Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߞߙߎߞߊ ߟߎ߬   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:
قُل لَّن يَنفَعَكُمُ ٱلۡفِرَارُ إِن فَرَرۡتُم مِّنَ ٱلۡمَوۡتِ أَوِ ٱلۡقَتۡلِ وَإِذٗا لَّا تُمَتَّعُونَ إِلَّا قَلِيلٗا
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн коркуп согуштан качсаңар да силерге качканыңар эч пайда бербейт. Анткени ажал тагдырда жазылган. А эгер ажалыңардын мөөнөтү келе элек болсо, өзү бул жашоодо аз гана убакыт пайдаланып жашайсыңар».
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
قُلۡ مَن ذَا ٱلَّذِي يَعۡصِمُكُم مِّنَ ٱللَّهِ إِنۡ أَرَادَ بِكُمۡ سُوٓءًا أَوۡ أَرَادَ بِكُمۡ رَحۡمَةٗۚ وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерди Аллахтан ким коргой алат, эгер Ал силер жаман көргөн өлүмдү же өлтүрүлүүнү силерге каалаган болсо, же силер каалаган амандыкты жана жакшылыкты силерге каалаган болсо, ким тосо алат. Силерди мындан эч ким коргой албайт». Ал эки жүздүүлөр алардын ишин жөнгө салган Аллахтан башка дос таба алышпайт жана аларды Аллахтын азабынан коргогон колдоочу да таба алышпайт».
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
۞ قَدۡ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ ٱلۡمُعَوِّقِينَ مِنكُمۡ وَٱلۡقَآئِلِينَ لِإِخۡوَٰنِهِمۡ هَلُمَّ إِلَيۡنَاۖ وَلَا يَأۡتُونَ ٱلۡبَأۡسَ إِلَّا قَلِيلًا
Силердин араңардагы, Аллахтын элчиси менен бирге душманга каршы согушуудан башкаларды тыйып жаткандарды жана туугандарына: «Бизге кошулгула! Ага кошулуп согушпагыла, жаныңар кыйылат! Чынында, биз силердинжаныңар кыйылат деп коркуп жатабыз» деп азгыргандарды Аллах жакшы билет. Ал саткындар согушка келбейт жана катышпайт, катышса да, сейрек, Аллахты жана Анын элчисин колдоо үчүн эмес, өздөрү намыска калбоо үчүн келишет.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
أَشِحَّةً عَلَيۡكُمۡۖ فَإِذَا جَآءَ ٱلۡخَوۡفُ رَأَيۡتَهُمۡ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ تَدُورُ أَعۡيُنُهُمۡ كَٱلَّذِي يُغۡشَىٰ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡمَوۡتِۖ فَإِذَا ذَهَبَ ٱلۡخَوۡفُ سَلَقُوكُم بِأَلۡسِنَةٍ حِدَادٍ أَشِحَّةً عَلَى ٱلۡخَيۡرِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَمۡ يُؤۡمِنُواْ فَأَحۡبَطَ ٱللَّهُ أَعۡمَٰلَهُمۡۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا
Оо, ыймандуулар жамааты! Алар силерден мал-мүлкүн аяган сараңдар, алар силерге жардам беришпейт. Алар жанына сараңдык кылгандар, силер менен бирге согушпайт. Алар сүйүүсүн аягандар, силерди жакшы көрүшпөйт. Оо, пайгамбар! Душман менен болгон беттеште коркунуч басканда, алардын көздөрү коркоктуктан өлүм алдында жан алакетке түшкөн адамдын көздөрүндөй болуп алаңдап сени жалдырап тиктегендерин көрөсүң. Ал эми алардан коркунуч кетип, тынчтанып калганда заар тилдери менен ар нерсени айтып зыян беришет. Алар олжого ач көз, аны далбастап издешет. Мына ушундай сыпаттагы адамдар чындап ыйман келтиришкен эмес. Ошол себептен Аллах алардын иш-аракеттеринин соопторун жок кылды. Ал жок кылуу Аллах үчүн өтө жеңил.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
يَحۡسَبُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ لَمۡ يَذۡهَبُواْۖ وَإِن يَأۡتِ ٱلۡأَحۡزَابُ يَوَدُّواْ لَوۡ أَنَّهُم بَادُونَ فِي ٱلۡأَعۡرَابِ يَسۡـَٔلُونَ عَنۡ أَنۢبَآئِكُمۡۖ وَلَوۡ كَانُواْ فِيكُم مَّا قَٰتَلُوٓاْ إِلَّا قَلِيلٗا
Ал коркоктор Аллахтын элчиси менен мусулмандарга каршы согушууга келген жоон топтор мусулмандарды кырып жок кылмайын кетишпейт деп ойлошот. Эгер тагдыр болуп, ал жоон топтор дагы бир жолу келишсе, анда ал эки жүздүүлөр силерден: «Душманыңар менен согушкандан кийин силерге эмне болду?» – деп кабар алып арабдар менен Мединадан чыгып кетүүнү каалашмак. Оо, ыймандуулар! Алар силердин араңарда болушса да алардын аз гана бөлүгү силер менен бирге согушмак. Андыктан аларга маани бербегиле, алар үчүн көңүлүңөрдү чөктүрбөгүлө.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
لَّقَدۡ كَانَ لَكُمۡ فِي رَسُولِ ٱللَّهِ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ لِّمَن كَانَ يَرۡجُواْ ٱللَّهَ وَٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَ وَذَكَرَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا
Аллахтын элчиси айткан сөздөрдө, аткарган иштерде силер үчүн эң жакшы үлгүлөр бар. Ал улуу башы менен өзү келип согушка катышып атса, ушундан кийин кантип андан өз жаныңарды аяп жатасыңар? Акырет күнүн каалап, ал үчүн аракет кылган жана Аллахты көптөн-көп зикир кылган адам гана Аллахтын элчисин үлгү тутат. Ал эми акырет күнүн каалабаган жана Аллахтын көп зикир кылбаган адам Аллахтын элчисин үлгү тутпайт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلَمَّا رَءَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ قَالُواْ هَٰذَا مَا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَصَدَقَ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥۚ وَمَا زَادَهُمۡ إِلَّآ إِيمَٰنٗا وَتَسۡلِيمٗا
Качан ыймандуулар аларга каршы согушууга бириккен жоон топторду көргөндө айтышты: «Бул Аллахтын жана Анын элчисинин бизге кыйынчылыктар, сыноолор жана жеңиш тууралуу айткан убадасы. Аллах жана Анын элчиси бул нерседе чындыкты айтыптыр. Ошол эми ишке ашып жатат». Алардын жоон топторду көрүүсү Аллахка болгон ыймандарын жана моюн сунууларын гана күчөттү.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• الآجال محددة؛ لا يُقَرِّبُها قتال، ولا يُبْعِدُها هروب منه.
Ажалдын убактысы белгиленген. Согушуу аны жакындатпайт жана согуштан качуу аны алыстатпайт.

• التثبيط عن الجهاد في سبيل الله شأن المنافقين دائمًا.
Аллах жолунда согушуудан тосуу эки жүздүүлөр дайым кылып келген иш.

• الرسول صلى الله عليه وسلم قدوة المؤمنين في أقواله وأفعاله.
Аллахтын элчиси сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде ыймандууларга үлгү.

• الثقة بالله والانقياد له من صفات المؤمنين.
Аллахка ишенүү, Ага моюн сунуу ыймандуулардын сыпаттарынан.

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߞߙߎߞߊ ߟߎ߬
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲