Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'shuraa   Aya:
ذَٰلِكَ ٱلَّذِي يُبَشِّرُ ٱللَّهُ عِبَادَهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِۗ قُل لَّآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ أَجۡرًا إِلَّا ٱلۡمَوَدَّةَ فِي ٱلۡقُرۡبَىٰۗ وَمَن يَقۡتَرِفۡ حَسَنَةٗ نَّزِدۡ لَهُۥ فِيهَا حُسۡنًاۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ شَكُورٌ
Бул Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга Өзүнүн пайгамбары аркылуу сүйүнчүлөгөн улуу куш кабар. Оо, пайгамбар! Айткын: «Мен силерге жеткирген акыйкат үчүн сыйлык сурабайм. Мен силерден пайдасы өзүңөргө гана кайта турган бир гана нерсеси сурайм – силерге болгон жакындыгым үчүн мени жакшы көргүлө». Ким жакшылык кылса, анын сообун эселеп беребиз. Бир жакшылык он эсеге көбөйтүлөт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине кечиримдүү, Анын Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылгандарга ыраазы болуучу.
Tafsiran larabci:
أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗاۖ فَإِن يَشَإِ ٱللَّهُ يَخۡتِمۡ عَلَىٰ قَلۡبِكَۗ وَيَمۡحُ ٱللَّهُ ٱلۡبَٰطِلَ وَيُحِقُّ ٱلۡحَقَّ بِكَلِمَٰتِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Мушриктер Мухаммад бул Куранды өзү ойлоп таап, аны Раббисине таандык кылып жатат деп ойлошот. Аллах аларга жооп кылып айтты: «Эгерде сен жалган жалаа ойлоп табам деп өзүңө айткан болсоң, анда Мен сенин жүрөгүңдү мөөрлөп коймокмун жана жалган жалааны өчүрүп, акыйкатты калтырмакмын. Бирок иштин мындай болбогондугу – Раббиси тараптан вахий кылынган нерседе пайгамбар чынчыл экендигине далил болот. Чындыгында Аллах пенделеринин жүрөгүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
Tafsiran larabci:
وَهُوَ ٱلَّذِي يَقۡبَلُ ٱلتَّوۡبَةَ عَنۡ عِبَادِهِۦ وَيَعۡفُواْ عَنِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ وَيَعۡلَمُ مَا تَفۡعَلُونَ
Аллах пенделеринин каапырлык жана күнөөлөрү үчүн кылган тооболорун кабыл кылат жана кылган жамандыктарын кечирет. Ал силердин ар бир кылганыңарды билет. Силердин кылган ишиңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге алардын сыйлыгын же жазасын берет.
Tafsiran larabci:
وَيَسۡتَجِيبُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَيَزِيدُهُم مِّن فَضۡلِهِۦۚ وَٱلۡكَٰفِرُونَ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٞ
Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандардын дубасына Аллах жооп берет жана аларга сурашпаса да Өз жакшылыктарынан көбөйтүп берет. Ал эми Аллахка жана Анын элчисилерине каапырлык кылгандарды кыяматта күткөн катуу азап бар.
Tafsiran larabci:
۞ وَلَوۡ بَسَطَ ٱللَّهُ ٱلرِّزۡقَ لِعِبَادِهِۦ لَبَغَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَٰكِن يُنَزِّلُ بِقَدَرٖ مَّا يَشَآءُۚ إِنَّهُۥ بِعِبَادِهِۦ خَبِيرُۢ بَصِيرٞ
Эгерде Аллах бардык пенделерине ырыскыны кенен кылганда, алар жер бетинде чектен чыгып кетишмек. Бирок Аллах ырыскыны Өзү каалаган өлчөмдө көбөйтүп жана азайтып түшүрөт. Чындыгында Аллах пенделеринин абалдары Билүүчү, аларды Көрүүчү. Ошондуктан Ал кандайдыр бир даанышмандык себептүү берет жана кандайдыр бир даанышмандык себептүү алат.
Tafsiran larabci:
وَهُوَ ٱلَّذِي يُنَزِّلُ ٱلۡغَيۡثَ مِنۢ بَعۡدِ مَا قَنَطُواْ وَيَنشُرُ رَحۡمَتَهُۥۚ وَهُوَ ٱلۡوَلِيُّ ٱلۡحَمِيدُ
Пенделери жамгыр жаашынан үмүт үзүп калышканда Ал аларга жамгыр жаадырат жана аны жайылтып, жерди өндүрөт. Ал пенделеринин иштерин башкаруучу, бардык абалда мактоого татыктуу.
Tafsiran larabci:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ خَلۡقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَثَّ فِيهِمَا مِن دَآبَّةٖۚ وَهُوَ عَلَىٰ جَمۡعِهِمۡ إِذَا يَشَآءُ قَدِيرٞ
Асмандар менен жерди жаратуу жана ал экөөсүндө укмуштуудай тирүү жандыктарды таратуу – Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден. Ал аларды Өзү каалаганда чогултууга жана аларга сыйлык-жаза берүүгө кудуреттүү. Аларды абалкы учурда жаратуу Аны алсыратпаган сыяктуу бул нерсе да Аны алсырата албайт.
Tafsiran larabci:
وَمَآ أَصَٰبَكُم مِّن مُّصِيبَةٖ فَبِمَا كَسَبَتۡ أَيۡدِيكُمۡ وَيَعۡفُواْ عَن كَثِيرٖ
Эй, адамдар! Өзүңөргө же мал-мүлкүңөргө тийиштүү башыңарга түшкөн кыйынчылык өз колуңар менен кылган күнөөлөр себептүү болду. Аллах алардын көпчүлүгүн кечирди жана ал үчүн силерди жазалаган жок.
Tafsiran larabci:
وَمَآ أَنتُم بِمُعۡجِزِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٖ
Эгер Аллах силерди жазалоону кааласа, Анын жазасынан качып кутула албайсыңар. Силер үчүн ишиңерди башкарган Андан башка колдоочу жок жана Ал силерге азапты кааласа, силерди андан сактаган жардамчы да жок.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• الداعي إلى الله لا يبتغي الأجر عند الناس.
Аллахка даават кылуучу адам башкалардан сыйлык күтпөйт.

• التوسيع في الرزق والتضييق فيه خاضع لحكمة إلهية قد تخفى على كثير من الناس.
Ырыскынын кенен жана тар болушу Аллахтын даанышмандыгына көз каранды. Бул нерсе адамдардын көпчүлүгүнө беймаалым.

• الذنوب والمعاصي من أسباب المصائب.
Күнөө иштерди кылуу – кыйынчылыктардын себептеринен.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'shuraa
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa