Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Ayet: (24) Sure: Sûratu'n-Nisâ
۞ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلنِّسَآءِ إِلَّا مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۖ كِتَٰبَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡۚ وَأُحِلَّ لَكُم مَّا وَرَآءَ ذَٰلِكُمۡ أَن تَبۡتَغُواْ بِأَمۡوَٰلِكُم مُّحۡصِنِينَ غَيۡرَ مُسَٰفِحِينَۚ فَمَا ٱسۡتَمۡتَعۡتُم بِهِۦ مِنۡهُنَّ فَـَٔاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ فَرِيضَةٗۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ فِيمَا تَرَٰضَيۡتُم بِهِۦ مِنۢ بَعۡدِ ٱلۡفَرِيضَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Ошондой эле күйөөсү бар аялдарга никеленүүңөр арам, бирок кол алдыңарга туткун болуп келген күң аялдарга алар бир айыз көрүп тазалангандан кийин кошула берсеңер болот. Мына ушуларды Аллах силерге милдет кылды. Эми жогоруда айтылгандан башка аялдар силерге адал, зынаны максат кылбай, таза-адал жол менен алардын Аллах силерге милдет кылган махырларын берип, никелене бергиле. Никеден кийин келишимиңерди өзгөртүп, силер аларга айтылгандан көп берсеңер, же алар айтылгандын кээсин. же баарын алуудан баш тартса мында эч кимге күнөө жок. Аллах Таала чынында пенделерин билип турат, Ага эч нерсе жашыруун эмес, башкарууда жана шарият кылууда Даанышман.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• حُرمة نكاح المتزوجات: حرائر أو إماء حتى تنقضي عدتهن أيًّا كان سبب العدة.
Мейли эркин, мейли күң болсун алар идданын кайсы туру болсо да толук өтөмөйүнчө никеленүү арам.

• أن مهر المرأة يتعين بعد الدخول بها، وجواز أن تحط بعض مهرها إذا كان بطيب نفس منها.
Аялдын махыр акысы ага кошулгандан кийин дайындалат, эгер кааласа, махыр өлчөмүн азайтат

• جواز نكاح الإماء المؤمنات عند عدم القدرة على نكاح الحرائر؛ إذا خاف على نفسه الوقوع في الزنى.
Эгер эркин аялдарга үйлөнүүгө кудурети жетпесе жана зынага бут коюу коркунучу болсо, анда күң аялдарга үйлөнүүгө уруксат

• من مقاصد الشريعة بيان الهدى والضلال، وإرشاد الناس إلى سنن الهدى التي تردُّهم إلى الله تعالى.
Шарияттын негизги максаты туура жол менен адашууну баяндоо, адамдарды Аллах Таалага алып бара турган түз жолго салуу

 
Anlam tercümesi Ayet: (24) Sure: Sûratu'n-Nisâ
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mealler fihristi

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Kapat