Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Ayet: (25) Sure: Sûratu'n-Nisâ
وَمَن لَّمۡ يَسۡتَطِعۡ مِنكُمۡ طَوۡلًا أَن يَنكِحَ ٱلۡمُحۡصَنَٰتِ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ فَمِن مَّا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُم مِّن فَتَيَٰتِكُمُ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۚ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِإِيمَٰنِكُمۚ بَعۡضُكُم مِّنۢ بَعۡضٖۚ فَٱنكِحُوهُنَّ بِإِذۡنِ أَهۡلِهِنَّ وَءَاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِ مُحۡصَنَٰتٍ غَيۡرَ مُسَٰفِحَٰتٖ وَلَا مُتَّخِذَٰتِ أَخۡدَانٖۚ فَإِذَآ أُحۡصِنَّ فَإِنۡ أَتَيۡنَ بِفَٰحِشَةٖ فَعَلَيۡهِنَّ نِصۡفُ مَا عَلَى ٱلۡمُحۡصَنَٰتِ مِنَ ٱلۡعَذَابِۚ ذَٰلِكَ لِمَنۡ خَشِيَ ٱلۡعَنَتَ مِنكُمۡۚ وَأَن تَصۡبِرُواْ خَيۡرٞ لَّكُمۡۗ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, эркектер, эгер мал-келиңер жок, эркин аялдарга үйлөнө албасаңар, бирөөлөрдүн кол астындагы күң аялдарга, эгер алар ыймандуу болсо үйлөнсөңөр болот. Аллах Таала ыйманыңардын акыйкатын жана ички абалыңарды жакшы билет. Силер алар менен динде да, инсанияттыкта да бирдейсиңер. Аларга үйлөнүүдөн баш тартпагыла. Алардын кожоюнунун уруксаты менен үйлөнгүлө. Алардын махыр акысын толук жана кечиктирбей бергиле. Мунун баары эгер алар зына кылуучу болбосо жана зына кылуу үчүн жашыруун ойнош күтпөсө. А эгер аларга үйлөнгөндөн кийин алар зынага барса, анда алардын жазасы эркин аялдардын жазасынын жарымындай, элүү балак урулат, эркин аялдардан айырмаланып алар таш бараң кылынбайт. Жогоруда айтылган ушул таза-топук күң аялдарга үйлөнүүгө берилген уруксат, эркин аялдарга үйлөнүүгө кудурети жетпей, бирок зинага бут коюу коркунучу бар эркектер үчүн. Ушундай учурда күң аялдарга үйлөнүүгө сабыр кылуу жакшы. Аллах Таала пенделеринен тообо кылгандарын Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. Аллах Тааланын ырайымдуулугунун бир белгиси мына ушул, силер эркин аялдарга үйлөнө албай, зынага бут коюу коркунучу болгон учурда күң аялдарга үйлөнүүгө уруксат бергени
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• حُرمة نكاح المتزوجات: حرائر أو إماء حتى تنقضي عدتهن أيًّا كان سبب العدة.
Мейли эркин, мейли күң болсун алар идданын кайсы туру болсо да толук өтөмөйүнчө никеленүү арам.

• أن مهر المرأة يتعين بعد الدخول بها، وجواز أن تحط بعض مهرها إذا كان بطيب نفس منها.
Аялдын махыр акысы ага кошулгандан кийин дайындалат, эгер кааласа, махыр өлчөмүн азайтат

• جواز نكاح الإماء المؤمنات عند عدم القدرة على نكاح الحرائر؛ إذا خاف على نفسه الوقوع في الزنى.
Эгер эркин аялдарга үйлөнүүгө кудурети жетпесе жана зынага бут коюу коркунучу болсо, анда күң аялдарга үйлөнүүгө уруксат

• من مقاصد الشريعة بيان الهدى والضلال، وإرشاد الناس إلى سنن الهدى التي تردُّهم إلى الله تعالى.
Шарияттын негизги максаты туура жол менен адашууну баяндоо, адамдарды Аллах Таалага алып бара турган түз жолго салуу

 
Anlam tercümesi Ayet: (25) Sure: Sûratu'n-Nisâ
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mealler fihristi

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Kapat