Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߡߏ߬ߛߏ ߟߎ߬   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:
ٱلَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمۡ فَإِن كَانَ لَكُمۡ فَتۡحٞ مِّنَ ٱللَّهِ قَالُوٓاْ أَلَمۡ نَكُن مَّعَكُمۡ وَإِن كَانَ لِلۡكَٰفِرِينَ نَصِيبٞ قَالُوٓاْ أَلَمۡ نَسۡتَحۡوِذۡ عَلَيۡكُمۡ وَنَمۡنَعۡكُم مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۚ فَٱللَّهُ يَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَلَن يَجۡعَلَ ٱللَّهُ لِلۡكَٰفِرِينَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ سَبِيلًا
Алар силерге жакшылык болобу, жамандык болобу күтүп турушат. Эгер силерге Аллах жардам берип, олжого ээ болсоңор, олжодон алып калуу үчүн: "биз силер менен бирге, силер күбө болгон нерсеге күбө болбодукпу?!" дешет. А эгер жеңиш каапырлар тарапка оосо, аларга: "биз силерге жардам, колдоо көрсөтүп, ыймандуулардан силерди коргободук беле?! дешет. Кыяматта баарыңардын үстүнөн Аллах өкүм чыгарат, ыймандуулар бейишке кирүү менен сыйланат, эки жүздүүлөр тозоктун эң төмөнкү катмарына түшүү менен жазаланат. Аллах Таала кыямат күнү каапырлар ыймандуулардын үстүнөн далил алып келүүсүнө жол бербейт, тескерисинче ыймандууларга жакшы акыбетин берет. Эгер ыймандарында чынчыл болуп, шарияттын чегинен чыгышпаса.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ يُخَٰدِعُونَ ٱللَّهَ وَهُوَ خَٰدِعُهُمۡ وَإِذَا قَامُوٓاْ إِلَى ٱلصَّلَوٰةِ قَامُواْ كُسَالَىٰ يُرَآءُونَ ٱلنَّاسَ وَلَا يَذۡكُرُونَ ٱللَّهَ إِلَّا قَلِيلٗا
Сыртынан исламды көрсөтүп, каапырлыгын ичине катып эки жүздүүлөр Аллахты алдайбыз деп ойлойт, Аллах аларды алдайт; алардын каапырлыгын билип канын кечип койду жана акыретте алардын акыбети катуу болорун убада кылды. Эки жүздүүлөр намазга турса, аны жактырбай, жалкоолонуп турушат, Аллахты ыймандууларды көргөндө гана бир аз эстешет
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
مُّذَبۡذَبِينَ بَيۡنَ ذَٰلِكَ لَآ إِلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِ وَلَآ إِلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِۚ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ سَبِيلٗا
Ал эки жүздүүлөр эки анжы болуп айран калышты, ичинде да, сыртында да ыймандуулар менен бирге эмес, каапырлар менен да бирге эмес. Алардын сырты мусулмандар менен ичи каапырлар менен бирге,эй, элчи, Аллах кимди ушинтип адаштырып койсо, аны адашуудан туура жолго эч баштай албайсың
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۚ أَتُرِيدُونَ أَن تَجۡعَلُواْ لِلَّهِ عَلَيۡكُمۡ سُلۡطَٰنٗا مُّبِينًا
Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, ыймандууларды эмес, Аллахка каапыр болгондорду дос кыласыңарбы, ушул кылыгыңарды Аллах Таала азапка ылайык кыла турган анык далил кылуусун каалайсыңарбы?!
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ فِي ٱلدَّرۡكِ ٱلۡأَسۡفَلِ مِنَ ٱلنَّارِ وَلَن تَجِدَ لَهُمۡ نَصِيرًا
Эки жүздүүлөрдү Аллах Таала кыямат күнү тозоктун эң түпкү катмарында кылат, аларды азаптан куткара турган эч бир жардамчы таппайсың
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ وَأَصۡلَحُواْ وَٱعۡتَصَمُواْ بِٱللَّهِ وَأَخۡلَصُواْ دِينَهُمۡ لِلَّهِ فَأُوْلَٰٓئِكَ مَعَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۖ وَسَوۡفَ يُؤۡتِ ٱللَّهُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ أَجۡرًا عَظِيمٗا
А бирок, эки жүздүүлүгүн таштап, тообо кылып Аллахка кайткандар, ичиндеги кирин тазарткандар, Аллахтын келишимин бекем кармагандар, иштерин элге көрсөтүү үчүн эмес, калыс Аллах үчүн кылгандар, мына ушул сыпаттар менен сыпатталгандар бул дүйнөдө да, акыретте да ыймандуулар менен бирге, жакында Аллах Таала ыймандууларга көп сооп-сыйын берет
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
مَّا يَفۡعَلُ ٱللَّهُ بِعَذَابِكُمۡ إِن شَكَرۡتُمۡ وَءَامَنتُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ شَاكِرًا عَلِيمٗا
Эгер Аллахка ишенип, Ага шүгүр кылсаңар, Аллах Таалага силерди азаптоонун кажети жок. Аллах Таала жакшылык кылуучу, ыйрайымдуу, Ал силерди күнөөңөр себептүү гана азаптайт. Эгер ишиңерди оңдосоңор, жакшылктарына шүгүр кылсаңар, ичиңерде да, тышыңарда да Ага ишенсеңер, силерди эч азаптабайт. Жакшылыгын моюндаган адамдарга Аллах Таала Шүгүр кылуучу, ал үчүн аларга сообун көп кылат, пенделеринин ыйманын жакшы билет, кийин ар бирин ошого жараша сыйлайт же жазалайт
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• بيان صفات المنافقين، ومنها: حرصهم على حظ أنفسهم سواء كان مع المؤمنين أو مع الكافرين.
Эки жүздүүлөрдүн сыпаттары баян кылынды, ал сыпаттарынын бири ыймандуулар менен болсо да, каапырлар менен болсо да өз напсилери үчүн ач көздүк кылганы

• أعظم صفات المنافقين تَذَبْذُبُهم وحيرتهم واضطرابهم، فلا هم مع المؤمنين حقًّا ولا مع الكافرين.
Эки жүздүүлөрдүн негизги сыпаттарынын бири алардын эки анжылыгы жана арсарлыгы, алар ыймандуулар менен да бирге эмес, каапырлар менен да бирге эмес

• النهي الشديد عن اتخاذ الكافرين أولياء من دون المؤمنين.
Ыймандууларды таштап, каапырларды дос кылып алууга катуу тыюу салынган

• أعظم ما يتقي به المرء عذاب الله تعالى في الآخرة هو الإيمان والعمل الصالح.
Кыяматта пендени Аллахтын азабынан сактай турган эң маанилүү иш ыйман жана жакшы иш-аракеттер

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߡߏ߬ߛߏ ߟߎ߬
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲