Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук.[1]
[1] Табеин уламаларынан бири Катааданын күбөлүк беришинче жылдыздар үч максат: Асманга кооздук-зыйнат, адашкан жолоочуларга жол көргөзгүч, шайтандарга таш бараң үчүн жаратылган.(Табарий) Демек жылдыздарга карап төлгө ачуу, эртеңки күндөн кабар берүү жана ал төлгөлөргө ишенүү - бул анык адашуу жана каапырчылык.
(Тозок өзүнө ташталган каапырлардан) каардангандан улам жарылып кеткидей болот! Ар качан ага бир жамаат (каапырлар) ташталганда, анын (периште) кароолчулары: «Эмне силерге (ушул тозок жөнүндө) кабар берген пайгамбар келбеди беле?» – деп сурайт.
Алар айтышат: “Ооба, ырас бизге эскертүүчү-пайгамбар келген. Бирок, биз аны жалганчыга чыгарып: «Аллах (силерге) эч нерсе түшүргөн эмес! Силер эң чоң адашуудагы адамсыңар!» дегенбиз”.
(Көкүрөктөгү сырларды) Жараткан билбей калат бекен?! Ал Латийф[1] (жана бардыгынан) Кабардар го!
[1] “Ал-Латийф” «Иште же мамиледе өтө жумшак», «Өтө терең илимдүү». Аллах тааланын өтө назик, терең илими менен кылган иштери жана мамилеси «лутф» деп аталат. Аллах тааланын пенделерине кылган лутфу – жумшактыгы өтө чексиз, муну айтып бүтүрүү мүмкүн эмес.
Ал силер үчүн жерди моюн сунуучу кылып койду. Эми, анын чар тарабында жүрүп, (Аллахтын) ырыскыларынан жей бергиле! Кайра тирилип баруу – анын Өзүнө гана![1]
[1] Аллах таала моюн сундуруп койгону себептүү Эне-Жер титиреп жарылып кетпей, биз анын койнунда каалаган багытыбызга басып, аман-эсен соода-сатыгыбызды, дыйканчылык-тиричилигибизди өткөрүп, Аллах таала чачып койгон ырыскыларыбызды терип, жеп жүрөбүз. Капырлар эмне үчүн ушул ырайымдуулукка жооп иретинде Аллах таалага шүгүр (ибадат) кылышпайт?! Же Анын Өзүнө кайтып барбайбыз деп ойлошобу?!
(Эй, каапырлар) асмандагы Зат[1] силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн (тап-такыр) тынчсыңарбы?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи?!
[1] Бул аяттагы “асмандагы Зат” ким экени жөнүндө аалымдар арасында талаш бар. Бул котормодон мурунку, А. Ысмаилов, С. Доолов, Д. Абдылдаев жана С. Гавайлардын котормосунда дагы “асмандагы Зат – бул Аллах” деп шилтеме берилген. (563-бет). Улук пайгамбарыбыз “Ким жердегилерге ырайым кылса, ага асмандагы ырайым кылат” деген. (Сахиху Абу Дауд, Сахиху Термизий) Имам Табарий дагы өзүнүн тафсиринде “асмандагы – бул Аллах” деген.
Же болбосо, силер, асмандагы (Аллах) үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында (Менин) эскертүү(м) кандай экенин билип аласыңар!
Алар төбөсүндөгү канатын (бир) жайып (бир) жыйнап турган кушка карашпайбы?! Аны (ободо ырайымдуу) Рахман гана кармап турат! Ал - ар бир нерсени Көрүүчү!
Эгер (Аллах) Өз ырыскысын токтотуп койсо, силерге ырыскы таап бере ала турган ким?! Жок! (каапырлар дагы эле) катаалдыгын, (исламды) жек көрүүсүн улантып жатышат!
Качан гана аны (тозокту) жакындан көрүшкөндө каапыр болгондордун жүздөрү карарып кетет жана аларга: «ушул силер («качан-качан» деп) шаштырган нерсеңер!» - деп айтылат.[1]
*[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам ушул сөздөрдү Мекке мушриктерине айтканда алар бул насааттарды укмак түгүл «Кайра тирилесиңер дейсиң. Койчу бул сөзүңдү. Эгер болчу болсо, тезирээк болтурбайсыңбы?» дешип шылдың кылышты.
Айткын: «(Ойлонуп) көрбөйсүңөрбү, эгер мени жана мени менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды Аллах (силер тилегендей) өлтүрчү болсо (бизге Акыреттик бейиш даяр) же (узун өмүр берип) бизге ырайым кылса (Өзүнө сыйынып, шүгүр кылып жашай беребиз. Ал эми, силердин жаныңарды алчу болсо) анда силерди катуу азаптан ким сактап калат?!
Айткын: «Ал – Рахман (Ырайымдуу)! Биз Ага ыйман келтирдик жана тобокел кылдык. А, силер (эй, каапырлар), ким анык адашууда экенин жакында билип аласыңар![1]
[1] Аллах тааланын “жакында” дегени кыямат кайым. Кыяматка чейин дагы бир нече он, балким бир нече жүз, балким бир нече миң, а балким бир нече миллион жыл бардыр. Бул мөөнөт биз – инсандар үчүн өтө алыс. Ал эми, Аллах үчүн арзыбаган убакыт.
Айткын: «(Эй, каапырлар) ойлонуп көрбөйсүңөрбү, эгерде силердин сууңар жер астына сиңип кетсе, анда силерге аккан сууну ким келтирип берет?[1]
[1] Аллах тааланын жаратылыш мыйзамына ылайык жер суулары күн ысыгы менен бууланып, асманга көтөрүлүп, булуттар пайда болот. Анан Аллах таала аларды муктаж пенделерине асмандан жамгыр кылып жаадырып, натыйжада дарыя, булак, кудук суулары пайда болот. Эми, Өзүнүн амири менен жер кыртышындагы суулар эң терең катмарга сиңип кетсе жана Аллах асмандан жамгыр жаадырбай койсо, нашүкүр пенделерге сууну Аллахтан башка “кудайлары” жаадырып бере алабы?!
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Arama sonuçları:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".