Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Saad   Aya:

Сод

daga cikin abunda Surar ta kunsa:
ذكر المخاصمة بالباطل وعاقبتها.
Жалган айтып талашуу жана анын акыбети тууралуу айтуу.

صٓۚ وَٱلۡقُرۡءَانِ ذِي ٱلذِّكۡرِ
Сод. Ушул сыяктуу бириндеген тамгалар тууралуу бакара сүрөөсүнүн башында келген. Адамдарга дүйнөдө жана акыретте пайда берген эскертмелерди өзүнө камтыган Куран менен ант берилди. Бул нерсе мушриктердин Аллах менен катар шериктери бар деп ойлошконундай эмес.
Tafsiran larabci:
بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي عِزَّةٖ وَشِقَاقٖ
Бирок каапырлар Аллахты жалгыздоодон бой көтөрүп текеберленишти жана Мухаммадга каршы чыгып душмандык кылышты.
Tafsiran larabci:
كَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَبۡلِهِم مِّن قَرۡنٖ فَنَادَواْ وَّلَاتَ حِينَ مَنَاصٖ
Биз алардан мурун пайгамбарларын жалганга чыгарган канчалаган муундарды жок кылдык. Аларга азап түшкөн кезде алар жардам сурап жалбарышты. Бирок ал учур – жалбаргандары пайда берип, азаптан куткара турган учур эмес болчу.
Tafsiran larabci:
وَعَجِبُوٓاْ أَن جَآءَهُم مُّنذِرٞ مِّنۡهُمۡۖ وَقَالَ ٱلۡكَٰفِرُونَ هَٰذَا سَٰحِرٞ كَذَّابٌ
Аларга өздөрүнөн болгон пайгамбар келип Аллахтын азабынан коркуткан кезде алар таң калышты. Алар каапырлыктан да кайтышкан жок. Качан каапырлар Мухаммад алып келген нерсенин чындык экендигине далилдерди көрүшкөндө мындай дешти: «Бул киши адамдарды сыйкырлаган сыйкырчы, Аллах тараптан вахий түшкөн пайгамбармын деп айтып сөзү жалган.
Tafsiran larabci:
أَجَعَلَ ٱلۡأٓلِهَةَ إِلَٰهٗا وَٰحِدًاۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَيۡءٌ عُجَابٞ
Бул киши Андан башка кудай жок деп көп кудайларды бир кудай кылганы турабы? Чындыгында мунун кылганы өтө таң калыштуу».
Tafsiran larabci:
وَٱنطَلَقَ ٱلۡمَلَأُ مِنۡهُمۡ أَنِ ٱمۡشُواْ وَٱصۡبِرُواْ عَلَىٰٓ ءَالِهَتِكُمۡۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَيۡءٞ يُرَادُ
Алардын кадырмандары жана башчылары кетип баратканда аларды ээрчигендерге мындай деди: «Бараткан жолуңардан тайбагыла! Мухаммаддын динине кирбегиле! Кудайларыңарга сыйынуу жолунда бекем болгула! Чындыгында Мухаммаддын силерди бир кудайга сыйынууга чакырганынын артында көздөгөн бир нерсеси бар, ал муну менен бизге үстөмдүк кылып, бизди ээрчитүүнү каалап жатат.
Tafsiran larabci:
مَا سَمِعۡنَا بِهَٰذَا فِي ٱلۡمِلَّةِ ٱلۡأٓخِرَةِ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا ٱخۡتِلَٰقٌ
Мухаммад бизди үгүттөп жаткан жалгыз кудайга сыйынуу тууралуу ата-бабаларыбыздан жана Исанын дининен да уккан эмеспиз. Биз андан уккан нерсе анык эле калп жана жалаа.
Tafsiran larabci:
أَءُنزِلَ عَلَيۡهِ ٱلذِّكۡرُ مِنۢ بَيۡنِنَاۚ بَلۡ هُمۡ فِي شَكّٖ مِّن ذِكۡرِيۚ بَل لَّمَّا يَذُوقُواْ عَذَابِ
Куран бизге окшогон башчыларга түшпөстөн, арабыздан ушуга гана түшкөнү туурабы? Жок! Ал мушриктер сага түшкөн вахийге шектенүүдө. Алар Аллахтын азабын татпаганы үчүн аларга берилген мөөнөткө азгырылып жатышат. Эгер алар азапты татышканда каапырлыкка, Аллахка ширк кылууга жана сага түшкөн вахийге бет алышпайт болчу.
Tafsiran larabci:
أَمۡ عِندَهُمۡ خَزَآئِنُ رَحۡمَةِ رَبِّكَ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡوَهَّابِ
Же Өзү каалаган адамга каалаганын берген жана эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү Раббиңдин жакшылыктар казынасы мына ошол мушриктерде бекен? Пайгамбарлык да Анын жакшылыктар казынасынан. Ал аны каалаган адамга берет. Алар аны каалаганына берип, каалаганынан тыя тургандай ал алардын колунда эмес.
Tafsiran larabci:
أَمۡ لَهُم مُّلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَاۖ فَلۡيَرۡتَقُواْ فِي ٱلۡأَسۡبَٰبِ
Же алар бергенге жана тыйганга акысы болгудай асмандар менен жердин мүлкү жана ал экөөсүнүн ортосундагы мүлк алардын колунда бекен? Эгерде алардын ойлору ушундай болсо, анда өздөрү каалаганга берип же тыйып коюу өкүмүн колдоруна алыш үчүн асманга жетүүнүн себептерин кылышсын. Бирок алар эч качан мындай кыла алышпайт.
Tafsiran larabci:
جُندٞ مَّا هُنَالِكَ مَهۡزُومٞ مِّنَ ٱلۡأَحۡزَابِ
Мухаммадды жалганга чыгаргандар – пайгамбарларын жалганга чыгарган мурунку аскерлер сыяктуу жеңилген аскерлер.
Tafsiran larabci:
كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ وَعَادٞ وَفِرۡعَوۡنُ ذُو ٱلۡأَوۡتَادِ
Алар биринчи болуп жалганга чыгаргандар эмес. Аларга чейин Нухтун коому жалганга чыгарган, Аад жалганга чыгарган жана адамдар азапталуучу устундардын ээси Фараон да жалганга чыгарган.
Tafsiran larabci:
وَثَمُودُ وَقَوۡمُ لُوطٖ وَأَصۡحَٰبُ لۡـَٔيۡكَةِۚ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡأَحۡزَابُ
Самуд жалганга чыгарды, Луттун коому жалганга чыгарды, Шуайбдын коому жалганга чыгарды. Мына ошолор пайгамбарларын жалганга чыгарууга жана алар алып келген нерсеге каапырлык кылууга уюшкан топтор.
Tafsiran larabci:
إِن كُلٌّ إِلَّا كَذَّبَ ٱلرُّسُلَ فَحَقَّ عِقَابِ
Бул топтордун бири да калбай пайгамбарларды жалганга чыгарышты, анан аларга белгилүү бир убакка чейин кечиксе да Аллахтын азабы түшөрү анык болду жана аларга Анын жазасы келди.
Tafsiran larabci:
وَمَا يَنظُرُ هَٰٓؤُلَآءِ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ مَّا لَهَا مِن فَوَاقٖ
Мухаммадды жалганга чыгаргандар кайтаруу мүмкүн эмес болгон сур кернейинин эки жолу тартылышын күтүп жатышат. Эгер алар аны жалганга чыгарган абалда өлүшсө, аларга азап түшөт.
Tafsiran larabci:
وَقَالُواْ رَبَّنَا عَجِّل لَّنَا قِطَّنَا قَبۡلَ يَوۡمِ ٱلۡحِسَابِ
Алар шылдыңдап айтышты: «Оо, Раббибиз! Кыямат күнгө чейин эле бул дүйнө жашоосундагы азап энчибизди эртеле көр».
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• أقسم الله عز وجل بالقرآن العظيم، فالواجب تَلقِّيه بالإيمان والتصديق، والإقبال على استخراج معانيه.
Аллах улуу Куран менен ант берди. Аны ыйман келтирүү жана тастыктоо менен кабыл алуу жана анын маанилерин чыгарууга бет алуу милдет.

• غلبة المقاييس المادية في أذهان المشركين برغبتهم في نزول الوحي على السادة والكبراء.
Аян-кабар башчыларга же аттуу-баштуу чоңдорго гана түшөт деген материалдык түшүнүктөрү мушриктерге басымдуулук кылды.

• سبب إعراض الكفار عن الإيمان: التكبر والتجبر والاستعلاء عن اتباع الحق.
Каапырлардын ыймандан баш тарткандарынын себеби – акыйкатты ээрчүүдөн текеберленүү, менменсинүү жана бой көтөрүү.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Saad
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa