Check out the new design

Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Kırgızca Tercüme - Şemsettin Hakimov * - Mealler fihristi

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Anlam tercümesi Sure: Sûratu'l-En'âm   Ayet:
وَقَالُواْ هَٰذِهِۦٓ أَنۡعَٰمٞ وَحَرۡثٌ حِجۡرٞ لَّا يَطۡعَمُهَآ إِلَّا مَن نَّشَآءُ بِزَعۡمِهِمۡ وَأَنۡعَٰمٌ حُرِّمَتۡ ظُهُورُهَا وَأَنۡعَٰمٞ لَّا يَذۡكُرُونَ ٱسۡمَ ٱللَّهِ عَلَيۡهَا ٱفۡتِرَآءً عَلَيۡهِۚ سَيَجۡزِيهِم بِمَا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Дагы алар (Аллахка жалаа жаап): “Мына бул жандыктар менен эгиндер - арам. Аларды биз каалагандан башка адамдар жебейт. Жана (мына бул) жаныбарлардын үстү(нө жүк жүктөө жана минүү) - арам. Ал эми (мына бул) жаныбарларга (аларды мууздап жатканда) Аллахтын атын айтууга болбойт” - дешти. (Бул сөздөрү) Аллахка жалаа! Аллах аларга жакында жалаа жапкандарына жараша жаза берет.
Arapça tefsirler:
وَقَالُواْ مَا فِي بُطُونِ هَٰذِهِ ٱلۡأَنۡعَٰمِ خَالِصَةٞ لِّذُكُورِنَا وَمُحَرَّمٌ عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِنَاۖ وَإِن يَكُن مَّيۡتَةٗ فَهُمۡ فِيهِ شُرَكَآءُۚ سَيَجۡزِيهِمۡ وَصۡفَهُمۡۚ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٞ
Дагы алар: “Мына бул жаныбарлардын курсагындагы (баласы) эркектерибизге - адал, аялдарыбызга - арам. Эгер өлүк (туулган) болсо, анда аял-эркеги шерик болушат (экөө тең жей берет)” - дешти. Аллах аларды (Өзү адал кылганды “арам” деп, арам кылганын “адал” деп) сыпаттагандары үчүн жакын арада жазалайт. Ал Даанышман, Билүүчү.
Arapça tefsirler:
قَدۡ خَسِرَ ٱلَّذِينَ قَتَلُوٓاْ أَوۡلَٰدَهُمۡ سَفَهَۢا بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَحَرَّمُواْ مَا رَزَقَهُمُ ٱللَّهُ ٱفۡتِرَآءً عَلَى ٱللَّهِۚ قَدۡ ضَلُّواْ وَمَا كَانُواْ مُهۡتَدِينَ
Илимисиздик жана кем акылдык менен балдарын өлтүрүп, өздөрүнө Аллах ырыскы кылып берген нерселерди Аллахка жалаа жабуу менен арамга чыгаргандар (өздөрүнө) зыян кылышты. Алар таптакыр адашып кетишти жана туура жолго түшүүчүлөрдөн болушпады.
Arapça tefsirler:
۞ وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَ جَنَّٰتٖ مَّعۡرُوشَٰتٖ وَغَيۡرَ مَعۡرُوشَٰتٖ وَٱلنَّخۡلَ وَٱلزَّرۡعَ مُخۡتَلِفًا أُكُلُهُۥ وَٱلزَّيۡتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُتَشَٰبِهٗا وَغَيۡرَ مُتَشَٰبِهٖۚ كُلُواْ مِن ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثۡمَرَ وَءَاتُواْ حَقَّهُۥ يَوۡمَ حَصَادِهِۦۖ وَلَا تُسۡرِفُوٓاْۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُسۡرِفِينَ
Ал (силер үчүн, сөңгөктөргө) көтөрүлө турган жана көтөрүлбөй турган бактарды, курма жана ар түркүн мөмөлүү эгиндерди (бутак-жалбырагы) бири-бирине окшогон, (мөмөсү менен даамы) окшошпогон зайтун-анарларды өндүрдү. Мөмөлөгөн кезде андан жегиле жана түшүм жыйнаган күнү акысын (үшүрүн) бергиле жана ысырап кылбагыла! Ал ысырапкерлерди сүйбөйт.
Arapça tefsirler:
وَمِنَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ حَمُولَةٗ وَفَرۡشٗاۚ كُلُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ وَلَا تَتَّبِعُواْ خُطُوَٰتِ ٱلشَّيۡطَٰنِۚ إِنَّهُۥ لَكُمۡ عَدُوّٞ مُّبِينٞ
Жандыктардан жүк ташыгандарын жана (мууздоо үчүн) жаткырыла тургандарын (жаратты). Аллах силерге ырыскы катары берген нерселерден жегиле. Шайтандын изинен ээрчип кетпегиле! Ал силерге анык душман.[1]
[1] Шайтан өзүнүн жолуна ээрчигендерге Аллах адал кылган ырыскыларды “арам” деп ишендирүүгө, илхам берүүгө аракет кылат. Жогоруда (139-аят) баяндалган мушриктер шайтандын сөзүнө кирип, кээ бир малдарды жана али туула элек, курсактагы жандыктарды өз ойлоруна эле таянып “Мунусу адал, тигиниси арам” дешип, анан: “Бул Аллахтын өкүмү” дешет эле. Бирок, кийинки (143) аятта Аллах таала үй жандыктарынан сегиз жуп (кой-эчки, төө-уй, бир эркек, бир ургачы болуп сегиз болот) жаратканын айтат жана аларды эмне себептен арам кылып жатышкандыгын далил менен суроону пайгамбарына буюрат.
Arapça tefsirler:
 
Anlam tercümesi Sure: Sûratu'l-En'âm
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Kırgızca Tercüme - Şemsettin Hakimov - Mealler fihristi

Şemseddin Hakimov Abdülhalik tarafından tercüme edilmiştir, Rowad Tercüme Merkezi gözetiminde geliştirilmiştir.

Kapat