Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (119) Sura: Suratu Aal'Imran
هَٰٓأَنتُمۡ أُوْلَآءِ تُحِبُّونَهُمۡ وَلَا يُحِبُّونَكُمۡ وَتُؤۡمِنُونَ بِٱلۡكِتَٰبِ كُلِّهِۦ وَإِذَا لَقُوكُمۡ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَوۡاْ عَضُّواْ عَلَيۡكُمُ ٱلۡأَنَامِلَ مِنَ ٱلۡغَيۡظِۚ قُلۡ مُوتُواْ بِغَيۡظِكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Оо, ыймандуулар, силер ал коомду жакшы көрүп, аларга жакшылык каалаганыңар менен алар силерге жакшылык каалабайт, тескерисинче, силерге жаалданат. Силер бардык китептерге анын ичинде алардын китебине да ишенесиңер. Алар болсо Аллах Таала силердин пайгамбарыңарга түшүргөн китепке ишенишпейт. Силерге жолукканда тил учунда: ыйман келтирдик дешет. Ал эми өздөрү менен өздөрү калганда силер бир ооздон ыраазы болуп, биригип алганыңарга, Исламдын ызатына, а өздөрү кор болуп калганына ичи күйүп, силерди жек көрүп манжаларын чайнашат. Эй, пайгамбар, ал коомго кайрылып: ушул ачууланган, жек көргөн абалыңарды жүрүп өтүп кеткиле, Аллах Таала көкүрөктө жашырылган ыйман жана каапырлыкты, жакшылык жана жамандыкты билип турат - деп айт.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• نَهْي المؤمنين عن موالاة الكافرين وجَعْلهم أَخِلّاء وأصفياء يُفْضَى إليهم بأحوال المؤمنين وأسرارهم.
Каапырларды дос, сырдаш кылып, аларга өздөрүнүн сырын ачып, абалдарын айтууга момундарга тыюу салынды

• من صور عداوة الكافرين للمؤمنين فرحهم بما يصيب المؤمنين من بلاء ونقص، وغيظهم إن أصابهم خير.
Алардын ийгилигине ичи тарып жек көрүп, балээ, кемчилигине кубанып туруусу, бул каапырлардын момундарга душман экендигинин бир белгиси

• الوقاية من كيد الكفار ومكرهم تكون بالصبر وعدم إظهار الخوف، ثم تقوى الله والأخذ بأسباب القوة والنصر.
каапырлардын айла-амалынан сактануунун негизги жолу, сабыр кылып, алардан коркконун билдирбей туруу жана Аллахка такыба болуп, Андан күч, жардам алуу

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (119) Sura: Suratu Aal'Imran
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa