Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (153) Sura: Suratu Aal'Imran
۞ إِذۡ تُصۡعِدُونَ وَلَا تَلۡوُۥنَ عَلَىٰٓ أَحَدٖ وَٱلرَّسُولُ يَدۡعُوكُمۡ فِيٓ أُخۡرَىٰكُمۡ فَأَثَٰبَكُمۡ غَمَّۢا بِغَمّٖ لِّكَيۡلَا تَحۡزَنُواْ عَلَىٰ مَا فَاتَكُمۡ وَلَا مَآ أَصَٰبَكُمۡۗ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Оо, ыймандуулар, эстегиле, Ухуд күнү согушка чыкканыңарда, Аллахтын элчиси айткан ишти кылбай кыйынчылыкка кабылып, бири-бириңе карабай качып жөнөгөнүңөрдө, Аллахтын элчиси силердин артыңарда силер менен бутпарастардын ортосунда калып, силерге: эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла! Эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла деп кыйкырып жатты. Жеңишти жана олжону өзүңөр колдон чыгарып алганынар үчүн Аллах ушинтип ыза, кыйынчылык менен жазалады. Ал аз келгенсип, араңарда пайгамбар өлтүрүлдү деген кеп тарады. Бул силер жанагы колдон чыгарган жеңиш менен олжого жана өлгөндөр менен жараткаттангандарга өкүнбөшүңөр үчүн болду. Качан Аллахтын элчиси тирүү экенин укканыңарда кайгы-капа, өкүнүчтүн баары унутулду. Аллах Таала силердин кылган ишиңерден кабардар. Жүрөктөгү ниеттер да, сырткы иш-аракеттер да Аллахка жашыруун калбайт
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• التحذير من طاعة الكفار والسير في أهوائهم، فعاقبة ذلك الخسران في الدنيا والآخرة.
Каапырларга баш ийүүгө жана алардын каалоо-тилектерине ортоктош болууга болбойт. мындай кылгандардын акыбети бул дүйнөдө да, акыретте да өкүнүч

• إلقاء الرعب في قلوب أعداء الله صورةٌ من صور نصر الله لأوليائه المؤمنين.
Аллахтын душмандарынын жүрөгүнө киргизилген чочулоо, Аллахтын момун досторуна берилген жеңиш

• من أعظم أسباب الهزيمة في المعركة التعلق بالدنيا والطمع في مغانمها، ومخالفة أمر قائد الجيش.
Казатта жеңилип калуунун негизги себеби, дүнүйөгө берилип олжого чуркоо жана аскер башчынын буйругуна баш ийбөө

• من دلائل فضل الصحابة أن الله يعقب بالمغفرة بعد ذكر خطئهم.
Сахабалдын артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү, Аллах Таала алардын катасын эскерткенден кийин күнөөлөрүн кечиргендигинде

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (153) Sura: Suratu Aal'Imran
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa