Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߛߘߍߞߎߘߎ߲ ߠߎ߬   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:
۞ فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن كَذَبَ عَلَى ٱللَّهِ وَكَذَّبَ بِٱلصِّدۡقِ إِذۡ جَآءَهُۥٓۚ أَلَيۡسَ فِي جَهَنَّمَ مَثۡوٗى لِّلۡكَٰفِرِينَ
Шериги бар, аялы бар, баласы бар деп Аллахка ылайык келбеген нерсени Ага тийиштүү кылган адамдан да өткөн залым жок. Ошондой эле Аллахтын элчиси алып келген вахийди жалганга чыгарган адамдан да өткөн залым жок. Аллахка каапыр болгондор үчүн тозокто орун жок бекен? Албетте, бар! Чындыгында алар үчүн ал жакта орун да, жай да бар.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَٱلَّذِي جَآءَ بِٱلصِّدۡقِ وَصَدَّقَ بِهِۦٓ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُتَّقُونَ
Ал эми сөзүндө, иш-аракеттеринде пайгамбарлардан жана башкалардан акыйкатты алып келген, анын чындык экенине ишенген жана анын талаптарына ылайык иш-аракет кылгандар – мына ошолор Раббисинин буйругуна баш ийип, тыюуларынан алыстаган чыныгы такыбалар.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
لَهُم مَّا يَشَآءُونَ عِندَ رَبِّهِمۡۚ ذَٰلِكَ جَزَآءُ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Алар үчүн Раббисинин алдында өздөрү каалагандай түбөлүк ырахаттар бар. Бул Жаратуучусуна жана адамдарга жакшылык кылгандардын сыйлыгы.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
لِيُكَفِّرَ ٱللَّهُ عَنۡهُمۡ أَسۡوَأَ ٱلَّذِي عَمِلُواْ وَيَجۡزِيَهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ ٱلَّذِي كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Аллах алардын дүйнөдө кылган эң жаман күнөө иштерин өчүрүш үчүн кылды. Анткени алар тообо кылышты, Раббисине кайтышты. Ошондой эле аларга кылган эң жакшы иштеринине соопторду берет.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
أَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِكَافٍ عَبۡدَهُۥۖ وَيُخَوِّفُونَكَ بِٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦۚ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٖ
Аллах пендеси Мухаммадга дин жана дүйнө иштеринде, ошондой эле аны душмандарынан коргоого Өзү жетиштүү эмеспи?! Албетте, Ал ага Өзү жетиштүү! Оо, пайгамбар! Алар наадандыктан жана кем акылдыктан өздөрү Аллах менен катар сыйынышкан кудайлары сага зыян берет деп сени коркутушат. Аллах кимди жардамсыз таштап, туура жолго түшүүгө ийгилик бербесе, анда аны туура жолго салган, ага ийлигик берген эч ким болбойт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَمَن يَهۡدِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن مُّضِلٍّۗ أَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِعَزِيزٖ ذِي ٱنتِقَامٖ
Ал эми Аллах кимге туура жолго түшүүгө ийгилик берсе, анда аны эч ким адаштыра албайт. Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Ага каапырлык кылып, баш ийбегендерден өч Алуучу эмеспи?! Албетте, Ал Өзү Кудуреттүү, өч Алуучу!
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۚ قُلۡ أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ إِنۡ أَرَادَنِيَ ٱللَّهُ بِضُرٍّ هَلۡ هُنَّ كَٰشِفَٰتُ ضُرِّهِۦٓ أَوۡ أَرَادَنِي بِرَحۡمَةٍ هَلۡ هُنَّ مُمۡسِكَٰتُ رَحۡمَتِهِۦۚ قُلۡ حَسۡبِيَ ٱللَّهُۖ عَلَيۡهِ يَتَوَكَّلُ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде мушриктерден: «Асмандар менен Жерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар: «Аны Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Аларга кудайларынын алсыздыгын жар салып мындай деп айт: «Силер Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар тууралуу мага айткылачы, эгер Аллах мага зыян берүүнү кааласа, алар мени андан куткара алышабы?! Же болбосо, Раббим мага Өз алдынан ырайым тартууласа, алар аны менден тосо алышабы?!». Аларга айткын: «Аллахтын Өзү мага жетиштүү! Бүткүл ишимде Ага гана тобокел кыламын. Тобокел кылган адамдар жалгыз Ага гана таянышат».
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
قُلۡ يَٰقَوۡمِ ٱعۡمَلُواْ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمۡ إِنِّي عَٰمِلٞۖ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, элим! Силер өзүңөргө жаккандай абалда Аллахка ширк амалыңарды кыла бергиле. А мен болсо Раббим мага буйруган Аны жалгыздоого чакырып, Ага чын ыкластан ибадатымды кыламын. Жакында ар бир жолдун акыбети кандай экенин билесиңер».
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
مَن يَأۡتِيهِ عَذَابٞ يُخۡزِيهِ وَيَحِلُّ عَلَيۡهِ عَذَابٞ مُّقِيمٌ
Силер жакында кимге бул дүйнөдө кордукка салган азап келерин жана акыретте эч качан бүтпөгөн түбөлүк азап түшөрүн билесиңер.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• عظم خطورة الافتراء على الله ونسبة ما لا يليق به أو بشرعه له سبحانه.
Аллахка жалган жалаа жабуунун, Ага жана Анын шариятына ылайык келбеген нерсени Ага тийиштүү кылуунун коркунучу.

• ثبوت حفظ الله للرسول صلى الله عليه وسلم أن يصيبه أعداؤه بسوء.
Аллах пайгамбарды душмандарынын зыянынан коргоосунун баса белгилениши.

• الإقرار بتوحيد الربوبية فقط بغير توحيد الألوهية، لا ينجي صاحبه من عذاب النار.
Аллахтын сыйынууга татыктуулугун таштап, Анын жаратуучулугун гана моюнга алуу – адамды тозок азабынан куткарбайт.

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߛߘߍߞߎߘߎ߲ ߠߎ߬
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲