Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (99) Sura: Suratu Aal'Imran
قُلۡ يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لِمَ تَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ مَنۡ ءَامَنَ تَبۡغُونَهَا عِوَجٗا وَأَنتُمۡ شُهَدَآءُۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар, аларга минтип айт: Эй, яхудилер жана христиандар, Аллах ишенген адамдарды эмне үчүн Анын дининен тыясыңар, Аллахтын динин чындыктан жалганга өзгөртүүгө аракет кыласыңар диндегилерди туура жолдон адашууга үгүттөйсүңөр. А өзүңөр бул дин чыныгы дин экенине, силердин китебиңерди тастыктап келгенине күбө болуп турасыңар?! Аллах Таала силер Ага каапырлык кылып, Анын жолунан тосуп жатканыңардан бейкапар эмес, кийин ушуга жараша жазаланасыңар.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• كَذِبُ اليهود على الله تعالى وأنبيائه، ومن كذبهم زعمهم أن تحريم يعقوب عليه السلام لبعض الأطعمة نزلت به التوراة.
Яхудилер Аллах Таалага да Анын пайгамбарларына да жалган айтышат. Ошол жалгандарынын бири, Якуб пайгамбардын кээ бир тамакты арам кылуусу Тооротто түшкөн деп айтышканы

• أعظم أماكن العبادة وأشرفها البيت الحرام، فهو أول بيت وضع لعبادة الله، وفيه من الخصائص ما ليس في سواه.
Ибадат кылына турган орундардын эң ыйыгы жана шарапаттуусу Харам мечити, ал Аллахка ибадат кылынуу үчүн эң биринчи курулган жай, башка эч жерде болбогон, анын өзүнө гана тиешелүү артыкчылыктары бар

• ذَكَرَ الله وجوب الحج بأوكد ألفاظ الوجوب تأكيدًا لوجوبه.
Аллах Таала ажы амалынын зарылдыгын билдирип анын милдеттүүлүгүн өзгөчө басым менен айтты

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (99) Sura: Suratu Aal'Imran
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Rufewa