Check out the new design

Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Sure: Sûratu Âl-i İmrân   Ayet:
وَمَآ أَصَٰبَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡتَقَى ٱلۡجَمۡعَانِ فَبِإِذۡنِ ٱللَّهِ وَلِيَعۡلَمَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Ухуд күнү силер менен мушриктер жолуккандагы өлүм, жаракат жана башка кыйынчылыктар Аллахтын уруксаты жана тагдыры менен болду. Бул чыныгы момундарды ажыратуудагы Аллахтын жеткиликтүү даанышмандыгы
Arapça tefsirler:
وَلِيَعۡلَمَ ٱلَّذِينَ نَافَقُواْۚ وَقِيلَ لَهُمۡ تَعَالَوۡاْ قَٰتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ أَوِ ٱدۡفَعُواْۖ قَالُواْ لَوۡ نَعۡلَمُ قِتَالٗا لَّٱتَّبَعۡنَٰكُمۡۗ هُمۡ لِلۡكُفۡرِ يَوۡمَئِذٍ أَقۡرَبُ مِنۡهُمۡ لِلۡإِيمَٰنِۚ يَقُولُونَ بِأَفۡوَٰهِهِم مَّا لَيۡسَ فِي قُلُوبِهِمۡۚ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا يَكۡتُمُونَ
Ошондой эле силердин араңардагы мунафыктарды ачыкка чыгаруу үчүн болду. Аларга: Аллахтын жолунда согушкула же жөн эле мусулмандардын караанын көбөйтүп биз менен чогуу чыккыла - дегенде, алар: Биз силер менен чыкмакпыз, бирок силер менен бутпарастардын ортосунда эч кандай согушту көрбөй эле турабыз - дешти. Ушинтишкен учурда алардын абалы ыймандууларга эмес, каапырларга кобүрөөк окшоп турду. Тилдери жүрөгүндө болбогон нерсени айтып жатты. Аллах Таала алар ичине жашырган нерсени билет, кийин аларды ошого жараша жазалайт
Arapça tefsirler:
ٱلَّذِينَ قَالُواْ لِإِخۡوَٰنِهِمۡ وَقَعَدُواْ لَوۡ أَطَاعُونَا مَا قُتِلُواْۗ قُلۡ فَٱدۡرَءُواْ عَنۡ أَنفُسِكُمُ ٱلۡمَوۡتَ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Ошентип согушка чыкпай калып калгандар, Ухуд согушуна барып жапа чеккендери тууралуу: Эгер булар чыкпай койгондо минтип өлүмгө учурабайт эле - дешет. Эй, пайгамбар, алардын айтканын четке кагып: Алар бизди укканда өлбөйт эле деген сөзүңөр чындыкка жакын болсо жана согушка чыкпай үйдө отуруу адамды өлүмдөн сактап кала турган болсо, өлүм келген учурда силер өзүңөрдү өлүмдөн алып калгылачы, - деп айт
Arapça tefsirler:
وَلَا تَحۡسَبَنَّ ٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ أَمۡوَٰتَۢاۚ بَلۡ أَحۡيَآءٌ عِندَ رَبِّهِمۡ يُرۡزَقُونَ
Оо, пайгамбар, Аллах жолундагы жихадда шейит болгондлорду өлүк деп ойлобогула. алар Жаратуучусунун алдында кереметтүү орунда өздөрүнө гана тиешелүү жашоодо тирүү. Аллахтан башка эч ким билбеген түрдүү ырыскыларды жешет
Arapça tefsirler:
فَرِحِينَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦ وَيَسۡتَبۡشِرُونَ بِٱلَّذِينَ لَمۡ يَلۡحَقُواْ بِهِم مِّنۡ خَلۡفِهِمۡ أَلَّا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Аларды бакыт ороп, шаң курчаган, мунун баарын аларга Аллах Өзүнүн артыкчылыгы менен берген. Алар бул жакта бул дүйнөдө калган бир туугандарын күтүшөт. Эгер алар да жихадда шейит болшуса, булар сыяктуу жыргалды табышат. Аларда акырет иштеринен коркуп чочулоо болбойт, ошондой эле дүйнөдо жасаган иштерине өкүнбөйт
Arapça tefsirler:
۞ يَسۡتَبۡشِرُونَ بِنِعۡمَةٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَضۡلٖ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجۡرَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
мындан сырткары Аллах аларга даярдап койгон чоң соопторго кубанышат. Аллах Таала момундардын сообун кемитпейт, аны толук берет жана кошумча кошот
Arapça tefsirler:
ٱلَّذِينَ ٱسۡتَجَابُواْ لِلَّهِ وَٱلرَّسُولِ مِنۢ بَعۡدِ مَآ أَصَابَهُمُ ٱلۡقَرۡحُۚ لِلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ مِنۡهُمۡ وَٱتَّقَوۡاْ أَجۡرٌ عَظِيمٌ
Ухуд согушунда жапа чегип турганыңарда, анын артынан эле "Хамра ал-Асад" согушуна аттангыла деген Аллахтын жана Анын элчисинин буйругуна баш ийип, жаракаттарына карабай аттанып чыккандарга, алардан амалдарын жакшы аткаргандарга, Аллахтын буйругун аткарып, күнөөдөн тыйылып такыба болгондорго Аллахтын чоң сыйлыгы бар, ал - бейиш
Arapça tefsirler:
ٱلَّذِينَ قَالَ لَهُمُ ٱلنَّاسُ إِنَّ ٱلنَّاسَ قَدۡ جَمَعُواْ لَكُمۡ فَٱخۡشَوۡهُمۡ فَزَادَهُمۡ إِيمَٰنٗا وَقَالُواْ حَسۡبُنَا ٱللَّهُ وَنِعۡمَ ٱلۡوَكِيلُ
Бутпарастардан бирөөлөрү келип: Курайштар Абу Суфянды башчы кылып, көп кол топтоп, силер менен согушканы турат, - деп коркутканда, бул коркутуу ыймандуулардын Аллахка ишенимин жана Аллахтын убадасына болгон үмүтүн күчөттү. Анан: Бизге Аллах жетиштүү,Ал, ишибизди ишенип тапшыра турган эң жакшы Колдоочу - деп, согушка аттанышты
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• من سنن الله تعالى أن يبتلي عباده؛ ليتميز المؤمن الحق من المنافق، وليعلم الصادق من الكاذب.
Пенделерин сыноо Аллахтын мыйзамдуу жолу, сыноо аркылуу чыныгы момундан мунафыкты, чынчылдан жалганчы ажыратат

• عظم منزلة الجهاد والشهادة في سبيل الله وثواب أهله عند الله تعالى حيث ينزلهم الله تعالى بأعلى المنازل.
Аллах жолунда жихадга чыгуу, шейит болуу адамдын даражасын көтөрө турган иш, алардын сообу, Аллах аларды эң бийик орунга, бейишке киргизет

• فضل الصحابة وبيان علو منزلتهم في الدنيا والآخرة؛ لما بذلوه من أنفسهم وأموالهم في سبيل الله تعالى.
Сахабалардын даражасы бул дүйнөдө да, акыретте да жогору, өзгөчө артыкча жандар, анткени, алар Аллах жолунан малын да, жанын да аяган эмес

 
Anlam tercümesi Sure: Sûratu Âl-i İmrân
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi - Mealler fihristi

Kur'an Araştırmaları Tefsir Merkezi Tarafından Yayınlanmıştır.

Kapat