Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'an'am   Aya:
ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖ فَٱعۡبُدُوهُۚ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ وَكِيلٞ
Оо, адамдар, ушундай сыпаттар менен сыпатталаган Зат силердин Раббиңер, андан башка силерге Рабби жок. Андан ашка ибадат кылууга татыктуу эч ким жок, Ал бардык нерсени жаратуучу, Анын Өзүө гана сыйынгыла, Ал ибадат кылууга татыктуу. Ал бардык нерсени сактап туруучу.
Tafsiran larabci:
لَّا تُدۡرِكُهُ ٱلۡأَبۡصَٰرُ وَهُوَ يُدۡرِكُ ٱلۡأَبۡصَٰرَۖ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلۡخَبِيرُ
Көздөр аны орой албайт, Ал Кемчиликсиз Зат көздөрдү ороп алат. Ал саалих пенделерине Жумшак, алардан Кабардар.
Tafsiran larabci:
قَدۡ جَآءَكُم بَصَآئِرُ مِن رَّبِّكُمۡۖ فَمَنۡ أَبۡصَرَ فَلِنَفۡسِهِۦۖ وَمَنۡ عَمِيَ فَعَلَيۡهَاۚ وَمَآ أَنَا۠ عَلَيۡكُم بِحَفِيظٖ
Оо, адамдар, силерге Раббиңерден ачык-айкын далилдер жана белгилер келди, ким ага акыл жүгүртүп, баш ийсе, пайдасы өзүнө. Ал эми ким сокур болуп, акыл жүгүртпөсө жана баш ийбесе, анын зыяны өзүнө. Мен силердин иш-аракетиңерди санаган күзөтчү эмесмин. Мен силерди күзөтүп турган Раббимдин элчисимин.
Tafsiran larabci:
وَكَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ وَلِيَقُولُواْ دَرَسۡتَ وَلِنُبَيِّنَهُۥ لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ
Аллахтын күч-кудуретине ар түрдүү далил, белгилерди көрсөткөнүбүз сыяктуу, аяттарыбызды да убада, эскертүү, насаат кылып ар түрдүү түшүрдүк. Бутпарастар: Бул аян-кабар эмес, сен муну мурдагы китеп ээлеринен үйрөнгөнсүң - дешет. Ошондой эле чындыкты Мухаммаддын үммөтүнө баян кылуубуз үчүн аяттарды түрдүү кылдык. Алар чындыкты калы кылышат жана аны ээрчишет.
Tafsiran larabci:
ٱتَّبِعۡ مَآ أُوحِيَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ وَأَعۡرِضۡ عَنِ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Оо, элчи, Раббиң сага аян-кабыр кылган чындыкты гана ээрчи. Ал кемчиликсиз Аллах, Андан башка ибадтка татыктуу эч ким жок. Каапырлардын тоң моюндугуна жүрөгүңдү алагды кылба, алардын иши Аллахтын колунда.
Tafsiran larabci:
وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَآ أَشۡرَكُواْۗ وَمَا جَعَلۡنَٰكَ عَلَيۡهِمۡ حَفِيظٗاۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡهِم بِوَكِيلٖ
Эгер Аллах алардын Ага эч нерсени шерик кылбоосун каалаганда, алар Ага эч нерсени шерик кылбайт эле. Эй элчи, сени алардын ишин көзөмөлдөй турган кароол кылган эмеспиз. Сен аларга мажбурланбайсың, чынында сен элчисиң, сенин милдетиң жеткирүү.
Tafsiran larabci:
وَلَا تَسُبُّواْ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ فَيَسُبُّواْ ٱللَّهَ عَدۡوَۢا بِغَيۡرِ عِلۡمٖۗ كَذَٰلِكَ زَيَّنَّا لِكُلِّ أُمَّةٍ عَمَلَهُمۡ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِم مَّرۡجِعُهُمۡ فَيُنَبِّئُهُم بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Оо, ыймандуулар, сөгүүгө ылайыктуу өтө жаман нерселер болгонуна карабастан, бутпарастар Аллахка шерик кылып сыйынып жаткан бут-айкелдерди сөкпөгүлө. Бутпарастар ага өчөшүп жана караңгылык кылып Аллахты сөкпөсүн. Аларга адашуулары кооз көрүнгөн сыяктуу бардык үммөттөргө өздөрүнүн иш-аракеттери жакшы болсо да, жаман болсо да аны кооз көрсөттүк. Биз аларга кооз көрсөткөн нерседен сактангыла. Кыямат күнү баары Раббисине кайтат. Ошондо алардын бул дүйнөдө эмне иш-аракет кылганын кабар берип, ошого жараша жазалайт.
Tafsiran larabci:
وَأَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ لَئِن جَآءَتۡهُمۡ ءَايَةٞ لَّيُؤۡمِنُنَّ بِهَاۚ قُلۡ إِنَّمَا ٱلۡأٓيَٰتُ عِندَ ٱللَّهِۖ وَمَا يُشۡعِرُكُمۡ أَنَّهَآ إِذَا جَآءَتۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Эгер Мухаммад аларга алар талап кылган Аллахтын аят-белгилеринен бир белгини алып келсе, ага ыйман келтиребиз деп, бутпарастар колунан келишинче жан үрөп Аллахка ант беришет. Эй элчи, аларга: "Аят-белгилерди түшүргүдөй алар менин колумда эмес, ал Аллахтын колунда качан кааласа, ошондо түшүрөт" - деп айт. Эй, ыймандуулар, эгер алардын талабына ылайык аят-белги келсе да алардын ыйман келтирбестигин билесиңерби? Алар кежирленип, моюнуна албаган боюнча кала беришет, анткени алар туура жолду каалашпайт.
Tafsiran larabci:
وَنُقَلِّبُ أَفۡـِٔدَتَهُمۡ وَأَبۡصَٰرَهُمۡ كَمَا لَمۡ يُؤۡمِنُواْ بِهِۦٓ أَوَّلَ مَرَّةٖ وَنَذَرُهُمۡ فِي طُغۡيَٰنِهِمۡ يَعۡمَهُونَ
Өздөрүнүн кежирлиги себептүү биринчи ирет Куранга ыйман келтирүүдөн алыстатып койгонубуз сыяктуу, алардын жүрөктөрүн жана көздөрүн чындыкка алып барчу туура жолдон алагды кылып, оодарып койдук. Эми аларды адашып, дүрбөлөңгө түшүп, тентиген боюнча Раббисине калтырып коёбуз.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• تنزيه الله تعالى عن الظلم الذي ترسِّخُه عقيدة (الجَبْر)، وبيان أن كفر العباد وشركهم أمر يحدث باختيارهم.
(Жабр) акыйдасы бекемдеген жалаа, залымдыктан Аллах Таала аруу-таза экени, пенделердин каапырдыгы жана ширк кылуусу алардын өзүнүн ыктыяры менен болору айтылды.

• ليس بمقدور نبي من الأنبياء أن يأتي بآية من عند نفسه، أو متى شاء، بل ذلك أمر مردود لله تعالى، فهو القادر وحده على ذلك، وهو الحكيم الذي يُقَدِّر نوع الآية ووقت إظهارها.
Эч кайсы пайгамбар өз оюнан бирээр аят айтууга же аятты өзү каалаган учурда айтууга кадыр эмес. Бул Аллахтын колундагы иш. Буга Аллах жалгыз Өзү кадыр. Ал аяттардын түрлөрүн жана алар кайсы убакта айтыларын тагдыр кылган Даанышман Зат.

• النهي عن سب آلهة المشركين حذرًا من مفسدة أكبر وهي التعدي بالسب على جناب رب العالمين.
Бутпарастар сыйынган нерселерди сөгүүгө болбойт, анткени ошонун айынан алар андан да жаман ишке барып ааламдардын Раббисин сөгүүсу мүмкүн

• قد يحول الله سبحانه وتعالى بين العبد والهداية، ويُصرِّف بصره وقلبه على غير الطاعة؛ عقوبة له على اختياره الكفر.
Каапырлыкты тандаган пенделерине жаза катары, кээде Аллах Таала алардын туура жолдон алагды кылып, жүрөгүн жана көзүн баш ийүүдөн башка жакка буруп коёт

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'an'am
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa