Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (5) Sura: Suratu Alhajj
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِن كُنتُمۡ فِي رَيۡبٖ مِّنَ ٱلۡبَعۡثِ فَإِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَةٖ ثُمَّ مِن مُّضۡغَةٖ مُّخَلَّقَةٖ وَغَيۡرِ مُخَلَّقَةٖ لِّنُبَيِّنَ لَكُمۡۚ وَنُقِرُّ فِي ٱلۡأَرۡحَامِ مَا نَشَآءُ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى ثُمَّ نُخۡرِجُكُمۡ طِفۡلٗا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوٓاْ أَشُدَّكُمۡۖ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرۡذَلِ ٱلۡعُمُرِ لِكَيۡلَا يَعۡلَمَ مِنۢ بَعۡدِ عِلۡمٖ شَيۡـٔٗاۚ وَتَرَى ٱلۡأَرۡضَ هَامِدَةٗ فَإِذَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهَا ٱلۡمَآءَ ٱهۡتَزَّتۡ وَرَبَتۡ وَأَنۢبَتَتۡ مِن كُلِّ زَوۡجِۭ بَهِيجٖ
Оо, адамдар! Өлүмдөн кийин силерди кайра тирилтүүгө болгон кудуреттүүлүгүбүз тууралуу шектенип жатсаңар, анда өзүңөрдүн жаралганыңарга ой жүгүртүп көргүлөчү. Биз түпкү атаңар Адамды топурактан жараттык. Андан соң анын урпактарын аялдын жатынына атылып куюлган эркектин бел суусунан жараттык. Кийин ал коюу канга айланды, кийин тиштелген этке окшош бир тиштем этке айланды, кийин бир кесим этке айланды, анан толук кандуу түйүлдүк болуп анан тирүү ымыркай болуп төрөлгүчө жатында болду, же толук кандуу түйүлдүк болбой жатындан түшүп калды. Биз муну силерди түрдүү баскычтарда жаратууга кудуреттүү экенибизди баяндоо үчүн кылдык. Жана Биз Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгилүү бир убакка чейин жатында кармайбыз. Ал тогуз ай. Кийин силерди энеңердин курсагынан ымыркай кылып чыгарабыз. Кийин силер толук акылга жана күч-кубатка жетесиңер. Кээ бирөөлөрүңөр ага жетпей кайтыш болот, кээ бирөөлөрүңөр күч-кубаттан жана акылдан алсыраган карылык куракка чейин жетесиңер. Ал кезде силердин абалыңар жаш наристенин абалынан да начар болот. Ага чейин билгенин да билбей калат. Ошондой эле сен жерди өсүмдүк өспөгөн кургак абалда көрөсүң. Эгерде Биз ага жамгыр суусун жаадырсак, өсүмдүктөр өнүп ал ачылат, алардын өнүшү менен ал көөп көтөрүлөт, анан кооз көрүнүштөгү өсүмдүктөрдүн түрлөрүн чыгарат.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• وجوب الاستعداد ليوم القيامة بزاد التقوى.
Такыбалык азыгы менен кыямат күнүнө даярдык көрүүнүн милдеттиги.

• شدة أهوال القيامة حيث تنسى المرضعة طفلها وتسقط الحامل حملها وتذهب عقول الناس.
Кыямат коркунучтарынын катуулугу. Ал күндө эмгизген аял баласын унутуп калат, кош бойлуу аялдын боюнан түшүп калат жана адамдар акылын жоготуп коюшат.

• التدرج في الخلق سُنَّة إلهية.
Акырындык менен баскыч-баскычтардан өтүү менен жаратуу – Аллахтын карманган жолу.

• دلالة الخلق الأول على إمكان البعث.
Абалкы жаратуу – кийин кайра жаратууга болгон кудуреттүүлүккө далил болот.

• ظاهرة المطر وما يتبعها من إنبات الأرض دليل ملموس على بعث الأموات.
Жамгырдын жаашы жана анын артынан эле жер бетинде өсүмдүктөрдүн өнүп чыгышы өлүктөрдү кайра тирилтүүгө карата негиздүү далил болот.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (5) Sura: Suratu Alhajj
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa