Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߞߏߟߊߒߞߘߐߢߐ߲߯ߦߊ   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:

Шура

ߝߐߘߊ ߟߊߢߌߣߌ߲ ߘߏ߫:
بيان كمال تشريع الله، ووجوب متابعته، والتحذير من مخالفته.
Аллахтын шариятынын толуктугу, аны аткаруунун зарылдыгы жана ага каршы чыгуудан сактануу тууралуу (айтылган).

حمٓ
Хаа. Миим. Айн. Сиин. Кааф. Ушуга окшогон сөздүн түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында айтылган.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
عٓسٓقٓ
Хаа. Миим. Айн. Сиин. Кааф. Ушуга окшогон сөздүн түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында айтылган.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
كَذَٰلِكَ يُوحِيٓ إِلَيۡكَ وَإِلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكَ ٱللَّهُ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Оо, пайгамбар! Душмандарынан өч алууда Кудуреттүү, башкаруусунда жана жаратуусунда Даанышман Аллах сага жана сенден мурунку пайгамбарларга ушул сыяктуу вахий түшүрөт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡعَظِيمُ
Жаратуу, бийлик кылуу, башкаруу жактан асмандардагы жана жердеги бүткүл нерселер Аллахка гана таандык. Ал Өз заты, кудурети жана каардуулугу менен Бийик, Өз затында Улук.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
تَكَادُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ يَتَفَطَّرۡنَ مِن فَوۡقِهِنَّۚ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يُسَبِّحُونَ بِحَمۡدِ رَبِّهِمۡ وَيَسۡتَغۡفِرُونَ لِمَن فِي ٱلۡأَرۡضِۗ أَلَآ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ
Аллахтын улуктугунан эбегейгиз жана бийик асмандар дагы кабат-кабат жердин үстүнөн жарылып кетчүдөй болуп турат. Ал эми периштелер Раббисин аруулашууда, Ага баш ийүү менен мактоолорду айтып улукташууда жана жер бетиндегилер үчүн Аллахтан кечирим сурашууда. Акыйкатта Аллах тообо кылган пенделерин Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ ٱللَّهُ حَفِيظٌ عَلَيۡهِمۡ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡهِم بِوَكِيلٖ
Ал эми Аллахтан башка айкелдерди жакын тутушуп, Аллах менен катар аларга сыйынгандардын иш-аракеттерин Аллах жазып күзөтүп турат жана ал үчүн аларга жазасын берет. Оо, пайгамбар! Сен алардын иш-аракеттерин сактоого жоопкер эмессиң жана алардын иш-аракеттери үчүн суралбайсың. Сен болгону жеткирүүчүсүң.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَكَذَٰلِكَ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ قُرۡءَانًا عَرَبِيّٗا لِّتُنذِرَ أُمَّ ٱلۡقُرَىٰ وَمَنۡ حَوۡلَهَا وَتُنذِرَ يَوۡمَ ٱلۡجَمۡعِ لَا رَيۡبَ فِيهِۚ فَرِيقٞ فِي ٱلۡجَنَّةِ وَفَرِيقٞ فِي ٱلسَّعِيرِ
Оо, пайгамбар! Сен Меккени жана анын айланасындагы араб шаарларын, ошондой эле бүткүл адамзатты эскертүүң үчүн жана Аллах абалкылар менен акыркыларды сурак жана жаза-сыйлык үчүн бир жайга чогулткан, шек-күмөнсүз боло турган кыямат күнүнөн адамдарды коркутууң үчүн Биз сенден мурунку пайгамбарларга вахий кылганыбыз сыяктуу сага дагы арабча Куранды вахий кылдык. Ал кезде адамдар эки топко бөлүнүшөт: бир тобу бейиштеги ыймандуулар, экинчи тобу тозоктогу каапырлар.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَهُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَلَٰكِن يُدۡخِلُ مَن يَشَآءُ فِي رَحۡمَتِهِۦۚ وَٱلظَّٰلِمُونَ مَا لَهُم مِّن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٍ
Эгер Аллах аларды Ислам динин тутунган бир үммөт кылууну каалаганда, аларды бир үммөт кылып, алардын баарысын бейишке киргизип коймок. Бирок Анын даанышмандыгынын талабына ылайык Ал Өзү каалаганды Исламга киргизип, аны бейишке киргизет. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылуу менен өздөрүнө зулумдук кылгандар үчүн аларды колдогон колдоочу жана Аллахтын азабынан куткарган жардамчы болбойт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
أَمِ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَۖ فَٱللَّهُ هُوَ ٱلۡوَلِيُّ وَهُوَ يُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Бирок мушриктер Аллахтан башкаларды колдоочу кылып алышты. Аллах Өзү гана чыныгы Колдоочу. Андан башкалар пайда да, зыян да келтире алышпайт. Ал өлүктөрдү сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайра тирилтет. Аны эч ким алсырата албайт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَمَا ٱخۡتَلَفۡتُمۡ فِيهِ مِن شَيۡءٖ فَحُكۡمُهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبِّي عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُ وَإِلَيۡهِ أُنِيبُ
Эй, адамдар! Силер дин негиздерине жана анын ичине кирген бөлүмдөргө байланыштуу кайсы бир нерседе талашып калсаңар, анын өкүмү Аллахта. Ал нерседе Анын Китебине же пайгамбарынын сүннөткө кайтсын. Менин Раббим мына ушундай сыпаттарга ээ, бүткүл иштеримде Ага гана таянам жана Ага гана тообо кылып кайтам.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• عظمة الله ظاهرة في كل شيء.
Аллахтын улуктугу бүткүл нерседе ачык билинип турат.

• دعاء الملائكة لأهل الإيمان بالخير.
Периштелердин ыймандууларга жакшылык тилеп дуба кылуусу.

• القرآن والسُنَّة مرجعان للمؤمنين في شؤونهم كلها، وبخاصة عند الاختلاف.
Куран менен сүннөт – ыймандуулар бүткүл иштеринде кайрылуучу түпкү булак, айрыкча талашып-тартышкан учурда.

• الاقتصار على إنذار أهل مكة ومن حولها؛ لأنهم مقصودون بالرد عليهم لإنكارهم رسالته صلى الله عليه وسلم وهو رسول للناس كافة كما قال تعالى: ﴿وَمَآ أَرسَلنُّكَ إلَّا كافةً لِّلنَّاس...﴾، (سبأ: 28).
Бул эскертүү меккеликтерге жана анын айланасындагыларга гана тиешелүү. Анткени, алар Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлыгын четке какканы үчүн аларга жооп кайтаруу максат кылынган. Ошондой эле ал бардык адамдарга жиберилген элчи экени маалым. Аллах Таала: «Биз сени бүткүл адамзатка пайгамбар кылып жибердик» деп айткан.

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߞߏߟߊߒߞߘߐߢߐ߲߯ߦߊ
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲