Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Ayet: (171) Sure: Sûratu'n-Nisâ
يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَا تَغۡلُواْ فِي دِينِكُمۡ وَلَا تَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡحَقَّۚ إِنَّمَا ٱلۡمَسِيحُ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ رَسُولُ ٱللَّهِ وَكَلِمَتُهُۥٓ أَلۡقَىٰهَآ إِلَىٰ مَرۡيَمَ وَرُوحٞ مِّنۡهُۖ فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦۖ وَلَا تَقُولُواْ ثَلَٰثَةٌۚ ٱنتَهُواْ خَيۡرٗا لَّكُمۡۚ إِنَّمَا ٱللَّهُ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ سُبۡحَٰنَهُۥٓ أَن يَكُونَ لَهُۥ وَلَدٞۘ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا
Оо, элчи, Инжилдин ээси болгон христиандарга айт: Диниңерде аша чаппагыла, Аллах Таалага Иса пайгамбар тууралуу чындыкты гана айткыла, чынында Мариямдын уулу Иса Масих чыныгы дин менен Аллах Таала чыгарган элчи, аны Жебирейилди Мариямга жиберип Өзүнүн бир ооз сөзү менен жараткан, ал сөзү "бол" деген сөз, ошону менен "болуп" калды. Ал Аллахтын буйругу менен Жебирейил үйлөгөн Аллахтын деми. Аллахка жана Анын элчилерине бири-биринен ажыратпастан ишенгиле. Аллахты үчөө дебегиле, бул жалган, бузуку сөзүңөрдү токтоткула, токтотконуңар дүйнө жана акыретте өзүңөргө жакшы. Аллах Таала чынында Жалгыз шериги, баласы болуудан аруу-таза, Ал муктаж эмес, Асмандагы, жердеги жана булардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Аныкы, асман-жердегинин баарын көзөмөлдөп, башкарууга Жетиштүү
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• بيان أن المسيح بشر، وأن أمه كذلك، وأن الضالين من النصارى غلوا فيهما حتى أخرجوهما من حد البشرية.
Иса пайгамбар инсан экени, анын энеси да инсан экени, аша чапкан христиандар аларды инсандык чектен чыгарып жибергени баян кылынды

• بيان بطلان شرك النصارى القائلين بالتثليث، وتنزيه الله تعالى عن أن يكون له شريك أو شبيه أو مقارب، وبيان انفراده - سبحانه - بالوحدانية في الذات والأسماء والصفات.
Христиандардын үч илтик ширки жалган,жарксыз экени, Аллах Тааланын шериги, окшошу, жакыны жок экени баяндалды. Ошондой эле, Аллах Таала затында жана ысым-сыпаттарында Жалгыз экендиги баяндалды.

• إثبات أن عيسى عليه السلام والملائكة جميعهم عباد مخلوقون لا يستكبرون عن الاعتراف بعبوديتهم لله تعالى والانقياد لأوامره، فكيف يسوغ اتخاذهم آلهة مع كونهم عبيدًا لله تعالى؟!
Иса пайгамбар жана баардык периштелер жаратылган кул экени, Аллахка кулчулук кылуудан баш тартпасы, Анын буйруктарына баш ийери бекемделди. Алар өздөрү Аллахка кул болуп жатышса, аларды кудай кылып алганыңарга кандай түшүнсө болот?!

• في الدين حجج وبراهين عقلية تدفع الشبهات، ونور وهداية تدفع الحيرة والشهوات.
Динде күмөн-шекти жок кыла турган акылга сыярлык далилдер толтура, ошондой эле каалоо, кумарларды кетире турган туура жол жана нур бар

 
Anlam tercümesi Ayet: (171) Sure: Sûratu'n-Nisâ
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mealler fihristi

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Kapat