Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߟߐ߬ߖߟߎ߬ߡߊ߬ߣߍ߲ ߠߎ߬   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:
فَلَمَّآ أَسۡلَمَا وَتَلَّهُۥ لِلۡجَبِينِ
Качан ал экөөсү Аллахка моюн сунган кезде Ибрахим баласын курмандыкка чалуу тууралуу буйрукту аткарыш үчүн аны бешенесинин капталына жаткырды.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَنَٰدَيۡنَٰهُ أَن يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُ
Ибрахим баласын курмандыкка чал деген Аллахтын буйругун аткарууга киришкенде Биз: «Оо, Ибрахим!» – деп чакырык салдык.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
قَدۡ صَدَّقۡتَ ٱلرُّءۡيَآۚ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Сен балаңды курмандыкка чалуу тууралуу көргөн түшүндү экиленбестен аткардың. Чындыгында Биз сени бул чоң сыноодон куткарып сыйлаганыбыз сыяктуу жакшылык кылган адамдарды да сыноолордон жана кыйынчылыктардан куткарабыз.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡبَلَٰٓؤُاْ ٱلۡمُبِينُ
Акыйкатта бул анык сыноо болчу. Ибрахим андан ийгиликтүү өттү.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَفَدَيۡنَٰهُ بِذِبۡحٍ عَظِيمٖ
Биз Исмаилдин ордуна курмандыкка чалыш үчүн чоң кочкорду тартуу кылдык.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ
Жана келечек муундарга Ибрахим тууралуу алкыш-мактоо сөздөрдү калтырдык.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ
Аллахтан ага дубай салам жана бүткүл балээ-кырсыктардан аман болуу тууралуу каалоо-тилектер болсун!
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Биз Ибрахимге моюн сунганы үчүн ушундай сыйлык бергенибиз сыяктуу жакшылык кылгандарга да сыйлыктарды тартуулайбыз.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Чындыгында Ибрахим Аллахка кулчулук кылуунун талаптарын аткарган ыймандуу пенделерибизден эле.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَبَشَّرۡنَٰهُ بِإِسۡحَٰقَ نَبِيّٗا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Жана ал Аллахка моюн сунуп жалгыз баласы Исмаилди курмандыкка чалгандыгынын сыйлыгы катары Биз ага пайгамбар жана такыба пенде боло турган Исхак аттуу балалуу болорун сүйүнчүлөдүк.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَبَٰرَكۡنَا عَلَيۡهِ وَعَلَىٰٓ إِسۡحَٰقَۚ وَمِن ذُرِّيَّتِهِمَا مُحۡسِنٞ وَظَالِمٞ لِّنَفۡسِهِۦ مُبِينٞ
Биз ага жана баласы Исхакка Өзүбүз тараптан береке түшүрдүк жана аларга көп жакшылыктарды бердик. Ал жакшылыктардан – алардын балдарынын көп болуусу. Алардын урпактарынын ичинде Раббисине моюн сунуп жакшылык кылгандары бар жана ошондой эле каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө ачык зулумдук кылгандары да бар.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلَقَدۡ مَنَنَّا عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ
Биз Муса менен анын бир тууганы Харунга пайгамбарлык бердик.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَنَجَّيۡنَٰهُمَا وَقَوۡمَهُمَا مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ
Биз аларды жана алардын коому Исраил урпактарын Фараондун кулчулугунан жана сууга чөгүүдөн сактадык.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَنَصَرۡنَٰهُمۡ فَكَانُواْ هُمُ ٱلۡغَٰلِبِينَ
Биз аларды Фараонго жана анын аскерине каршы колдодук. Душмандын үстүнөн жеңишке жетүү алар тарапта болду.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَءَاتَيۡنَٰهُمَا ٱلۡكِتَٰبَ ٱلۡمُسۡتَبِينَ
Жана Биз Муса менен анын бир тууганы Харунга Аллах тараптан ачык-айкын Тоорат китебин бердик.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَهَدَيۡنَٰهُمَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ
Аларды эч кандай бурмалануусу жок туура жолго салдык. Ал -– Жаратуучунун ыраазылыгына жеткирген Ислам дининин жолу.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِمَا فِي ٱلۡأٓخِرِينَ
Жана алар тууралуу келечек муунга алкыш-мактоо сөздөрдү калтырдык.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
سَلَٰمٌ عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ
Аллахтан ал экөөсүнө дубай салам, алкыш-мактоолор жана бүткүл балээ-кырсыктардан аман болуу тууралуу каалоо-тилектер болсун!
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Чындыгында Биз Муса менен Харунга ушундай ардактуу сыйлыкты бергенибиз сыяктуу Раббисине моюн сунуп жакшылыктарды кылгандарга да сыйлыктарды беребиз.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِنَّهُمَا مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Чындыгында Муса менен Харун Аллахтын шариятын аткарган ыймандуу пенделерибизден болчу.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَإِنَّ إِلۡيَاسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Ошондой эле Илияс дагы Раббиси тараптан жиберилген элчилерибизден эле. Аллах ага пайгамбарчылыкты жана элчиликти тартуу кылды.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَلَا تَتَّقُونَ
Бир кезде ал жиберилген Исраил урпактарына мындай деди: «Оо, элим! Аллахтын жалгыз Ага гана сыйынуу сыяктуу өкүм-буйруктарын аткарып, ширк сыяктуу тыюуларын таштап Андан коркпойсуңарбы?!
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
أَتَدۡعُونَ بَعۡلٗا وَتَذَرُونَ أَحۡسَنَ ٱلۡخَٰلِقِينَ
Аллахтан башка кудайыңар Баалга сыйынып, эң мыкты Жаратуучу Аллахка сыйынууну таштап коёсуңарбы?!
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ٱللَّهَ رَبَّكُمۡ وَرَبَّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Аллах силерди жана силерден мурунку ата-бабаларыңарды жараткан Раббиңер. Андан башка пайда да, зыян да бербеген айкелдер эмес, Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• قوله: ﴿فَلَمَّآ أَسْلَمَا﴾ دليل على أن إبراهيم وإسماعيل عليهما السلام كانا في غاية التسليم لأمر الله تعالى.
«Качан ал экөөсү моюн сунушканда» деген сөз – Ибрахим менен Исмаилдин Аллахтын буйругуна толук моюн сунгандарына далил болот.

• من مقاصد الشرع تحرير العباد من عبودية البشر.
Адамдарды адамга сыйынуудан бошотуу – шарияттын түпкү максаттарынан.

• الثناء الحسن والذكر الطيب من النعيم المعجل في الدنيا.
Алкыш-мактоолордун жана жакшы сөздөрдүн айтылуусу – бул дүйнөдө алдын ала берилген жакшылыктардан.

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߟߐ߬ߖߟߎ߬ߡߊ߬ߣߍ߲ ߠߎ߬
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲