Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية * - Mealler fihristi

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Anlam tercümesi Ayet: (33) Sure: Sûratu'l-İsrâ
وَلَا تَقۡتُلُواْ ٱلنَّفۡسَ ٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۗ وَمَن قُتِلَ مَظۡلُومٗا فَقَدۡ جَعَلۡنَا لِوَلِيِّهِۦ سُلۡطَٰنٗا فَلَا يُسۡرِف فِّي ٱلۡقَتۡلِۖ إِنَّهُۥ كَانَ مَنصُورٗا
Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жандарды кыйбагыла! Акыйкат менен болсо, мейли. Кимде-ким зулумдук менен өлтүрүлсө, анын (маркумдун) ээлерине (өлтүрүүчүнүн үстүнөн толук) бийлик беребиз. Бирок, өлтүрүүдө ысырап кылбасын! Ал - жардам берилген адам.[1]
[1] Негизинен адам өлтүрүү - арам. Бирок, Ислам Дини Ислам бийлиги орногон мамлекеттерде кээ бир адамдардын исламдык коомго зыян берип тирүү жүрүшүн акыйкатсыздык деп баалап, аларды өлүмгө буюрат. Шариятта өлтүрүлүшү акыйкат болгон адамдар төрт тайпа: 1) Бирөөнү өлтүргөн адамдын туугандарына өч алып берүү үчүн анын өзүн өлтүрүү. 2) Никеде (эри же аялы) болуп туруп ойноштук кылгандар. 3) Динин алмаштырып, жааматтан ажырап кеткендер. 4) Зулумдугун токтотпогон зулумчулдар. Аллахтын Шарияты өлтүрүүчү кылмышкерди, маркумдун (сөөктүн) ээсинин колуна салып, ал Шарият (Акыйкат) тарабынан жардам берилген адам болуп турса да, өлтүрүүдө ысырап кылса (кылмышкердин оозу-мурдун тилип, кулактарын кесип, же анын ордуна башка бирөөнү өлтүрсө) албетте, бул чектен чыккандык (ысырап) болот.
Arapça tefsirler:
 
Anlam tercümesi Ayet: (33) Sure: Sûratu'l-İsrâ
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية - Mealler fihristi

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Kapat