан Раббиси. Ал силердин жана Асмандар менен Жердин Раббиси экенине күбөгө өткөндөрдөнмүн. Силердин айкел-буттарыңардын мында эч кандай тиешеси жок».
Tafsiran larabci:
وَتَٱللَّهِ لَأَكِيدَنَّ أَصۡنَٰمَكُم بَعۡدَ أَن تُوَلُّواْ مُدۡبِرِينَ
Ибрахим коомуна угузбай өзүнчө: «Аллахка ант! Силер майрамга кеткенде айкелдериңерди силерге жакпагандай бир нерсе кыламын» – деди.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• نَفْع الإقرار بالذنب مشروط بمصاحبة التوبة قبل فوات أوانها.
Күнөөнү моюнга алуу пайда бериш үчүн убакыты бүтүп калуудан алдын тообо кылуу шарт.

• إثبات العدل لله، ونفي الظلم عنه.
Аллах адилеттикте калыс жана зулумдуктан алыс экендигин тастыктоо.

• أهمية قوة الحجة في الدعوة إلى الله.
Аллахка ыйман келтирүүгө элди чакырууда далилдин күчтүүлүгү маанилүү.

• ضرر التقليد الأعمى.
Сокур ээрчүүнүн зыяндыгы.

• التدرج في تغيير المنكر، والبدء بالأسهل فالأسهل، فقد بدأ إبراهيم بتغيير منكر قومه بالقول والصدع بالحجة، ثم انتقل إلى التغيير بالفعل.
Күнөө ишти өзгөртүүдө тепкич-тепкичи менен улам жеңилинен баштоо керек. Ибрахим пайгамбар дагы коомунун туура эмес ишенимин алгач сөз менен, андан кийин жеткиликтүү далил келтирүү менен баштап, анан иш (кол) менен өзгөртүүгө өттү.

فَجَعَلَهُمۡ جُذَٰذًا إِلَّا كَبِيرٗا لَّهُمۡ لَعَلَّهُمۡ إِلَيۡهِ يَرۡجِعُونَ
Анан Ибрахим алардын айкел-буттарын майдалап талкалап салды. Бирок алар кайтып келишкенде, аларды ким талкалаганын сурашсын деген ниетте чоңуна тийген жок.
Tafsiran larabci:
قَالُواْ مَن فَعَلَ هَٰذَا بِـَٔالِهَتِنَآ إِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Качан алар кайтып келип, айкел-буттары талкаланганын көргөндө бири-биринен сурашты: «Биздин кудайларыбызды ким талкалады? Чындыгында аларды талкалаган адам анык зулум экен. Анткени ал улуктап ыйык тутууга татыктуу болгон нерсеге шек келтирди».
Tafsiran larabci:
قَالُواْ سَمِعۡنَا فَتٗى يَذۡكُرُهُمۡ يُقَالُ لَهُۥٓ إِبۡرَٰهِيمُ
Кээ бирлери айтышты: «Ибрахим деген жаш жигит аларды жамандап,айыптап жүргөнүн укканбыз. Балким ошол талкалаган болуш керек».
Tafsiran larabci:
قَالُواْ فَأۡتُواْ بِهِۦ عَلَىٰٓ أَعۡيُنِ ٱلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَشۡهَدُونَ
Алардын башчысы айтты: «Ибрахимди адамдар күбө болуп көрө турган жерге алып келгиле. Алар анын кылганын мойнуна алганына күбө болушсун. Ал кылганын мойнуна алса, аны өзүнө каршы далил кыласыңар».
Tafsiran larabci:
قَالُوٓاْ ءَأَنتَ فَعَلۡتَ هَٰذَا بِـَٔالِهَتِنَا يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُ
Алар Ибрахимди алып келип андан сурашты: «Эй, Ибрахим! Биздин айкел-буттарыбызга мындай маскара ишти сен кылдыңбы?».
Tafsiran larabci:
قَالَ بَلۡ فَعَلَهُۥ كَبِيرُهُمۡ هَٰذَا فَسۡـَٔلُوهُمۡ إِن كَانُواْ يَنطِقُونَ
Ибрахим адамдардын көз алдында айкел-буттарын алсыздыгын билдириш үчүн жана аларды шылдың болуусу үчүн мындай деп айтты: «Муну мен кылган жокмун. Муну айкел-буттарыңардын чоңу кылды. Эгер айкел-буттарыңар сүйлөй алса, анда ошолордон сурагыла».
Tafsiran larabci:
فَرَجَعُوٓاْ إِلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ فَقَالُوٓاْ إِنَّكُمۡ أَنتُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Ошондо алар өздөрүнчө ойлонуп калышты. Аларга айкел-буттары пайда да, зыян да бербестиги жана алар Аллахтан башка айкел-буттарынага сыйынып зулумдук кылып жатышкандыгы анык болду.
Tafsiran larabci:
ثُمَّ نُكِسُواْ عَلَىٰ رُءُوسِهِمۡ لَقَدۡ عَلِمۡتَ مَا هَٰٓؤُلَآءِ يَنطِقُونَ
Кийин кайра көктүккө, баш ийбестикке өтүп: «Эй, Ибрахим! Сен булардын сүйлөбөй турганын өзүң деле билесиң. Анан кантип бизди сура деп жатасың?» – дешти. Алар муну өздөрүн жактап далил кылышкан, бирок өздөрүнө каршы далил болуп калды.
Tafsiran larabci:
قَالَ أَفَتَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَا يَضُرُّكُمۡ
Ибрахим алардын сөзүн четке кагып айтты: «Аллахтан башка айкел-буттарга сыйынып жатасыңарбы? Алар силерге пайда да зыян да бере албайт. Өздөрүнө пайда берүүгө же бир зыянды тосуудан алсыз».
Tafsiran larabci:
أُفّٖ لَّكُمۡ وَلِمَا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Аллахтан башка сыйынып жаткан айкелдериңер менен кошо куруп кеткиле! Алар пайда да, зыян да бере алышпайт. Ушуга да акылыңар жетпейби?! Сыйынганыңарды токтотпойсуңарбы?!
Tafsiran larabci:
قَالُواْ حَرِّقُوهُ وَٱنصُرُوٓاْ ءَالِهَتَكُمۡ إِن كُنتُمۡ فَٰعِلِينَ
Качан алар далил менен беттеше албасын билишкенде күч колдонууга киришип: «Ибрахимди отко өрттөгүлө! Ал сындырып талкалаган айкел-буттарыңарга жардам бергиле! Эгерде ага катуу, жолунан кайтаруучу кылып жазалагыңар келсе, ушундай кылгыла!» — деп айтышты.
Tafsiran larabci:
قُلۡنَا يَٰنَارُ كُونِي بَرۡدٗا وَسَلَٰمًا عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ
Анан алар от жагып, аны отко ыргытышты. Ошондо Биз айттык: «Эй, от! Ибрахимге муздак жана зыянсыз бол! – дедик. Ал ошондой болду жана Ибрахим эч кандай зыян тарткан жок».
Tafsiran larabci:
وَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيۡدٗا فَجَعَلۡنَٰهُمُ ٱلۡأَخۡسَرِينَ
Ибрахимдин коому аны өрттөйбүз деп ага каршы айлакерлик кылууну каалашты. Бирок Биз алардын айлакерлигин жок кылдык жана алардын өздөрүн кыйратып жеңилүүгө туш кылдык.
Tafsiran larabci:
وَنَجَّيۡنَٰهُ وَلُوطًا إِلَى ٱلۡأَرۡضِ ٱلَّتِي بَٰرَكۡنَا فِيهَا لِلۡعَٰلَمِينَ
Биз аны менен Лут экөөсүн куткардык жана аларды берекелүү кылган Шам жергесине чыгарып жибердик. Себеби Биз ал жакка пайгамбарлардан жибергенбиз жана инсан, жан-жаныбарлар үчүн жакшылыктарды чачып койгонбуз.
Tafsiran larabci:
وَوَهَبۡنَا لَهُۥٓ إِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ نَافِلَةٗۖ وَكُلّٗا جَعَلۡنَا صَٰلِحِينَ
Ал Раббисине мага перзент бер деп дуба кылганда Биз ага Исхакты бердик жана кошумча кылып Якубду бердик. Биз Ибрахимди жана анын баласы Исхакты, небереси Якубду баарысын Аллахка моюн сунган салих-жакшы пенделерден кылдык.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• جواز استخدام الحيلة لإظهار الحق وإبطال الباطل.
Жалганды жок кылып, акыйкатты үстөм кылыш үчүн айла-амал колдонууга уруксат.

• تعلّق أهل الباطل بحجج يحسبونها لهم، وهي عليهم.
Жалганчылар жеңебиз деген ойдо келтирген далилдер акырында өздөрүнө каршы чыгып калат.

• التعنيف في القول وسيلة من وسائل التغيير للمنكر إن لم يترتّب عليه ضرر أكبر.
Катуу айтуу – эгер анын артында чоң зыяны болбосо, күнөөнү өзгөртүүнүн бирден-бир жолу.

• اللجوء لاستخدام القوة برهان على العجز عن المواجهة بالحجة.
Күч колдонууга өтүү – далил менен беттеше албаган алсыздыктын бир белгиси.

• نَصْر الله لعباده المؤمنين، وإنقاذه لهم من المحن من حيث لا يحتسبون.
Аллахтын ыймандууларга жардам берүүсү жана алар ойлобогон тараптан аларды сыноолордон куткаруусу.

وَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَئِمَّةٗ يَهۡدُونَ بِأَمۡرِنَا وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡهِمۡ فِعۡلَ ٱلۡخَيۡرَٰتِ وَإِقَامَ ٱلصَّلَوٰةِ وَإِيتَآءَ ٱلزَّكَوٰةِۖ وَكَانُواْ لَنَا عَٰبِدِينَ
Биз аларды адамдар жакшылыкта ээрчий турган башчылардан кылдык. Алар Аллахтын каалоосу менен адамдарды жалгыз Ага гана сыйынууга чакырышат. Биз аларга жакшылыктарды кылгыла, намазды толук түрдө аткаргыла жана зекет бергиле деп вахий кылдык. Алар Бизге моюн сунуучулардан эле.
Tafsiran larabci:
وَلُوطًا ءَاتَيۡنَٰهُ حُكۡمٗا وَعِلۡمٗا وَنَجَّيۡنَٰهُ مِنَ ٱلۡقَرۡيَةِ ٱلَّتِي كَانَت تَّعۡمَلُ ٱلۡخَبَٰٓئِثَۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمَ سَوۡءٖ فَٰسِقِينَ
Биз Лутка жаатташкан тараптардын ортосунда өкүм кылууну жана дин иштерине байланыштуу илим бердик. Эли бузукулук кылган анын шаары Садумга түшүргөн азаптан Биз аны аман алып калдык. Алар Раббисине баш ийбей бузукулук кылган коом эле.
Tafsiran larabci:
وَأَدۡخَلۡنَٰهُ فِي رَحۡمَتِنَآۖ إِنَّهُۥ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Биз аны коому дуушар болгон азаптан куткарып Өз ырайымыбызга алдык. Чындыгында ал Биздин буйругубузду аткарган, тыйганыбызды таштаган салих-жакшы адамдардан эле.
Tafsiran larabci:
وَنُوحًا إِذۡ نَادَىٰ مِن قَبۡلُ فَٱسۡتَجَبۡنَا لَهُۥ فَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥ مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ
Оо, пайгамбар! Нухтун окуясын эстечи, ал Ибрахим менен Луттан мурун Аллахка кайрылып дуба кылганда Биз анын сураганын берип дубасына жооп бердик, аны жана ыйман келтирген үй-бүлөсүн чоң кайгыдан куткардык.
Tafsiran larabci:
وَنَصَرۡنَٰهُ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمَ سَوۡءٖ فَأَغۡرَقۡنَٰهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Биз аны колдош максатта берген анын чынчыл экенин тастыктаган аят-белгилерибизди жалганга чыгарган коомдун айлакерлигинен аны куткардык. Чындыгында алар бузуку жана ыплас коом эле. Ошондуктан Биз алардын баарын чөктүрүп жок кылдык.
Tafsiran larabci:
وَدَاوُۥدَ وَسُلَيۡمَٰنَ إِذۡ يَحۡكُمَانِ فِي ٱلۡحَرۡثِ إِذۡ نَفَشَتۡ فِيهِ غَنَمُ ٱلۡقَوۡمِ وَكُنَّا لِحُكۡمِهِمۡ شَٰهِدِينَ
Оо, пайгамбар! Дауд менен Сулаймандын окуясын эстечи, алар келген жаатташкан эки тараптын ортосундагы бир ишке өкүм кылышты. Биринчиси тарабынан койлору түндөсү беркисинин жайытына кирип тебелеп салыптыр. Биз Дауд менен Сулаймандын кылган өкүмүнө күбө болгонбуз. Алардын кылган өкүмүнүн эч бир нерсеси Бизге жашыруун эмес.
Tafsiran larabci:
فَفَهَّمۡنَٰهَا سُلَيۡمَٰنَۚ وَكُلًّا ءَاتَيۡنَا حُكۡمٗا وَعِلۡمٗاۚ وَسَخَّرۡنَا مَعَ دَاوُۥدَ ٱلۡجِبَالَ يُسَبِّحۡنَ وَٱلطَّيۡرَۚ وَكُنَّا فَٰعِلِينَ
Ошондо Даудга эмес, Сулайманга иштин чоо-жайын түшүндүрдүк. Биз Даудга да, Сулайманга да пайгамбарлык жана шарият өкүмдөрү тууралуу илим бергенбиз. Муну жеке Сулайманга эле чектеген эмеспиз. Даудга өзү менен кошулуп Аллахты аруулап улуктаган тоолорду жана канаттуу куштарды моюн сундурдук. Ошондой эле силерге жеңилдик, түшүнүк, өкүм жана илим бердик. Ушунун баарын Биз жасадык.
Tafsiran larabci:
وَعَلَّمۡنَٰهُ صَنۡعَةَ لَبُوسٖ لَّكُمۡ لِتُحۡصِنَكُم مِّنۢ بَأۡسِكُمۡۖ فَهَلۡ أَنتُمۡ شَٰكِرُونَ
Биз Сулайманга эмес, Даудга силердин денеңерди куралдын соккусунан сактай турган соот кийимдерди жасоо өнөрүн үйрөттүк. Эй, адамдар! Аллах силерге берген ушул жакшылык үчүн шүгүр кылдыңарбы?
Tafsiran larabci:
وَلِسُلَيۡمَٰنَ ٱلرِّيحَ عَاصِفَةٗ تَجۡرِي بِأَمۡرِهِۦٓ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ ٱلَّتِي بَٰرَكۡنَا فِيهَاۚ وَكُنَّا بِكُلِّ شَيۡءٍ عَٰلِمِينَ
Биз Сулайманга катуу соккон шамалды моюн сундурдук. Ал анын буйругу менен Биз пайгамбарларды чыгарган жана жакшылыктарды мол кылган Шам жергесин карай согуп турат. Биз бардык нерсени билебиз. Алардын эч бири Бизге жашыруун эмес.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• فعل الخير والصلاة والزكاة، مما اتفقت عليه الشرائع السماوية.
Жакшылык кылуу, намаз окуу жана зекет берүү – асмандан түшкөн шарияттардын баарында келген.

• ارتكاب الفواحش سبب في وقوع العذاب المُسْتَأْصِل.
Бузукулук иш кылуу – кыйратуучу азаптын түшүшүнө себеп болот.

• الصلاح سبب في الدخول في رحمة الله.
Түз жүрүү – Аллахтын ырайымына бөлөнүүгө себеп болот.

• الدعاء سبب في النجاة من الكروب.
Дуба кылуу – кыйынчылыктардан кутулууга себеп болот.

وَمِنَ ٱلشَّيَٰطِينِ مَن يَغُوصُونَ لَهُۥ وَيَعۡمَلُونَ عَمَلٗا دُونَ ذَٰلِكَۖ وَكُنَّا لَهُمۡ حَٰفِظِينَ
Жана ал үчүн деңиздин түбүнө чумкуп берметтерди жана башка нерселерди алып чыккан жана курулуш сыяктуу иштерди кылган жин-шайтандарды ага моюн сундурдук. Биз алардын санын жана кылган иштерин көзөмөлдөөчүбүз. Алардын эч бир нерсесин өткөрүп жиберген жокпуз.
Tafsiran larabci:
۞ وَأَيُّوبَ إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥٓ أَنِّي مَسَّنِيَ ٱلضُّرُّ وَأَنتَ أَرۡحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ
Оо, пайгамбар! Аюбдун окуясын эстечи, ал балээге туш болгондо Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Чындыгында мен ооруга жана үй-бүлөмдү жоготууга кабылдым. Сен баарына ырайым кылгандардын ырайымдуусусуң. Башыма түшкөн нерседен мени алыстат» – деп дуба кылды.
Tafsiran larabci:
فَٱسۡتَجَبۡنَا لَهُۥ فَكَشَفۡنَا مَا بِهِۦ مِن ضُرّٖۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ أَهۡلَهُۥ وَمِثۡلَهُم مَّعَهُمۡ رَحۡمَةٗ مِّنۡ عِندِنَا وَذِكۡرَىٰ لِلۡعَٰبِدِينَ
Биз анын дубасын кабыл кылып, ал зыян тарткан нерседен аны алыстаттык жана ал жоготкон үй-бүлө, бала-чакасын өзүнө кайтарып, алардын үстүнө да ошончо кошуп бердик. Бул нерселерде Аллахка ибадат кылып, баш ийгендерге ийгиликке жетүү үчүн Аюб сабыр кылгандай сабыр кылуу керек деген эскертме-үлгү бар. Ушунун баарын ага Өз ырайымыбызды төккөндүктөн кылдык.
Tafsiran larabci:
وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِدۡرِيسَ وَذَا ٱلۡكِفۡلِۖ كُلّٞ مِّنَ ٱلصَّٰبِرِينَ
Оо, пайгамбар! Исмаил, Идрис жана Зулкифлди эстечи, алардын баарысы сыноого жана Аллах аларга милдет кылган өкүмдөрдү аткарууда сабырдуулардан болушкан.
Tafsiran larabci:
وَأَدۡخَلۡنَٰهُمۡ فِي رَحۡمَتِنَآۖ إِنَّهُم مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Биз аларды Өз ырайымыбызга алып, аларды пайгамбар кылдык жана аларды бейишке киргиздик. Чындыгында алар Раббисине ибадат кылган, ички жана сырты дүйнөсү таза болгон Аллахтын салих-жакшы пенделеринен.
Tafsiran larabci:
وَذَا ٱلنُّونِ إِذ ذَّهَبَ مُغَٰضِبٗا فَظَنَّ أَن لَّن نَّقۡدِرَ عَلَيۡهِ فَنَادَىٰ فِي ٱلظُّلُمَٰتِ أَن لَّآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنتَ سُبۡحَٰنَكَ إِنِّي كُنتُ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Киттин ээси Юнустун (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) окуясын эстечи, ал элинин баш ийбестигине ачууланып Раббисинин уруксатысыз кетип калган эле. Ал кетип калганы үчүн Биз аны кысымга албайбыз деп ойлогон. Кийин кит аны жуткан кезде катуу кысылып, камакта калып сыналды. Ошондо ал киттин, деңиздин жана түндүн караңгылыктарында күнөөсүн моюнга алып Аллахка тообо кылып: «Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Сен аруусуң жана ыйыксың. Чындыгында мен залымдардан болдум» – деп дуба кылды.
Tafsiran larabci:
فَٱسۡتَجَبۡنَا لَهُۥ وَنَجَّيۡنَٰهُ مِنَ ٱلۡغَمِّۚ وَكَذَٰلِكَ نُـۨجِي ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Биз анын дубасын кабыл кылдык жана аны караңгылыктардан жана киттин ичинен чыгарып чоң кыйынчылыктан куткардык. Биз Юнусту бул кыйынчылыгынан куткарган сыяктуу эле кыйынчылыкка түшүп, Аллахка дуба кылган ыймандууларды да куткарабыз.
Tafsiran larabci:
وَزَكَرِيَّآ إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥ رَبِّ لَا تَذَرۡنِي فَرۡدٗا وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡوَٰرِثِينَ
Оо, пайгамбар! Закариянын окуясын эстечи, ал Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Мени баласыз жалгыз калтырба! Сен калуучулардын, жакшылыкты мага калтыруучулардын эң жакшысысың! Мага өзүмдөн кийин кала турган перзент бер» – деп дуба кылды.
Tafsiran larabci:
فَٱسۡتَجَبۡنَا لَهُۥ وَوَهَبۡنَا لَهُۥ يَحۡيَىٰ وَأَصۡلَحۡنَا لَهُۥ زَوۡجَهُۥٓۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ يُسَٰرِعُونَ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِ وَيَدۡعُونَنَا رَغَبٗا وَرَهَبٗاۖ وَكَانُواْ لَنَا خَٰشِعِينَ
Биз анын дубасын кабыл кылып, ага Яхьяны бала кылып бердик жана аялын айыктырдык. Ал төрөбөс аял эле, бирок ошондон кийин төрөй турган болуп калды. Чындыгында Закария, аялы жана баласы жакшылыктарды кылууга шашылгандардан эле. Алар Биздин алдыбыздагы соопторду каалашып жана жазадан коркушуп Бизге дуба кылышат эле. Алар бизге жалынып жалбарышкан моюн сунуучулардан эле.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• الصلاح سبب للرحمة.
Түз жүрүү – ырайымдуулукка жетүүнүн себеби.

• الالتجاء إلى الله وسيلة لكشف الكروب.
Аллахка жалбаруу – кыйынчылыктан кутулуунун жолу.

• فضل طلب الولد الصالح ليبقى بعد الإنسان إذا مات.
Өзү дүйнөдөн өткөндөн кийин артынан дуба кыла турган (ыймандуу) перзент суроонун артыкчылыгы (айтылган).

• الإقرار بالذنب، والشعور بالاضطرار لله وشكوى الحال له، وطاعة الله في الرخاء من أسباب إجابة الدعاء وكشف الضر.
Күнөөнү моюнга алуу, Аллахка болгон муктаждыкты сезүү, абалын Аллахка гана айтып даттануу жана кеңиричилик, жыргалчылык учурда Ага баш ийүү – кыйынчылыктан кутулуунун жана дубанын кабыл болуу себептеринен.

وَٱلَّتِيٓ أَحۡصَنَتۡ فَرۡجَهَا فَنَفَخۡنَا فِيهَا مِن رُّوحِنَا وَجَعَلۡنَٰهَا وَٱبۡنَهَآ ءَايَةٗ لِّلۡعَٰلَمِينَ
Оо, пайгамбар! Абийирдүү жерлерин зынадан сактаган Мариямды эстечи, Аллах ага Жебрейилди жиберди. Ал ага рух үйлөгөндө анын боюна Иса бүттү. Ал жана анын баласы Иса экөөсү адамдар үчүн Аллахтын кудуретин билдирген белги болду. Анткени Ал аны атасыз эле жараткандыгы чындыгында Аллахты эч нерсе алсыз кыла албастыгына далил.
Tafsiran larabci:
إِنَّ هَٰذِهِۦٓ أُمَّتُكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَأَنَا۠ رَبُّكُمۡ فَٱعۡبُدُونِ
Эй, адамдар! Чындыгында силердин бул диниңер – бир дин. Ал Аллахты жалгыздоо болгон Ислам дини жана Мен силердин Раббиңермин. Андыктан Мага гана чын ыкластан ибадат кылгыла!
Tafsiran larabci:
وَتَقَطَّعُوٓاْ أَمۡرَهُم بَيۡنَهُمۡۖ كُلٌّ إِلَيۡنَا رَٰجِعُونَ
Бирок адамдар бөлүнүп, алардын арасында Аллахты жалгыздагандар, мушриктер, каапырлар жана мусулмандар пайда болду. Мына ошол бөлүнгөндөрдүн баарысы кыямат күнү Бизге гана кайтып келишет. Ошондо Биз аларды кылган иштерине жараша сыйлыгын же жазасын беребиз.
Tafsiran larabci:
فَمَن يَعۡمَلۡ مِنَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَا كُفۡرَانَ لِسَعۡيِهِۦ وَإِنَّا لَهُۥ كَٰتِبُونَ
Алардын кимиси Аллахка, пайгамбарларга жана акырет күнүнө ыйман келтирип жакшылык иштерди кылса, анда анын жакшылык иши текке кетпейт. Тескерисинче, Аллах андан ыраазы болуп сообун эселеп берет. Ал кайра тирилген күнү аларды амал китебинен табат жана кубанычка батат.
Tafsiran larabci:
وَحَرَٰمٌ عَلَىٰ قَرۡيَةٍ أَهۡلَكۡنَٰهَآ أَنَّهُمۡ لَا يَرۡجِعُونَ
Каапырлыктары себептүү Биз жок кылган шаарлардын элдери бул дүйнөгө кайтып тообо кылышып жана тооболору кабыл болушу такыр мүмкүн эмес.
Tafsiran larabci:
حَتَّىٰٓ إِذَا فُتِحَتۡ يَأۡجُوجُ وَمَأۡجُوجُ وَهُم مِّن كُلِّ حَدَبٖ يَنسِلُونَ
Алар Яжуж-Мажуждун тосмосу ачылганга чейин эч качан кайтышпайт. Ошол күнү алар жердин бардык бийик жерлеринен жутунуп чыгышат.
Tafsiran larabci:
وَٱقۡتَرَبَ ٱلۡوَعۡدُ ٱلۡحَقُّ فَإِذَا هِيَ شَٰخِصَةٌ أَبۡصَٰرُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يَٰوَيۡلَنَا قَدۡ كُنَّا فِي غَفۡلَةٖ مِّنۡ هَٰذَا بَلۡ كُنَّا ظَٰلِمِينَ
Алардын чыгышы менен кыямат жакындады жана анын коркунучтары менен кыйынчылыктары көрүнүп калды. Ошол кезде катуу коркунучтан каапырлардын көздөрү тостоюп: «Өлдүк эми! Биз дүйнөдө ойноп эле жүрүптүрбүз, бул улуу күнгө эч кандай даярдык да көрбөптүрбүз. Көрсө, биз каапырлык жана күнөө кылып залымдардан болуптурбуз» – дешет.
Tafsiran larabci:
إِنَّكُمۡ وَمَا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ حَصَبُ جَهَنَّمَ أَنتُمۡ لَهَا وَٰرِدُونَ
Эй, мушриктер! Силер жана силер сыйынган Аллахтан башка айкел-буттар, ошондой эле силерди өзүнө сыйынганыңарды туура көргөн адамдар менен жиндер – тозоктун отуну болосуңар. Силер жана кудайларыңар ал жакка сөзсүз киресиңер.
Tafsiran larabci:
لَوۡ كَانَ هَٰٓؤُلَآءِ ءَالِهَةٗ مَّا وَرَدُوهَاۖ وَكُلّٞ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Эгерде алар сыйынууга татыктуу чыныгы кудайлар болгондо, анда алар сыйынгандар менен кошо тозокко киришпейт болчу. Сыйынгандар да, сыйынылгандар да тозокто болушат. Алар ал жакта түбөлүк калышат жана андан чыгышпайт.
Tafsiran larabci:
لَهُمۡ فِيهَا زَفِيرٞ وَهُمۡ فِيهَا لَا يَسۡمَعُونَ
Алар ал жайда көргөн азаптардын катаалдыгынан улам оор дем алышып, көкүрөктөрү кысылып, кыйналган үндөрү чыгат. Алар тозокто башына түшкөн катуу коркунучтан үндөрдү да укпай калышат.
Tafsiran larabci:
إِنَّ ٱلَّذِينَ سَبَقَتۡ لَهُم مِّنَّا ٱلۡحُسۡنَىٰٓ أُوْلَٰٓئِكَ عَنۡهَا مُبۡعَدُونَ
Качан мушриктер: «Чындыгында Иса менен периштелер тозокко киришет, анткени башкалар аларга сыйынышты» дешкенде, Аллах айтты: «Чындыгында алдын ала Аллахтын илиминде алар Иса сыяктуу бактылуулардан болот деп жазылгандар гана тозоктон алыс болушат.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• التنويه بالعفاف وبيان فضله.
Абийирдүүлүктү баса белгилөө жана анын артыкчылыгын баяндоо.

• اتفاق الرسالات السماوية في التوحيد وأسس العبادات.
Аллахты жалгыздоодо жана ибадаттардын негиздеринде асмандан түшкөн пайгамбарчылыктардын бири-бирине шайкеш келүүсү.

• فَتْح سد يأجوج ومأجوج من علامات الساعة الكبرى.
Яжуж-Мажуждун тосмосунун ачылуусу кыяматтын чоң белгилеринен.

• الغفلة عن الاستعداد ليوم القيامة سبب لمعاناة أهوالها.
Кыямат күнүнө даярдык көрүүдөн капилетте болуу – андагы коркунучтардын азабын тартууга себеп болот.

لَا يَسۡمَعُونَ حَسِيسَهَاۖ وَهُمۡ فِي مَا ٱشۡتَهَتۡ أَنفُسُهُمۡ خَٰلِدُونَ
Аларга тозоктун үнү да угулбайт. Жана алар көңүлдөрү каалаган жакшылыктарда жана жыргалчылыктарда болушат. Алардын жыргалчылыктары эч качан түгөнбөйт».
Tafsiran larabci:
لَا يَحۡزُنُهُمُ ٱلۡفَزَعُ ٱلۡأَكۡبَرُ وَتَتَلَقَّىٰهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ هَٰذَا يَوۡمُكُمُ ٱلَّذِي كُنتُمۡ تُوعَدُونَ
Тозокко киргендерди ал чулгап алган учурдагы чоң коркунуч аларды коркунучка салбайт. Периштелер аларга: «Бул силерге дүйнөдө убада кылынган жана андагы силер көрө турган жыргалчылыктарды сүйүнчүлөгөн күнүңөр» – деп саламдашып тосуп алышат.
Tafsiran larabci:
يَوۡمَ نَطۡوِي ٱلسَّمَآءَ كَطَيِّ ٱلسِّجِلِّ لِلۡكُتُبِۚ كَمَا بَدَأۡنَآ أَوَّلَ خَلۡقٖ نُّعِيدُهُۥۚ وَعۡدًا عَلَيۡنَآۚ إِنَّا كُنَّا فَٰعِلِينَ
Биз ал күнү Асманды баракты ичиндегиси менен кошо тоголоктоп орогондой ороп коёбуз. Жана инсан жана жан-жаныбарларды абалкы жолу жараткан абалда чогултабыз. Биздин бул берген убадабыз бузулбайт. Чындыгында Биз берген убадабызды аткарабыз.
Tafsiran larabci:
وَلَقَدۡ كَتَبۡنَا فِي ٱلزَّبُورِ مِنۢ بَعۡدِ ٱلذِّكۡرِ أَنَّ ٱلۡأَرۡضَ يَرِثُهَا عِبَادِيَ ٱلصَّٰلِحُونَ
Биз сакталган Тагдыр Китебинде жазгандан кийин пайгамбарларга түшүргөн китептерде да «Жерди Аллахка иш жүзүндө баш ийген ыймандуу пенделери мураска алышат» деп жазып койгонбуз.
Tafsiran larabci:
إِنَّ فِي هَٰذَا لَبَلَٰغٗا لِّقَوۡمٍ عَٰبِدِينَ
Чынында, Биз түшүргөн насааттарда Раббисинин шариятына ылайык ибадат кылган адамдар үчүн жеткиликтүү, пайдалуу үлгү-насааттар бар. Мына ошолор андан пайда алышат.
Tafsiran larabci:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا رَحۡمَةٗ لِّلۡعَٰلَمِينَ
Оо, Мухаммад! Биз сени бүткүл ааламга ырайым болушуң үчүн гана жибердик. Анткени сен адамдардын туура жолго түшүшүнө жана аларды Аллахтын азабынан куткарууга дайыма аракет кыласың.
Tafsiran larabci:
قُلۡ إِنَّمَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّ أَنَّمَآ إِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ فَهَلۡ أَنتُم مُّسۡلِمُونَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында мага Раббим тараптан «Силердин чыныгы кудайыңар – Ал жалгыз кудай. Анын шериги жок. Ал – Аллах» деп вахий кылынды. Андыктан силер Ага ыйман келтирип моюн сунгула жана Ага иш жүзүндө баш ийгиле».
Tafsiran larabci:
فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَقُلۡ ءَاذَنتُكُمۡ عَلَىٰ سَوَآءٖۖ وَإِنۡ أَدۡرِيٓ أَقَرِيبٌ أَم بَعِيدٞ مَّا تُوعَدُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде алар сен алып келген нерседен баш тартышса, айткын: «Ортобуздагы мага да, силерге да бирдей болгон ишти баарыңарга тегиз жеткирдим. Бирок мен Аллах силерге убада кылган азаптын качан түшөрүн билбеймин».
Tafsiran larabci:
إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ مِنَ ٱلۡقَوۡلِ وَيَعۡلَمُ مَا تَكۡتُمُونَ
Чындыгында Аллах силер ачык айткан жана жашырган сөздөрдү билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал жакында силерге анын жазасын же сыйлыгын берет.
Tafsiran larabci:
وَإِنۡ أَدۡرِي لَعَلَّهُۥ فِتۡنَةٞ لَّكُمۡ وَمَتَٰعٌ إِلَىٰ حِينٖ
Мен билбейм, силерге азаптын кечигип жатканы балким силерге болгон сыноодур? Же мөөнөт берүү чыгар же Аллахтын илиминде белгиленген убакытка чейин каапырлыгыңарда, адуушууңарда убактылуу жыргалчылыкта жүргүзүп туруудур.
Tafsiran larabci:
قَٰلَ رَبِّ ٱحۡكُم بِٱلۡحَقِّۗ وَرَبُّنَا ٱلرَّحۡمَٰنُ ٱلۡمُسۡتَعَانُ عَلَىٰ مَا تَصِفُونَ
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Каапырлыктан кайтпаган коомум менен биздин ортобузда Өзүң акыйкат менен өкүм кыл! Силер айтып жаткан каапырлык жана жалган сөздөрүңөргө каршы Ырайымдуу Раббисибизден жардам сурайбыз».
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• الصلاح سبب للتمكين في الأرض.
Тууралыкты кармануу – жер бетинде бактылуулукка жетүүнүн себеби.

• بعثة النبي صلى الله عليه وسلم وشرعه وسنته رحمة للعالمين.
Пайгамбарыбыздын жиберилиши, шарияты жана сүннөтү – бүткүл ааламдар үчүн ырайым.

• الرسول صلى الله عليه وسلم لا يعلم الغيب.
Пайгамбар (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) да кайыпты билбейт.

• علم الله بما يصدر من عباده من قول.
Аллах адамдардын айткан ар бир сөзүн билет.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Suratu Al'anbiyaa
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa