Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (152) Sura: Suratu Aal'Imran
وَلَقَدۡ صَدَقَكُمُ ٱللَّهُ وَعۡدَهُۥٓ إِذۡ تَحُسُّونَهُم بِإِذۡنِهِۦۖ حَتَّىٰٓ إِذَا فَشِلۡتُمۡ وَتَنَٰزَعۡتُمۡ فِي ٱلۡأَمۡرِ وَعَصَيۡتُم مِّنۢ بَعۡدِ مَآ أَرَىٰكُم مَّا تُحِبُّونَۚ مِنكُم مَّن يُرِيدُ ٱلدُّنۡيَا وَمِنكُم مَّن يُرِيدُ ٱلۡأٓخِرَةَۚ ثُمَّ صَرَفَكُمۡ عَنۡهُمۡ لِيَبۡتَلِيَكُمۡۖ وَلَقَدۡ عَفَا عَنكُمۡۗ وَٱللَّهُ ذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Ухуд күнү Аллахтын уруксаты менен силер каапырларды кырып-жоюп киргениңерде, Аллах Таала силерге жеңиш берем деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Кийин силер Аллахтын элчиси силерди буйруган иште алсыздык кылып жана ордуңарда калуу же ордуңарды таштап, олжо жыюуга киришүү жөнүндө талаштыңар. Абал кандай өзгөрсө да ээлеген ордуңардан жылбагыла деген Аллахтын элчисине күнөөкөр болдуңар. Бул, силер душманыңарды жеңүүнү каалап турганыңардан кийин болду. Силердин араңардагы дүйнө олжосун каалагандар, ээлеген орундарын таштап коюшту. Ал эми акырет сообун каалагандар, Аллахтын элчисине баш ийип орундарында калышты. Андан кийин Аллах Таала силерди сыноо үчүн аларды силерге үстөм кылып койду. Башына келген балээге алы жетпей, кадамы титиреп чыныгы сабырдуу ыймандуулар ачык болду. Анан Аллах Таала пайгамбардын буйругун аткарбай койгонуңарды кечирди. Аллах Таала ыймандууларга ушундай артыкчылык кылат, аларды ыйманга баштайт, күнөөлөрүн кечирет, кыйынчылыктан чыгарат.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• التحذير من طاعة الكفار والسير في أهوائهم، فعاقبة ذلك الخسران في الدنيا والآخرة.
Каапырларга баш ийүүгө жана алардын каалоо-тилектерине ортоктош болууга болбойт. мындай кылгандардын акыбети бул дүйнөдө да, акыретте да өкүнүч

• إلقاء الرعب في قلوب أعداء الله صورةٌ من صور نصر الله لأوليائه المؤمنين.
Аллахтын душмандарынын жүрөгүнө киргизилген чочулоо, Аллахтын момун досторуна берилген жеңиш

• من أعظم أسباب الهزيمة في المعركة التعلق بالدنيا والطمع في مغانمها، ومخالفة أمر قائد الجيش.
Казатта жеңилип калуунун негизги себеби, дүнүйөгө берилип олжого чуркоо жана аскер башчынын буйругуна баш ийбөө

• من دلائل فضل الصحابة أن الله يعقب بالمغفرة بعد ذكر خطئهم.
Сахабалдын артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү, Аллах Таала алардын катасын эскерткенден кийин күнөөлөрүн кечиргендигинде

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (152) Sura: Suratu Aal'Imran
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa