Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߤߎ߯ߘߎ߫   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:
أُوْلَٰٓئِكَ لَمۡ يَكُونُواْ مُعۡجِزِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا كَانَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَۘ يُضَٰعَفُ لَهُمُ ٱلۡعَذَابُۚ مَا كَانُواْ يَسۡتَطِيعُونَ ٱلسَّمۡعَ وَمَا كَانُواْ يُبۡصِرُونَ
Мына ошол сыпаттар менен сыпатталган адамдарга Аллахты азабы келгенде, алар андан жер бетинде качып кутула алышпайт. Аларды Аллахтын жазасынан коргой турган Өзүнөн башка жардамчы да өнөктөш да жок. Алар өздөрүн да башкаларды да Аллахтын жолунан адаштыргандыгы үчүн Кыямат күнү азабынын үстүнө азап кошулат. Алар акыйкатка катуу каршы чыккандары себептен бул дүйнөдө чындыкты жана туура жолду кабыл алгандай уга алышкан эмес. Ошондой эле алар табияттагы Аллахтын аят-белгилерин пайда алгандай көрө алышкан эмес.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Ошол сыпаттар менен сыпатталган адамдар Аллах менен бирге башка шериктерди кудай кылып алуу менен өздөрү өздөрүн азапка түртүп, кыйроого дуушар болушту. Кийин алар шапаатчы жана шерик кылып алган кудайчалар алардан кетип калышат.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
لَا جَرَمَ أَنَّهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ هُمُ ٱلۡأَخۡسَرُونَ
Туура! Албетте, алар Кыямат күнүндө соодада эң чоң уттурууга учурагандардан болушат. Анткени алар ыйманды каапырчылыкка, Акыретти бул дүйнөгө жана ырайымдуулукту азапка алмаштырышкан эле.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَأَخۡبَتُوٓاْ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Чындыгында, Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтиргендер, жакшы иш-аракеттерди аткаргандар, ошондой эле Аллахка моюн сунуп баш ийгендер мына ошолор бейиш ээлери. Алар бейиште түбөлүк болушат.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
۞ مَثَلُ ٱلۡفَرِيقَيۡنِ كَٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡأَصَمِّ وَٱلۡبَصِيرِ وَٱلسَّمِيعِۚ هَلۡ يَسۡتَوِيَانِ مَثَلًاۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Каапыр жана ыймандуу эки топтун мисалы – көзү көрбөгөн сокур, кулагы укпаган дүлөй менен кулагы уккан жана көзү көргөн адамдар сыяктуу. Биринчи мисал каапырларга тийиштүү. Алар чындыкты угушат бирок кабыл алышпайт жана аны көрүшөт бирок пайда алышпайт. Ал эми ыймандуулар угуу менен көрүүнү бирдей пайдаланышат. Мына ушул эки топтун абалы жана сыпаттары бири-бирине тең келеби? Албетте тең келбейт. Алар бул эки топтун бири-бирине тең келбегенинен сабак алышпайбы?
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦٓ إِنِّي لَكُمۡ نَذِيرٞ مُّبِينٌ
Биз Нух пайгамбарды өзүнүн элине элчи кылып жибердик. Ал элине айтты: Чындыгында, мен силерди Аллахтын азабынан эскертемин жана силерге жөнөтүлгөн нерсемди ачыктаймын.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
أَن لَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّا ٱللَّهَۖ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ أَلِيمٖ
Ошондой эле мен силерди жалгыз Аллахка сыйынууга чакырам. Андан башка эч кимге сыйынбагыла. Чындыгында, мен силерге жан ооруткан күндүн азабынан корком.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
فَقَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ مَا نَرَىٰكَ إِلَّا بَشَرٗا مِّثۡلَنَا وَمَا نَرَىٰكَ ٱتَّبَعَكَ إِلَّا ٱلَّذِينَ هُمۡ أَرَاذِلُنَا بَادِيَ ٱلرَّأۡيِ وَمَا نَرَىٰ لَكُمۡ عَلَيۡنَا مِن فَضۡلِۭ بَلۡ نَظُنُّكُمۡ كَٰذِبِينَ
Ошондо анын коомундагы каапыр болгон аттуу-баштуулар мындай дешти: Биз сенин чакырыгыңа эч качан жооп бербейбиз. Анткени сен бизден өзгөчө эмессиң. Сен бизге окшогон эле адамсың. Анткени биздин көз карашыбыз боюнча ачык болгондой арабыздагы төмөнкү адамдар гана сени ээрчишти. Биз силерди ээрчигенге татыктуу болгудай силердин ашып ташкан мал-мүлкүңөр, атак-даңкыңар жана мансабыңар жок. Тескерисинче, биз силерди чакырып жаткан нерсеңерде жалганчы деп ойлойбуз.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
قَالَ يَٰقَوۡمِ أَرَءَيۡتُمۡ إِن كُنتُ عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّي وَءَاتَىٰنِي رَحۡمَةٗ مِّنۡ عِندِهِۦ فَعُمِّيَتۡ عَلَيۡكُمۡ أَنُلۡزِمُكُمُوهَا وَأَنتُمۡ لَهَا كَٰرِهُونَ
Аларга Нух айтты: Оо, элдер! Айткылачы мага? Эгерде Раббимден менин чынчылдыгымды тастыктаган жана мага ишенүүңөрдү милдет кылган далил менен келип турсам. Ошондой эле Аллах мага Өзүнөн ырайымдуулукту берди. Ал – пайгамбарчылык жана элчилик. Ал нерседе силер наадан болгондуктан аны силреден жашырып койду. Эми ошол нерсеге ыйман келтирүүгө биз силерди мажбурлашыбыз керекпи? Биз силерди кыйнап аны жүрөгүңөргө киргизишибиз керекпи? Ал нерсе колубуздан келбейт. Аллахтан башка эч ким ыйманга багыттай албайт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• الكافر لا ينتفع بسمعه وبصره انتفاعًا يقود للإيمان، فهما كالمُنْتَفِيَين عنه بخلاف المؤمن.
Каапыр адам өз көзүн жана кулагын аны ыйманга жетелей тургандай кылып пайдалана албайт. Ал мүчөлөрү анда жокко барабар. Ал эми ыймандуу адам тескерисинче аларды туура пайдаланат.

• سُنَّة الله في أتباع الرسل أنهم الفقراء والضعفاء لخلوِّهم من الكِبْر، وخُصُومهم الأشراف والرؤساء.
Аллахтын табияттагы белгилериен пайгамбарларды ээрчигендер кедей жана алсыз болушат. Анткени аларда текеберчилик жок. Ошондой эле адат боюнча аларга аттуу-баштуулар каршылык көрсөтүшөт.

• تكبُّر الأشراف والرؤساء واحتقارهم لمن دونهم في غالب الأحيان.
Көпчүлүк учурларда аттуу-баштуулар текеберленишип өздөрүнөн ылдый тургандарды адам катары көрүшпөйт.

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߤߎ߯ߘߎ߫
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲